Өткөн жылдын акыркы күндөрүндө коңшу Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери барымтада жаткан кыргыз жаранын бошотушту. Кыргыз жараны кантип Тажикстанга барып калган, аны эмне үчүн барымтада кармашкан деген суроолор менен жабырлануучу Акжол Калбаевге кайрылып, окуя тууралуу уктук. Анын айтып бергендери кадимки Голливуд боевиктеринен айырмаланбайт. Дагы жакшы, окуя терс каармандардын колго түшүүсү менен аяктаган.
ОКУЯ ТУУРАЛУУ
2016-жылдын 14-декабрь күнү Ош облусундагы Кара-Суу районунун 31 жаштагы тургуну Акжол Калбаев досу менен мурун чогуу бизнес кылып жүргөн тажик жараны Набижон Набиевге автоунаа сатканы Тажикстандын Ходжент шаарына барышкан. Ал таанышы башка шериктери менен биргеликте конокторун барымтага алып калышкан. Ал жерден досун сабап, "мен баңгизатын колдоном" деп айттырып видеого тартып алышкан. Кийин досун кетирип жиберишкен дагы Акжол Калбаевди алып калып, анын туугандарынан акча талап кылышкан.
18-декабрь күнү алар барымтадагы адамды Ходженттен Душанбеге алып барышкан. Жабырлануучунун айтымында, ошол учурда ага качууга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Душанбе шаарында дагы 6 күн барымтада кармалып турган Акжол Калбаев 24-декабрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан бошотулган. 29-декабрга чейин тергөөдө көрсөтмө берип, 30-декабрь күнү Кыргызстанга кайтып келди.
Кылмышкерлер талап кылган 23 миң доллардын 3 миңин алып, калган 20 миңин алууга үлгүрүшкөн эмес. Учурда Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан 6 адам камакка алынып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголду.
"МЕНИ АЛДАП ЧАКЫРЫШКАН ЭКЕН"
Жабырлануучу Акжол Калбаевге байланышканыбызда, ал окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Набижон Набиев менен 2011-жылдан бери таанышмын. Үй-бүлөлүк катышыбыз да бар эле. Ошко келгенде мен аны сыйлап жөнөтчүмүн, Тажикстанга иштер менен барганымда анын балдары мага жардам беришчү. Жакшылык-жамандыктарда катышып турчубуз.
Ал мага "машина караштырып бер" деген болчу, ошондуктан 14-декабрь күнү досум экөөбүз Набижонго Хаммер үлгүсүндөгү унааны сатуу үчүн Тажикстандын Ходжент шаарына барганбыз. Хаммерди көрүп Набижон байке "Ошко берчү белек бар, ошону ала кеткиле" деп калды. Үйүнө барсак, ал жөнөтө турган белек кылыч экен. Аны колума алып карап жатсам эле баласы Хаким Набиев башыма катуу нерсе менен уруп жиберди. Эсимди жоготуп коюптурмун, өзүмө келсем буту-колумду байлап, оозумду скотчтоп салышыптыр. Досумдун колуна бычак берип, мени өлтүрүп жаткандай кылып сүрөткө тартышты. "Эгерде бирөөгө айтсаң, ушул абалга сен да келесиң" деп коркутуп, анан аны кетирип жиберишти да мени алып калышты. Дагы 2 күн өткөндөн кийин мага "үйүңө телефон чал да, "акча жөнөткүлө" деп айт" дешти. Бычак такап турушкандыктан "барымтада калдым, мага 23 миң доллар жөнөткүлө. Карызым бар болчу, ошону төлөп беришим керек" деп айттым. Аны укканда апамдын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жатып калыптыр. Анын эртеси Оштон Тажикстанга иним барды. Менин жылаңач, колу-бутум байланып турган сүрөтүмдү тартып, инимдин өзүн кошо тартып, "акең тирүү, акчаны сөзсүз которгула" деп аны кетиришти. Интернетке таркап кеткен сүрөттөр ошолор.
"ТУУГАНДАРЫҢ АКЧА БЕРБЕСЕ КУЛЧУЛУККА САТАБЫЗ ДЕШТИ"
– Эртеси туугандарым 3 миң доллар которушкан экен, аны алган тажиктер "сага белек алып келдик" деп мени мыскылдашып, чынжыр, кишен сатып келип, аны менен буту-колумду байлап коюшту. Бошоткуча алар мени аябай тепкилеп, бычак менен сайгылап, "кылыч менен көзүңдү оёбуз" деп мазакташты.
Алар "эгерде бизге керек адамдарды Тажикстанга алып келип берсең, анда сени аларга алмаштырып жиберебиз" дешкен. Мен алар айткан адамдарды тааныбайт да, билбейт да болчумун. Мурда Набижон Набиевдин Ош шаарында жүк ташуучу "Голд тур Транс" деген фирмасы бар болчу. Иштеп жүрүп өздөрүнө душман арттырып алып, ошолор буларды алдап кеткен окшойт. Ал адамдарды мен аркылуу таап алуу же өч алуу алардын башкы максаты болгон. 23 миң доллар бул жөн гана баш айлантма сценарий.
Барымтада кармап турушканда экөө мага 4 маал тамак берип турду, дагы экөө келип сабап турушту. Алар арматура менен буттарыма чаап, кайра аны кебез менен тазалап, таңып турушту. "Туугандарың акча бербей койсо, биз сени Ооганстанга кулчулукка сатып жиберебиз" дешти.
"ТАЖИК ДОСТОРУМ АРКЫЛУУ БОШОТУЛДУМ"
– Мени тажиктер барымтага алып, кайра ошол эле жердеги тажик досторум аркылуу бошотулдум. Анткени Набижонго жолугардын алдында башка тажик досторум менен иш бүткөндөн кийин чогулуп, аш жейбиз деп сүйлөшкөн элек. Алар менин ошол бойдон кабарсыз кеткениме тынчсызданып, издей башташкан экен.
Ал эми 20 миң долларды Фархад деген бир жигиттин атына салдыртып, анан ошол алды кылып коюшмак экен. Дагы жакшы, алар банкка барганда банк кызматкерлери "мынча чоң сумманы бере албайбыз" деп коюшуптур. Ошондо Фархад Тажикстандын УКМКсына арызданып барыптыр. Тажикстандын УКМК кызматкерлери Душанбе шаарындагы мен барымтада жаткан үйгө кирип, мени куткарышты.
Азыр ден соолугум жакшы, баары жайында. Кыргыз болгондон кийин эт, чучук көп жегендиктенби, айтор, күчтүү келет экенбиз, ден соолугум бат эле калыбына келди.
"КЫЛМЫШ ЧӨЙРӨСҮНӨ ТИЕШЕМ ЖОК"
Мындан 4 жыл мурун Акжол Калбаев башка адамдар менен чогуу бирөөнү коркутуп, анын 2 автоунаасын алып койгон деп шектелип кармалгандыгы тууралуу ИИМ билдиргендиги интернет булактарына жарыяланган. Биз ушул окуя боюнча да сураганыбызда Акжол Калбаев буларды айтып берди:
– Ноокатта Мухтаржан Айтбаев деген киши мага карыз болчу. Ошол акчаны доолап барганымда ал "бирөөдөн ала турган аласам бар, ошондон алып берем" деп мени жанына ээрчитип барган эле. Ал бирөөлөрдү коркутуп акча алып, мага берген окшойт, анан тиги тарап милицияга арыз жазышкан экен. Ошондо мен күбө катары көрсөтмө бергем.
Мен тууралуу "киши өлтүрүүгө аракет кылып соттолгон" деген да маалымат бар экен. Аны да тактап кетсем, 2006-жылы балдар менен мушташа кетип, менин үстүмдөн "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголуп, айып төлөгөм.
Ошондой эле Ош, Жалал-Абаддын "смотрящийи" делген Кадыр Досонов менен эч кандай мамиледе эмесмин жана кылмыш чөйрөсүнө тиешем жок.
Бул боюнча Ош ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаевге кайрылганыбызда, ал Акжол Калбаев мурда күбө катары гана көрсөтмө берип, сот жообуна тартылбаганын тастыктады.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg