Клип, тасмаларга тартылып жүргөн кыздардын көбү чыныгы жашоодо да сүрөттөгүдөй боёнуп, шиш така кийип, кериле басып жүрүшөт. Кыскасы, "бул тиги клиптеги же тасмадагы кыз" деген статусту карманганы аракеттенишет сыягы. Кезектеги каарманыбыз Назбийке менен маек куруу астында мен дал ошондой кызды күткөм. Кала берсе, ал тууралуу маалымат чогултуп жатканымда "аябай боюн көтөргөн кыз" деген кептерди уккам. Жолугушууга такыр боёнбогон, арык, акырын сүйлөгөн жөнөкөй кыз келгенде кандай таң калганымды айтпай эле коёюн. Андан көрө көңүлүңүздү биздин маектешүүнүн жыйынтыгына бурайын.
КААРМАН ТУУРАЛУУ:
Туулган жылы,
күнү – 1997-жыл, 10-август
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кош-Дөбө айылы
Билими – Политехникалык университетинин гидроэнергетика факультетинин 2-курсунун студенти
Учурда – бийчи жана актриса
Тартылган тасмалары жана клиптери – "План Б", "Симулянттар", "ЖинМЭН" тасмаларына, Нурлан Насиптин "Карындаш", Съездбек Искеналиевдин "Аруу кызым" аттуу ырларынын клиптерине жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарнамалык ролигине тартылган
– Салам! Маекти сенин актрисалык талантыңдан баштасак. Кайдан жүрүп бул чөйрөгө аралашып калдың?
– 3-классымда апам мени "Жаш-Кыял" бий ансамблине алып барган. Кийин ырчылардын артында бийлеген бир топто бийлеп калдым. Бир күнү мен бийлеген топ менен фотосессия өткөргөнбүз. Аны Съездбек байке көрүп калып, мени "Аруу кызым" аттуу ырынын клибине тартылууга чакырды. 2015-жылдын акыркы айларында аталган клипке тартылдым. Анын артынан эле Нурлан Насиптин "Карындаш" аттуу ырынын клибине тартылууга сунуш түштү. Клипке тартылып жатканда "ЖинМЭН" тасмасынын жаратуучулары кастингге чакырышты. Ага да катышкам. Клипке тартылып бүткөндөн кийин фильмдеги негизги каармандын ролу мага буюрганын айтышты. Биринин артынан бири болуп жатып эле актрисалыкка келип калдым.
– Бул жаатта тажрыйбаң же билимиң жок кыйналган жоксуңбу?
– Аябай оор болду. Тасманын артында иштеген адамдар тартуу иштери башталгыча көп убакытка чейин мени даярдап жүрүштү. Ошондуктан ушул жылы башка окууга которулайын деп чечтим. Чыгармачылык жаатында билим алышым керек экен.
– Көпчүлүк ата-эне ырчылык, актрисалык кыздар үчүн ылайыктуу кесип эмес дешет...
– Биринчи жолу клипке тартылганымда апам "азаматсың" деп аябай кубанды. Себеби ал өзү чыгармачылыкка жакын болгон экен. Режиссёр болоюн дегенде туугандары көнбөй коюшканын айтты. Апамдын бир тууган сиңдиси ди-джей Нурзада Жолдошева гана чыгармачылыкка жакын кесипти аркалай алыптыр. Ошондуктан менин тандоомо эч кандай каршылык көрсөтпөй, колдоп турат. – Азыр апасын же атасын продюсер же менеджер кылып алгандар көбөйдү. Сенде да ошондойбу?
– Жок, апамдын өзүнүн жумушу бар. Болгону мен үчүн санаа тартып, "жаман жолго түшпө, азгырылба" деген кеңештерин берет. Анан тасмага тартылуу боюнча сунуш түшсө, келишимди жана сценарийди окуп чыгат. Мен муну апамдын мага болгон камкордугу деп түшүнөм.
– Айылга барганда туугандарың сени менен сыймыктанып калышса керек?
– Ооба, мурун Нурзада эжемди кеп кылып "мына, бул баягы ырчы кыз" дешсе, азыр мен барсам "сен клиптеги кызсың да, ээ?" дешип көчөдөгү тааныбаган адамдар деле сурай беришет. А мен мындайда өзүмдү ыңгайсыз сезем.
– Демек, атактуулук аздан келе баштаган го.
– Айылдагы эле учур болбосо, шаарда көчөдө жүрсөм эч ким деле тааныбайт (күлүп).
– Жок дегенде көз арткан жигиттер көбөйгөндүр?
– Жок, баары мурдагыдай. Мен жумушта жумуш боюнча гана сүйлөшүп аша чаап бараткандарды учурунда токтотуп коём. Балким ошол себептен ашык болдум деп артымдан ээрчигендер жок чыгар. Бирок мырза досторум бар, алар убакыт менен текшерилген сырдаштарым.
– А сүйлөшкөн жигитиң барбы?
– Жок. Азырынча мамиле кура элекмин. Анын да ылайыктуу убагы келер. Көп адамдар "ырчы жигиттер менен мамиле курушуң мүмкүнбү?" деп сурашат. "Эч качан, эч качан" деп айтпа" дешет, бирок эч качан андай болбой эле койсунчу (күлүп).
– Байкашымча, жакын досторуңдун катарына апаң дагы кирет окшойт?
– Ооба, ал менин сырдашым, кеңешчим, сынчым. Кийген кийимиме чейин өзү тандап берет. Чынын айтсам, мен сатып алган кийимди баары бир апам жактырбайт, ошондуктан жакшысы, ал алып бергенин кийгеним туура (күлүп).
– Талапчыл эмесмин дечи...
– Оюмдагы нерсе болуш керек деп көгөрүп отурбайм. Жадакалса мени таарынткан адамдарга да көпкө таарына албайм. Бат эле унутуп калам. Өзүм капа кылсам дагы эсимден чыгып кетип эч нерсе болбогондой сүйлөй берем (күлүп). Ошондой учурда "сен мени таарынтып койбодуң беле?!" деп коюшса кана.
– Үй-бүлөң тууралуу кененирээк айтып берчи...
– 3 бир туугандын улуусумун, 18 жаштагы Тагай-Бий жана 8 жаштагы Илгиз аттуу инилерим бар. Апамдын аты Гүлзада, атамдын аты Айдар. Улуу иним менин чоң жардамчым. Тартылуу иштеринен бошобой калганда дайыма үйдөгү жумуштардын баарын жасап, апама жардам берип турат. Анын бар экенине ушунчалык ыраазымын.
– Маегиң үчүн ыраазычылык.
(Сүрөттөр Назбийке Айдарованын өздүк архивинен алынды)
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg