Жумуш жоктугунан улам көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөрдө иштеп, нан таап жүрүшөт. Мекендештерибиз эң көп иштеп жүргөн өлкөлөрдүн катарына Орусия, Казакстан кирсе, андан кийин эле Түркия кирет. Бөтөн өлкөлөрдө иштеп жүрүп айрымдары көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрүшөт. Акыркы 1 ай ичинде Түркияда 2 кыргыз кызы сабалды. Анын бири катуу сабалгандан улам комага түшүп, дагы деле ооруканада. Анын сексуалдык кулчулукка сатылганы айтылууда. Экинчисин болсо кыргыз эле кыздары "сен кыргыз кыздарды түрктөргө кулчулукка сатасың" деп күнөөлөп сабап жатканы интернет булактары аркылуу желдей тарады.
КЫЗЫНЫН АМАНДЫГЫН ТИЛЕГЕН АТА-ЭНЕУзаган жылдын 21-декабрында Түркиянын Анталья шаарындагы Коркутели районунда жолдун боюнан катуу сабалып, эс учун жоготуп койгон абалда жаткан жаш кыз табылган. Жанында эч кандай документтери жок болгондуктан, анын ким экендиги бир топко чейин аныкталган эмес. Жабыркаган кызды биринчи Коркутели районунун ооруканасына алып барышкан, бирок абалы оор болгондуктан "Ак-Деңиз" университетинин ооруканасына которушкан. Элина Эргешова аттуу мекендешибиз кыздын сүрөтүн социалдык тармактарга чыгарып, аны тааныгандарды издеп кайрылган. Кийин туугандары табылып, анын 21 жаштагы М.Н. аттуу Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну экендиги аныкталган. Бул боюнча жабырлануучу кыздын атасына байланышканыбызда, ал "кызым дагы деле комадан чыга элек. Баштапкы абалынан бир аз жакшырып, көзүн ачып калганы менен, эч нерсени эстей албай жатат. Бул кабарды 28-декабрь күнү угуп, ошондон бери ден соолугум жакшы болбой жатат. Апасы 7-январь күнү Түркияга учуп кеткен. Азыр кызымдын жанында. Өзүмдүн жалпы жарандык паспортум бүтпөй жатат, бүтөрү менен мен да барам",- деп билдирди. Кызынын Түркияга качан кеткени, ал жакта эмне иш кылып жүргөнү тууралуу сураганыбызда, "кызым аман-эсен айыксын, анан баары белгилүү болот" деп жооп берди.
Мекендешибизди ушул абалга алып келгенге шектелип Түркиянын укук коргоо кызматкерлери тарабынан 3 адам кармалган. Алардын бири киши өлтүрүүгө аракет кылуу, экинчиси мажбурлап сойкулукка иштетүү боюнча айыпталып жатканы айтылууда. Түркиялык басылмалар мекендешибиздин сексуалдык кулчулукка сатылып кеткендигин жазып чыгышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда, маалымат кызматкери Айымкан Кулукеева азырынча бул маалымат тастыктала электигин, түркиялык укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.
КЕЗЕК "ПАТРИОТ" КЫЗДАРГА ЖЕТТИБИ?Бул жуманын башында да социалдык тармактарга 2 кыргыз кызы дагы бир кызды сабап жаткан видео тарады. Анда 2 кыз колдору электр зымы менен байланган, бети канжалаган кызды диванга отургузуп алып "сен канча кызды саттың?" деп суракка алганы тартылган. Өтө "балит" сөздөр менен сөгүнгөн кыздар байланган кыздын оозуна кандайдыр бир суюктукту зордоп ичиришкен. Ошондой эле алардын жабырлануучуну "сутенёрша болуп иштейт, толтура кыргыз кызын бул жакка алдап алып келип, түрк жарандарына сатат" деп күнөөлөшкөнүн угууга болот. Жабырлануучу ал жерде 18 жашынан бери иштерин, андан бери 4 жыл өткөнүн айткан. Тиги кыздар бул кыздын кылыгы үчүн анын "тилиңди чыгар, кесебиз" деп коркутушканы да бар. Бул видеону "Кабарлар" сайтына бир окурман жиберип, "жабырлануучу кыздын аты Эля. Телефонун жана документтерин аны сабаган Малика жана Бегимай аттуу кыздар жок кылып салгандыктан ал азыр иммиграциялык полицияда. Малика менен Бегимай азыр Стамбулда. Номерин таап, алар менен сүйлөшкөнүмдө, мени да коркутушту" деп айткан.
"Бул видео Түркиянын Измир шаарында тартылган деген божомолдор бар. Тышкы иштер министрлиги бул видеодогу окуя, андагы кыйноого катышкан жарандар, окуя кайсы жерде болгон, кимдер катышканы тууралуу тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Түркиядагы элчиликке жана Стамбулдагы Башкы консулдукка тапшырма берген. Бирок, бул видео Түркиянын аймагында эле эмес, башка аймакта мисалы, Кыргызстанда тартылышы толук мүмкүн. Ошондуктан бул боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары да тактоо иштерин жүргүзүп жатышат",- деп Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди.
Эгер чындап бул иштин тамырын кармап биле турган болсок, тараза ташы кыздар тарапка да оойт. Дегенибиз, бөтөн жерге барып аргасыздан аянычтуу тагдырга туш келгендер да бар. Бирок өз эрки менен ушул жолду тандагандар да кездешет. Андайлар деле жыргаганынан жаман жолго барбаса керек? Кээ бир ата-энелердин балдарынын ушундай жолду тандап алышына да түздөн-түз тиешелери бар. Анткени кызы же уулу башка өлкөдө иштеп, акча таап жөнөтүп турса болду, ал акчаны кантип таап жатканы аларды кызыктырбайт. Канткен күндө да ар бир аялзатынын сүйүктүү жар, сүйкүмдүү балдардын энеси болуп, татыктуу жашоого укугу бар.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg