ЫНТЫМАК КУРУЛТАЙЫ ӨЛКӨГӨ ЫНТЫМАК АЛЫП КЕЛЕБИ?
23-24-мартта баш калаадагы Улуттук филармонияда Ынтымак курултайынын делегаттары чогулушту. Жыйынга жалпысынан 742 делегат катышты.
Жыйындын башында талаш-тартыштар менен Курултайдын төрагасы жана 17 кишиден турган төркеңеши (президиум) шайланды. Ачылышта президент Курманбек Бакиев кайрылуу жасап, курултай чакырууга түрткү болгон себептерди айтып өттү. “Өлкөнүн азыркы жагдайы өз ара тынымсыз баарлашууну, саясий көз карандысыздыкты, мамлекетти башкаруу ыкмасын жакшыртууну, мамлекет менен коомчулукту жакындатууну көздөйт”,- деп баса белгиледи. Ыңкылаптын 5 жылдыгы менен куттуктап, аны ишке ашыргандардын баарына ыраазычылык билдирди. “Ыңкылаптан берки 5 жылдын жарымы ич ара талаш-тартыш менен өттү. Мамлекет өрт өчүргүч сымал ар жердеги нааразылык очокторун өчүрүү менен алектенип келди”,- деди өлкө башчысы. Ошондой эле Курултайдын ар бир катышуучусунун айткан сөздөрүн баштан-аяк угууга даяр экендигин айтып, жыйындын соңуна чейин залда отурду. Делегаттар мамлекеттин учурдагы көйгөйлөрүн, аларды чечүү боюнча сунуштарын айтышты. Эки күндүк талкуунун соңунда президент менен өкмөткө сунуштар кабыл алынды. Сунуштарда, негизинен, элдин биримдиги, социалдык-экономикалык өнүгүү жана президенттин жаңылануу реформасын колдоого алуу айтылат. Талкуу учурунда айтылган сунуштарды иштеп чыгуу милдети Курултайдын төркеңешине жүктөлдү.
Ажо мындай оюн 24-мартта Ынтымак курултайын жыйынтыктоочу сөзүндө билдирди. Анын айтымында, элдин муктаждыктары боюнча жасалган аракеттер элге жетпей жатат. Ошол эле учурда элдин талаптары бийликке өз убагында жетпей жатканы байкалган. Ошондуктан министрлерди, депутаттарды ай сайын аймактарга барып туруусун талап кылды. “Эл коюп жаткан талаптар менен жеринде таанышып, тийиштүү аракеттерди көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болот”,- деди өлкө башчысы.
Ү.СЫДЫКОВ ПРЕЗИДЕНТТИ ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ
Ынтымак курултайынын делегаты катары сөз сүйлөгөн Үсөн Сыдыков ыңкылаптан кийин өлкөдөгү өзгөрүүлөргө токтолду. Ошондой эле жерлердин жакшы иштетилбей колдон-колго сатылып жатышын баса белгиледи. Ал президентке кайрылып, оппозиция өкүлдөрү деле кыргыздын балдары экенин айтып, алар менен сүйлөшүүгө чакырды. “Экөөбүз Исмаил Исаков тууралуу сүйлөшкөн элек, ошондо айткан сөздөрүңүз орундалат деп ишенем,”- деди президентке. Ал ошондой эле ажодон ачууга алдырбастан кечиримдүү жана кенен болуусун суранды.
СОТ “АК ШУМКАР” ПАРТИЯСЫНЫН 16 МҮЧӨСҮНӨ АЙЫП ПУЛ САЛДЫ
23-мартта филармониянын жанында Ынтымак курултайынын делегаттары менен жолугушууга аракет кылган “Ак шумкар” партиясынын активисттерин милиция кармап кеткен. Милиция аларга “уруксатсыз пикет өткөрүүгө аракет жасашты” деген айып тагып, ишти Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. “Сот кармалгандарга 1000 сомдон 2000 сомго чейин айып пул салып, камактан бошотту”,- деп билдирет “Ак шумкар” партиясынын маалымат кызматы.
ЭЛДИК ЫҢКЫЛАПТЫН 5 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МУНАПЫС ЖАРЫЯЛАНАТ
Март ыңкылабына жигердүү катышкан, кийин ар кандай кылмыштар менен камалган адамдарга карата мунапыс жарыялоо боюнча мыйзам долбоору даярдалууда. Аны даярдоону ажо өкмөткө тапшырды. Өкмөт бул мыйзам долбоорун даярдап, ЖКга жөнөтүүгө тийиш. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Серепчилер бул мыйзам камактагы айрым оппозиция өкүлдөрүн, алсак, И.Исаков, Э.Бөлөкбаев өңдүүлөрдү бошоторун айтып жатышат.
НУРЛАН МОТУЕВ “УЧУРга” “КОЛ САЛДЫ”
25-мартта Нурлан Мотуев “Учур” гезитинин редакциясына келип 4 компьютерди талкалап, чатак салып кеткенин гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев билдирди. Чатактын себеби гезитке жарыяланган материалдан улам болушу мүмкүн экендигин кошумчалады ал. Ушул эле иш тууралуу бизге байланышка чыккан Нурлан Мотуев: “Бул гезит чыккандан бери эле каралоо, жалаа, далилсиз божомолдор менен ар-намысыма, аброюма шек келтирип келатат. Ушундай жалган жалаа материалдарды жазгандыгы үчүн былтыр “Пресс.кg” гезитин сотко бергем. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мурзалиева ишти 6-7 айга созуп жибергенинен аягында кол шилтеп салгам. Жыйынтыгында аталган гезит жоопко тартылган эмес. Соттордун кылганы бул, чындыкты кайдан издейм, кимге барып арызданам? Аргасыздан ушундай кадамга бардым. Материалды жазган журналист Акыл Бактыбеков деген жашыруун ат менен чыгып жүрөт. Эркек болсо өз аты менен чыкпайбы?! Редакцияга барсам С.Жылкычиевден башка эч ким жок, былгытып коюп качып жүрүшөт”-, деп күпүлдөдү.
Эл аралык кабарлар
ИРАНДЫ КОЛДООЧУЛАР АЗАЮУДА
Орусия менен Кытай Иранга Бириккен Улуттар Уюмунун сунушун кабыл алууга кеңеш беришти. “Ройтерс” маалымат агенттигинин билдирүүсүнө караганда, расмий Москва менен Бээжин Иранга БУУнун сунушун кабыл алдырууга аракет кылышууда. БУУ Иранга уранды Орусия же Францияда байытууну айтып, басым жасап келет. Өз кезегинде Иран атомдук курал өндүрбөсүн, энергетика өндүрүү максатында уранды байытканын айтууда. Буга чейин Орусия менен Кытай Тегеранга каршы БУУнун санкция киргизүүсүнө каршы болуп келген. Мындан ары аталган эки өлкө Иранды колдобой коюшу мүмкүн экендиги да жазылат маалыматта.
ООГАНСТАНДА СОГУШТУ ТОКТОТУУ АРАКЕТТЕРИ КӨРҮЛҮП ЖАТАТ
Президент Хамид Карзай өлкөдөгү согушкерлер тобунун өкүлдөрү менен алгачкы ирет жолукту. Согушкер топ “Хезб-и-Ислами” деп аталат. Бул топ НАТО аскерлери жана ооган күчтөрү менен согушкан өлкөдөгү негизги үч топтун бири. Жолугушууда Карзай “Аль-Каида” террордук уюму менен байланышы жок согушкерлерден куралды таштап, өлкөнү кайра курууга жардам берүүсүн өтүнгөн. Ал эми “Хезб-и-Ислами” тобунун өкүлдөрү Карзайга тынчтык планын сунушташты. Анда келерки жылы президенттик жана парламенттик шайлоолорду кайрадан өткөрүү, чет элдик аскерлерди июлдан тартып Ооганстандан чыгаруу талабын коюшту. Маалыматтарга караганда, сүйлөшүүлөр уланат. АКШ болсо бул сүйлөшүүлөрдү этияттык менен колдоодо.
21-22-март аралыгында Орусиянын 50дөн ашуун шаарларында нааразылык акциялары өттү. Бул акциялардан улам Москвада 70 адам камакка алынды. Оппозиция баштаган бул нааразылык акциялары жарандардын эркиндиктеринин чектелип жатышына, учурдагы бийлик жүргүзүп жаткан социалдык-экономикалык саясатка каршы ураандар менен коштолду. Алар ошондой эле Путиндин жана айрым аймактардагы аткаминерлердин кызматтан кетүүсүн билдирген чакырыктар ташташкан.
КЫТАЙ-БЕЛАРУСЬ МАМИЛЕСИ ӨСҮҮДӨ
Беларусь өлкөсүндө расмий иш сапар менен жүргөн Кытайдын вице-президенти С.Цзинпин А.Лукашенко менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр учурунда Кытай Беларуска узак мөөнөткө 1 миллиард доллар насыя берери айтылды. Бул каражат эки өлкө макулдашкан долбоорлорго гана жумшалмакчы. Кошумчалай кетсек, Беларусь Кытайга айыл чарба техникаларын экспорттоочу негизги өнөктөш.
Айбек Кочкоров
politika@super.kg