– Саламатсызбы, Зейнеп айым? Эң алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
– Саламатчылык. Аты-жөнүм – Зейнеп Дүйшөнова. 1977-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм, ата-энем таластыктар. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусумун. Кесибим – экономист. 1999-жылдан тартып Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде 5 жыл башкы адис катары эмгектенгем. Күйөөмдүн аты Зулхелми, малай улутунан. Аны менен 2003-жылы Малайзияга иш сапары менен барып калганымда тааныштык. Бир көргөндө эле бири-бирибизди жактырып калганбыз. 6 айдан кийин ата-энемден колумду суроо үчүн Кыргызстанга келген. Башында баары каршы болгон, кийин гана алардын да дини ислам экенин эске алуу менен макулдугун беришкен. Учурда 2 балабыз бар, улуусу кыз, кичүүсү уул. Алар ар дайым күйөөмдүн ата-энесинин жанында болгондуктан, малай жана англис тилдеринде көп сүйлөшөт. Кыргыз жана орус тилдерин бир аз билишет. Учурда Малайзияда гид болуп эмгектенем. Андан сырткары Кыргызстандын балын, кургатылган жемиштерин сатабыз. Мейманканага конокторду жайгаштырып, авиабилеттерди сатып алууда ортомчу болуп да иштейм.
– Гид болуп иштөөнүн оош-кыйыштары кандай?
– 2004-жылдан бери Малайзияда жашайм. Туристтик компанияда орус тилдүү саякатчыларга гид болуп 2006-жылдан бери иштейм. Чынын айтсам, көп нерсени жер кезерлердин өзүнөн үйрөндүм. Гид кызматында иштеген адам ошол өлкөнү, жерди сүйүүсү керек. Биз кандай маалымат берсек, туристтерде ал жер тууралуу ошондой сезимдер, ойлор калат. Күндө кандай окуялар болуп жатат баарын билип, саякат учурунда акыркы жаңылыктар тууралуу да айтып берсең кызыктуу болот. Албетте, дүйнөлүк тил аталган англис жана орус тилдерин билбей туруп гид болуп иштей албайсың. Көбүнчө Малайзиянын Туризм министрлиги өлкөнү таанытуу максатында жарнамалык турларды уюштурат. Ошол сапарлар 2 жумага чейин созулат. Ал эми Кыргызстанга жана Казакстанга барсак 10 күн саякатта жүрүп калам. Айрым учурларда өмүргө коркунуч алып келген сапарлар да болуп турат. Жакында эле саякатчылар менен ачык деңизге чыкканбыз. Заматта катуу шамал көтөрүлүп, катерибиз оодарылып кете жаздады. Дагы бир жолу туристтерди сейил бактагы "Американские горки" аттракционуна чыгарып, өтө кооптуу кыймылдар жасалгандыктан өмүргө коркунуч жаралып, экинчи чыкпас болгом. Албетте, булардын баары туристтердин көңүлү үчүн жасалат.
Малайзияга акыркы 2 жылда Кыргыз өлкөсүнөн да көп адамдар келе башташты. 2-3 жолудан келгендер бар, бул мени абдан кубантат. Мурда Малайзияда Кыргыз Республикасы деген мамлекет бар экенин билишпейт эле, азыр биздин өлкөгө абдан кызыгып жүрүшөт. Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бабанов, Дастан Бекешев жана ырчылар Гүлнур Сатылганова, Анжелика жана башка бир топ таанымал инсандарды Малайзия менен тааныштыргам. Негизи биздин өлкө да туристтик аймак. Кыргызстанда гид кызматы келечектүү.
– Учурдан пайдаланып өлкөбүздө эми өнүгүп келе жаткан гид кызматындагы адистерге кеп-кеңеш бере кетсеңиз.
– Гид болуп иштөөчү адам ар тармактуу билимдүү болушу шарт. Көбүнчө тарыхый жерлерге саякат уюштурулгандыктан, тарыхты жакшы билгениң дурус. Саякатчылардын баары жергиликтүү элдин жашоо турмушун билгенге кызыгышат. "Булар кандай эл?", "Эмне өзгөчөлүгү бар?" деген сыяктуу суроолор эң көп берилет. Жер кезерлер бул суроолорго жооп алуу менен өздөрүнүн элин салыштырууну жакшы көрүшөт. Албетте, саякатчынын ар бир суроосуна жооп берүү кыйын. Так билбеген суроого болжолдуу түрдө жооп берип, бирок маалыматты тактап кайра айтканга аракет кылуу керек. Малайзияда гиддердин билимин, тажрыйбасын жогорулатуу үчүн 6 айлык курстар болот. Кийин экзамен тапшырылып, лицензия берилет. Жыл сайын 3 ирет окуу курстарына, семинар, тренингдерге барып, өзүңдүн деңгээлиңди көтөрүп турууң керек. Биздин мамлекетте да гиддерди окутуп чыгарчу билим мекемелери көп болгону жакшы. Малайзиядагы шарттар Кыргыз мамлекетинде да бар. Гиддердин баары бирдей болот. Себеби алар өзүнүн өлкөсүнүн же иштеп жаткан жеринин кооздугун көрсөткүсү келет. Гиддер дайыма "саякатчылар мекенине барганда тааныштарына айтып берип, бул жакка кайра көп туристтер келсе экен" деп кыялданышат. Бул сезим бардык мамлекеттин гиддерине таандык.
– Алдыдагы пландарыңыз жөнүндө...
– Алдыга көп максаттарды койдум. Эң биринчи эле өз өлкөмдү малайзиялыктарга толук тааныштыруу. Ушул боюнча азыр атайын 3 тайпа чогулттум. Баары Кыргыз мамлекети жөнүндө жакшы маалыматка ээ. Кыргызстан-Малайзия ортосундагы туристтик мамилени жандандыруу менен өлкөбүздүн экономикасына салым кошсом деген планым бар.
– Маегиңиз үчүн терең ыраазычылык! Мекендештериңиздин атынан иштериңизге ийгилик каалайбыз!
– Чоң рахмат! Силерге да ийгилик!
Бектур Токтоноев
koom@super.kg