4-5 жаштагы бала. Мурда жөн гана дүйнө таанып жүргөн бөбөк азыр кадимки инсанга айлануу жолунда. Көпчүлүк ата-энелер ушул куракта балага керектүү деңгээлде көңүл бөлбөй калышат. Мындан улам балада туура эмес мүнөз, адат калыптанат. Бул курактагы баланы тарбиялоодо дагы эмнелерге көңүл буруу керек? ЮНИСЕФтин тиркемесин барактайлы.
4 ЖАШТАГЫ БАЛА
ФИЗИОЛОГИЯСЫ
ПСИХОЛОГИЯСЫ
4 жаштагы баланын мүнөзүндө өзгөрүүлөр байкалып, аны пессимисттик ойлор курчайт. Ал "мени эч ким жакшы көрбөйт, эч кимге керегим жок" деген кепти айтат. Бул куракта балага мактоо сөздөрү керек. Жакшы жасаган нерселерин мактаңыз. Бала жакшы менен жамандын айырмасын билиши керек. Эгер бир нерсени туура эмес жасаса кыйытып айтып, жакшы болбой калганын урушпай, жумшак түшүндүрүңүз.
Жаңы нерселерди кабыл алуусу жакшырып, көп нерселерди билип калат. Бул куракта баланы маданиятка үйрөтүү керек. Балдар үчүн мультфильмдердин, концерттердин баары ага жагат. Андыктан балаңыз менен чогуу көргөнгө аракет кылып, ал тууралуу маектешиңиз. Бул жол менен балаңызга анализ жасаганды, жыйынтык чыгарганды, өз оюн билдирүүнү үйрөтөсүз.
4 жаштагы бала "эмнеге?" деген суроону бергенден тажабайт. Болжол менен күнүнө 400дөй суроо бериши мүмкүн. Андыктан анын суроосуна так, туура жооп берүүгө даяр туруңуз.
Бул куракта баланын майда жана чоң моторикасын өөрчүтүү керек. Ал үчүн үйдөн гимнастика жасаңыздар. Майда моторика үчүн пластилинден ар кандай жаныбарлардын кейпин жасаңыздар, сүрөт тартыңыздар.
Тамгаларды үйрөтүүгө болот. Оңой айтыла турган тамгалардан баштаңыз. Мисалы, "а", "о" "у" жана башкалар. Тамгаларды тартып же пластилинден жасаса болот. Мындай элестүү кабыл алуулар аркылуу бала тамгаларды тез жаттайт. Бала түшүнүктүү сүйлөп калат. Эгер көп тыбыштарды, тамгаларды туура эмес айтса, анда логопедге алып баруу керек.
Бул куракта өзүнө болгон кызыгуусу күч алат. Ал кандай болуп чоңоёрун, чоңойсо ким болорун да билдире баштайт.
5 ЖАШТАГЫ БАЛА
ФИЗИОЛОГИЯСЫ
ПСИХОЛОГИЯСЫ5 жаштагы бала өз оюн түшүндүргөндү билет, сурооңузга жооп бере алат.
Чоңдор бошобой жатса өз иши менен алек болот.
Инсандык сапаттары калыптана баштайт. Бул учурда ар бир ата-эне баласына керектүү деп эсептелген сапаттарды үйрөтүп же ошол сапаттарга үндөй алат. Кээ бир ата-энелер өзүлөрүндөгү жок сапаттарды баласына таңуулашат. Баланы мажбурлоо туура эмес. Ошондуктан жакшы сапаттар эң оболу сизде болуусу керек.
Өз ысымын, фамилиясын, дарегин, ата-энесинин ысымын айтып бере алышат жана буга баланы үйрөтүү керек.
Бала сөз куроодо синонимдерди, антонимдерди колдонот. Болгон окуяны жакшы айтып берет. Тамашаны түшүнөт жана өзү да тамашалай алат.
Баланын эске тутуусун өөрчүтүү керек. Мультфильм көргөндөн кийин айтып берүүсүн сураныңыз. Бул анын эске тутуусун өстүрөт.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg