Алтынай Жайнакова. Көпчүлүккө таанымал эмес бул ырчы кыздын ысымы бир түндө белгилүү болуп чыга келди. Анын патрулдук милиция кызматкерлери менен болгон чатагы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Биз окуяга ар тараптан саресеп салууну эп көрдүк.
ТҮНКҮ ОШТУ ДҮРБӨТКӨН ХОНДА
Белгилүү болгондой, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарынын Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинен Ош ШИИБинин патрулдук милициясы Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылышкан. Кийинки посттон токтотулган унааны Алтынай Жайнакова аттуу бийкеч башкарып бараткан белгилүү болгон. Өзүн ырчы, журналист деп тааныштырган кыздын патрулдук милиция менен чатагын журналисттик топ тартып алып, ал видео интернетке тарады. Видеотасмада көрүнгөндөй, Алтынай Жайнакова унаадан түшүүдөн баш тартып, уюлдук телефону менен кимдир бирөөгө байланышып баштайт. Сөз арасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошевдин ысымы байма-бай аталат. Кийинчерээк Жайнакова "Жолдошев менен эч кандай мамилем жок, болгону аны сыртынан тааныйм. Анын атын атасам аз да болсо коркушабы деген ойдо болгом. Учурдан пайдаланып андан өзгөчө кечирим сурайм",- деп SUPER.KG порталына билдирген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев Алтынай Жайнакованы тааныбай турганын маалымат булактарына билдирүүгө жетишти.
Алтынай Жайнаковадан ОшТВ телеканалы да бат эле баш тартып кетти. Телеканал бул кыз ОшТВда иштебей турганын, болгону 3-4 ай мурун стажировкадан өтүп кеткендигин жарыялады.
"МЕЛИС БАЙКЕ", "КЫЛЫЧ БАЙКЕ"... ДЕГЕЛЕ "КРЫШАЛАР" КИМДЕР? Мына ушул жерден бир жагдай көзгө урунат. Адатта жол эрежесин бузган айдоочулар патрулдук милициянын колуна түшкөндө эмне кылышат? Дароо таасири бар тууган-таанышына чалып башташат. Ошого таянып жазасыз кутулуп кетерин беш колундай билип жол эрежесин бузушат. Андай "крышалар" кимдер? Жогорку кызматтагы адамдар, ошол эле күч түзүмдөрүнүн жетекчилери...
Назгүл Чодронова. Бул ысымды көбү унута элек. Бишкекте жол-кайгуул милициясынан качкан Чодронова унаасын катуу ылдамдыкта айдап, жол эрежелерин бузуп милиция кызматкерлерин "Мелис байкеси" (ред.: Мелис Турганбаевди айтса керек) менен коркуткан. Милиция кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, кан жолдо кооптуу абал жараткан Чодронова кийин 1000 сом айып пул төлөп кутулган. Мелис Турганбаев дагы Кылыч Жолдошев өңдүү Назгүл Чодронованы тааныбай тургандыгын жарыялаган. Жашырганда эмне, Чодронованын (ошол эле Алтынай Жайнакованын) окуясы коомчулукка билинип калганы гана. Билинбей калганы, күн сайын жасалып жатканы канча? Буга кимди күнөөлөйбүз? Күнөө "крышадан" корккон, "крышаны" сыйлаган ИИМдеги, дегеле бардык мамлекеттик мекемелердеги системде. "Крыша" деген системди милиция кызматкерлери өздөрү жаратып алып, эми катардагы кызматкерлери азабын тартып жатканы бүгүнкү күндүн чындыгы.
ШИШ ТАКА КАШТЫ АЙРЫП КЕТКЕН
Алтынай Жайнакова боюнча сөздү улайбыз. Унаасынан түшпөй отурган айымды бир нече милиция кызматкери чыңырта колдон-буттан алып, унаанын арткы орундугуна которуп салышкан. Бул учурда ырчы кыз тепкиленип, кыйкырып айгай салат. "Мени унаанын артына отургузушканда бүт кийимдерим ачылып калды. Аны алдыңкы орундуктагы милиция кызматкери карап отурду. Мен караба деп бутумду силккем",- дейт ырчы. Бутун силккенде алдыда отурган милиция кызматкерине тийген ырчы кыздын шиш такасы анын кашын айрып кеткен.
"КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ"
Окуя боюнча Ош ШИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков төмөнкүлөрдү айтат:
– Алтынай Жайнаковага Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошол убакта ал мас абалында болгондугу аныкталды. 14-январь күнү Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарды.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө мыйзамынын 14-беренеси боюнча, эгерде укук бузуучулар ички иштер органдарынын кызматкерлерине, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жүргөн башка адамдарга баш ийбесе же каршылык көрсөтсө, аларды кармоо, ички иштер органдарына жеткирүүгө атайылап тоскоолдук кылган адамдарга карата күч же атайын каражаттарды колдонууга укугу бар.
Жайнакованы биздин кызматкерлер жарым саат унааны бошотуп бер деп күтүп туруп, анан айла жок күч колдонууга мажбур болушкан. Эгер башка өлкөдө ушундай болгондо ошол замат эле жерге жаткырып, колуна кишен салышмак.
КРИМТӨБӨЛДӨРҮН ДА ЧЫҢЫРТЫП КАРМАЙ АЛЫШАБЫ?
Бул окуянын интернетке чыгып кетүүсү коомчулук тарабынан эки жактуу кабыл алынып, көп талкуу жаратты. Албетте, кызды айыптап, жектеп, "ырас болду" деп табалагандар, "бул окуядан сабак алгыла" дегендер да көп болду. Атүгүл чекти унутуп калган айрым журналисттер ырчы кыздын бир эркек менен кучакташып түшкөн сүрөтүн таап чыгып, анын төшөгүнө чейин талкуу кыла башташты. Коомчулуктагы экинчи тарап "бул милиция кызматы мактана турган окуя эмес" деп чыкты. Чын эле. Милиция кызматы бир кызды беш-алтоолоп кармаганын эмес, оор иштерге айыпталып, көрүнгөндөн салык алып, элге тынч жашоо бербей жүргөн кримавторитет аталып жүргөндөрдү кармап, аны интернетке чыгарып мактанса жарашмак. "Билгениңди кылып ал" деп токтобой кеткен шаар башчысынын бир тууганын да ушул кызды кармагандай чыңыртып кармашпайт беле деген суроо туулат.
ӨЧӨШКӨНДӨРДҮН ИШИБИ?
Алтынай Жайнакова тартылган видеотасма интернет айдыңында эң көп каралган видеолордун бири болду. Видеодо ал милиция кызматкерлерине "унаамдын терезесин сындырып, кайра кечирим сурабадыңар беле" деген сөзү угулат. Бул сөздөр Жайнакова менен милиция кызматкерлеринин ортосунда мурдатан эле чатактар болуп келгенби деген ойду жаратат.
Ырчы айымдын өзү менен байланышканыбызда, ал: "Мен бул окуя боюнча азыр комментарий бербей турууну чечтим. Унаамдын терезесин милиция кызматкери сындырып салганы чын. Анда ал кечирим сурап оңдотуп берген. Ушуну гана айта алам",- деп жооп узатты.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg