Кочкор районунда окуучулар арасында чыккан уруштан бирөө каза тапса, дагы бирөө оор абалда ооруканада жатат. Бул ишке күнөөлүү катары бир окуучу сурак берип жаткан учуру. Балдар мушташкан мектептин директору жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары кызматтан алынса, калган мугалимдер бул ишке өздөрүн же ата-энелерди күнөөлөй албай, жоопкерчилик маселеси кабыргасынан коюлуп турган кез.
«КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»
Нарын ОИИБинин басма сөз кызматкери Медина Султангазиева окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2017-жылдын 19-январь күнү саат 21:55 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор айылында балдар урушуп, бир бала бычакталыптыр деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда, Капар Кыдыралиев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу 2000-жылы туулган Жылдызбек Замирбек уулу бычак жаракатынан каза тапкандыгы аныкталган.
Алдын ала иликтөө иштеринин натыйжасында төмөнкүлөр аныкталды: Аталган орто мектептин 9-10-классынын окуучулары 2000-жылы туулган А.Ж., Д.И., Т.А., З.Ж. жана ошол эле айылдагы башка орто мектептин 10-классынын окуучусу А.А. чогулуп, А.К. аттуу окуучунун үйүнүн жанына аны менен сүйлөшүү үчүн барышкан. Алар өз ара чырдаша кетип, А.К. үйүнөн бычак алып чыгып, Актилек Туратбек уулу менен Жылдызбек Замирбек уулун бычак менен сайып жиберген. Натыйжада Актилек Туратбек уулу «Тез жардам» кызматы менен Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми Жылдызбек Замирбек уулу алган жаракаттан улам окуя болгон жерде каза тапкан.
А.Кнын үйүн кароо учурунда сабы көк түстөгү ашкана бычагы далил буюм катарында алынды. Бул факт боюнча Кочкор РИИБи тарабынан 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Бул кылмышка шектүү катары А.К. аттуу 10-класстын окуучусу кармалып, камакка алынган. Учурда бул иш боюнча Нарын ОИИБинин тергөө бөлүмү иш алып барууда.
«ЖЫЛДЫЗБЕКТИ ШЫЛДЫҢДАПТЫР»
Аты жашыруун калгысы келген бул окуянын күбөсү төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Жылдызбек бир кыз менен телефон аркылуу жазышып жүрүп, 2-3 күндөн кийин ал кыз эмес эле, эркек бала экенин билип жатпайбы. Көрсө, ал бала Жылдызбекти шылдыңдап «менин кызыма жазып жатыптырсың» дептир. Ошону сүйлөшүү үчүн ал жакка барганбыз, анан уруш чыгып кетти. Бир кезде эле Актилек «сайып салды» деп кыйкырганда ага чуркадык, бирок Жылдызбекти качан сайганын көргөн жокмун. Андан соң аларды сайган бала бычагын алып үйүнө кирип кетти. Биз «Тез жардам» кызматкерлерин чакырып, күтүп жаткан убакта башка балдар да келип, «эмне кылып жүрөсүңөр?!» деп бизди сабап салышты.
«УУЛУМ ЖООШ, АК КӨҢҮЛ БОЛЧУ...»Маркум Жылдызбек Замирбек уулунун апасы Айнагүл Омокеева буларга токтолду:
– Өзүм ашканада иштегендиктен, үйгө кечки саат сегиз жарымдарда келем. Ошол күнү келсем үйдө эч ким жок экен. Демейде Жылдызбек үйдө болчу. Анан эле чуркап келип «сиз кире бериңиз, мен азыр келем» деп кайра кетти. Мен келип калат деп жумуштарымды жасап жүрө бердим. Телефонуна чалайын десем аны үйгө калтырып коюптур. Атасы ооруп, ооруканада жаткан болчу. Түнкү саат 11лерде милиция кызматкерлери чалып, «эртерээк келип калыңыз» дешкенинен жетип бардым. Барсам ата-энелер, балдар толтура экен. Ошол жерден баламдын каза болгонун уктум.
Угушумча, балам классташ бир кызы менен сүйлөшүп жүрсө, ал кыздын сим-картасын тигил бала алып, балама кыздын атынан жооп берип жүрчү экен. Аны Жылдызбек билип калып, уруш ушундан чыккан окшойт. Ошол маселени чечебиз деп баламды үй жагына чакырса, ал 2 досу менен барыптыр.
Уулумдун мүнөзү жоош, ак көңүл болчу... Каражаным, уктап калып сабактан кечигип эле жүрчү, башка жаманы жок эле. Бутунун күрөө тамырына сайып, кан көп кетип калыптыр. Бутун катуу таңып, канды көп кетирбегенде, балким, тирүү калмак беле?..
«БАЛАМ КОРГОНОМ ДЕП УШУЛ ИШТИ КЫЛГАН»Ал эми кылмышка шектүү делип кармалган баланын атасы Асадали Ильязов «балам мектептеги рэкетчиликтин чектен ашып кеткенинин курмандыгы болуп калды» деп эсептейт:
– Балам 9-классты бүткөндө «мектепте окубайм, шаарга окууга тапшырам» деп ыйлаган. Көрсө, таяк жемей, балдар арасындагы чыр-чатактар баламды кыйнаган тура. Классташ балдарынын көбү кетип да калышкан. Биз болсо «окууну толук бүтүр, Медициналык академияга тапшырасың» деп көнбөй койгонбуз. Уулум олимпиадаларга катышып жүрчү, мектептин президенти болчу. Ал былтыр чакыруу менен мектептин атынан Казань шаарына да барып келген.
Ошол күнү балам сабактан саат 1де келди. Апасы ооруп, Бишкектеги ооруканада жаткандыктан ага «балам, мен апаңдын кем-карчын жеткирип келе калайын» деп шаарга кеткем. Кечки саат 8де кошунам чалып, «көмүр берип туруңузчу» дегенинен балама чалып, «байкеңе 2 мүшөк көмүр бер. Мен чыгып жатам» деп сүйлөшкөм. Бир аз убакыттан кийин кайра ошол кошунам чалып, «ызы-чуу болду, келгиле» деди. Аялымды ооруканадан чыгарып алып чогуу келдик. Балам үйдө отурса тигил балдар топтошуп келип, терезени такылдатып, дарбазаны тепкилешиптир, мына азыр да издери турат. Ошондой эле аларды текшерткенде спирт ичимдиктерин ичишкени билинди. Менин оюмча, балам коргоном деп ушул ишти кылган окшойт. Бычакты кайдан алганын да билбей жатам, анткени үйдө андай бычак жок болчу.
«ЭМНЕГЕ УШУЛ ИШКЕ БАРЫШТЫ ТҮШҮНБӨЙ ТУРАМ»
Маркум Жылдызбек Замирбек уулунун класс жетекчиси Жылдыз Актанова төмөнкүлөрдү айтты:
– Жылдызбекке 5-класстан бери класс жетекчи болуп келе жатам. Жоош, көп сүйлөбөгөн, бар-жогу билинбеген бала болчу. Үйү жакын турса дагы сабакка кечигип келчү. Окууну орто окучу, коомдук иштерге активдүү катышып, эркин күрөш боюнча райондук деңгээлдеги мелдештерге катышчу. Кырсык болгон күнү сабакка келген эмес. Андан мурунку күнү 3-сабакка келгендиктен аябай урушкам. Жылдызбекти бычактады деп жатышкан балага деле 7-класска чейин сабак бергем. Жакшы окучу, тартиби деле жакшы болчу, эмнеге ушул ишке барганына түшүнө албай турам.
Бычактан алган жаракатынан улам Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Актилек Туратбек уулунун абалын суроо үчүн аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Кубат Жумадиловго жолугуп, баланын абалы жакшы экенин, дары-дармек жетиштүү экенин билип кайттык.
АРАВАН РАЙОНУНДА ДА ОКУУЧУЛАР БЫЧАКТАШТЫ
21инен 22-январга караган түнү болжол менен 22:30дарда Ош облусунун Араван районунда да окуучулардын ортосунда массалык мушташ болуп, ал бычакташууга чейин жеткен. Аталган районго караштуу Төбө-Коргон айыл аймагында мектеп окуучуларынын арасында баскетбол боюнча мелдеш учурунда ортодо чыр чыккан. Кийин «разборка» талаадан уланып, жыйынтыгында 3 окуучу бычактан жаракат алып, дагы 1 окуучу баш мээси чайкалып, төртөө тең Араван райондук ооруканасына жаткырылган. Бул боюнча Араван РИИБи тарабынан «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 окуучу жана ошол эле айылдын дагы бир тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg