Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫРГЫЗСТАНДА КЫТАЙЛАРДЫН КӨБӨЙҮШҮ КООПТУУБУ?

№387 2-9 апрель, 2010-ж.


Бишкекте кытай туугандардын күн санап көбөйүшү көпчүлүктү ойго салбай койбосо керек. Бир гана борборубузда эмес, айылдарда да кытайлар отурукташууда. Бул көрүнүш кыргыз элине эмне пайда алып келет же зыяндуу жагы көппү?

ЖАНГ ШУ МЕЙ:

«КАЧАН КЕТЕРИБИЗДИ АЙТА АЛБАЙМ»

Кытай улутундагы Жанг Шу Мей Кытайдын Чин Дао шаарынан Бишкекке досунун чакыруусу менен келген. Бишкектеги сулуулук салондорунун биринде косметолог болуп иштегенине бир жарым жыл болду. Кытайда эки сиңдиси бар. Алар дагы косметологдук менен алектенишет. 38 жаштагы Жангдын жолдошу да кытай улутунда. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыгер болуп эмгектенет. 18 жаштагы уулу Кытайда чоң энесинин колунда. Жанг Шу Мей Кыргызстанга келгенинин себебин мындайча түшүндүрдү.
– Биз Кыргызстанга бир жылдык виза менен келебиз. Бишкекке келген себебибиз – бул жакта иштөө аябай оңой. Мисалы, Кытайда мен иштегендей укалоо, бетти тазалоо ыкмаларын жасоочу адистер көп. Башкача айтканда, атаандаштык күчтүү. Ал жактан үйрөнгөн ыкмаларым менен кыргызстандык туугандарды тейлеп жатам. Бул жерде батирде жашайбыз. Үй сатып алалы десек, чет өлкөлүктөргө алууга болбойт экен. Кыргызстандан биротоло качан кетерибизди азырынча айта албайм.

ПЕН:

«ТУУЛГАНДЫГЫМ ҮЧҮН АТА-ЭНЕМ САЛЫК ТӨЛӨГӨН»

“Таатан” соода борборунда иштеген Пен аттуу жигит буларга токтолду.
– Мен 1990-жылы төрөлгөм. Ал жылдары Кытайда бир баладан ашык төрөгөнгө уруксат жок эле. Мен үй-бүлөдө экинчи баламын. Анан ата-энем менин жарыкка келгендигим үчүн салык төлөшүптүр. Тун баланын билим алып, бир кесиптин ээси болушуна, жумушка орношуусуна мамлекет жардам берет. Ал эми салык төлөнгөн балдарга андай мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Ошол себептен жанымды багайын деп Кыргызстанга келгем. Бишкекте атамдын иниси менен батирде турам. Кытайдан жумшак эмерек алып келип сатабыз.
Орус тилине кызыккандыктан, Улуттук университеттин алдындагы орус тилин үйрөтүүчү курста окуп жатам. 1 жылга 1000 доллар төлөйм. Окууга, жашаганга кетүүчү акчаны өзүм табам.

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

“Дордой” базарын аралап жүргөнү­бүздө соода кылгандардын кытайларга нааразы экендиктери сөздөрүнөн байкалып жатты. Бул нааразычылыктын түйүнү товарда экен. Базарда отургандар: "Кытайлыктар товар чыгарган фирма менен түз иштешет. Биз Кытайдан алып чыккан баада алар ушул жерде сатышат. Анан биз банкрот болбогондо эмне болобуз?! Алардын жашоо деңгээли кыргыздар менен эле бирдей. Мисалы, биз Орусияда иштеп келгенбиз. Ал жакта сырттан келгендер базардагы орунга жергиликтүү калкка караганда кымбат төлөтөт. Бизде деле ошондой кылып койсо болмок, өздөрү эле кетмек",- дешет.

Бул маселени ЖКнын депутаттары да күн тартибине коюп талкуулашкан эле. Талкууда депутат Бейшенбек Абдрасаковдун “кытайлар бизде көбөймөк тургай кыргыз кыздарына үйлөнүп жатышпайбы” деп күйгөнү бар.

«КЫТАЙЛАР ҮЧҮН БИЗ...»

"Кытайлардын көбөйүшү кооптуубу?" деген суроо менен тарых илимдеринин доктору, профессор, саясат иликтөөчү Нур Омаровго кайрылдык.
– Нур мырза, учурда "чек арадан Кыргызстанды көздөй өткөн кытайлардын саны айына 200гө жетет" деген маалымат бар. Бул кооптуубу?
– Кыргызстанга келип жаткан кытайлардын санынын кескин көбөйгөнүн аналитиктер, саясат изилдөөчүлөр, анын ичинде мен 2000-жылдан бери айтып келе жатабыз. Анткени бул коркунучтуу тенденция ошондо эле байкалган. Бирок “айына 200 кытай кирет” деген маалымат туура эмес. Алар Кыргызстанда жашап калууну деле ойлошпойт. Эгер мекендеп калгылары келишсе, анда бизди эмес, Казакстанды, Орусияны тандашмак. Анткени бул өлкөлөр бизден бир кыйла өнүккөн. Кирген кытайлардын артка кайтпай жаткандарынын себеби – Кыргызстандын КМШ өлкөлөрүнүн көбү менен визасыз келишими бар. Алар бизди КМШ өлкөлөрүнө же андан ары башка мамлекеттерге өтүү үчүн транзиттик база катары колдонуп жатышат.
– Кытайлар биздин жаштарга тилин үйрөтүү менен кытайлаштыруу максатын көздөшкөн жокпу?
– Чынында, азыр айрым өлкөлөр­дө англис эмес, орус тили да эмес, кытай тилинде сүйлөө актуалдуу. Кыргыз жаштары да дүйнөлүк өсүштөн калышпай кытай тилин өздөштү­рүшүүдө. Бизде ашып кетсе 10 миңдей кытай жашайт. Азырынча алардын Кыргызстанга тийгизген 2 зыяны бар: биринчиден, жергиликтүү жарандардын жумуш ордун ээлеши, бул – экономикалык зыян; экинчиден, Кытайдын жарандары биздин территория аркылуу башка өлкөлөргө өтүшүүдө. Кыргызстандын ансыз деле анча бийик эмес кадыр-баркын ого бетер төмөн түшүрүп, кошуналарга жаман көргөзүп жатышат.

«ОЙЛОНБОЙ КОЁ АЛБАЙБЫЗ»

Макалабыздын кириш сөзүндө кытай туугандардын айылдарда да бирин-экин отурукташып жатканын сөз кылбадыкпы, бул сөзүбүздү Ат-Башы айылынын тургуну, ошол райондогу “Элдик кыймылдын” жаштар канатынын лидери Айнура Сатыбалдиева тастыктайт.
– Биздин кыймыл коомдо болуп жаткан кооптуу көрүнүштөр көз жаздымда калып кетпеши үчүн түзүлгөн. Учурда толкундоо жараткан көрүнүштөрдүн бири бул – кытайлардын ата мекенибизди акырындык менен басып бара жаткандыгы. Бул боюнча ойлонбой коё албайбыз. Ушул жылдын эле 27-мартында биздин райондун Кара-Суу айылына барып келдик. Биз уккандай эле айыл тургундарынын бирөөсүнүн эки кабаттуу үйүн жети кытай батирге алып жашап жатышыптыр. Айына 13 000 сомдон бир жылдыкын алдын ала төлөшүптүр. "Кандай максат менен канча мөөнөткө келдиңер?" деген суроо узатсак, “котормочубуз жок, жетекчибиз борборго кеткен” деп жооп бербей коюшту.

Кытайлардын жергебизде көбө­йү­шү­ ар бир кыргызды ойлонтору талашсыз. Канчалык зыяны, канчалык пайдасы бар экенин изилдөө олуттуу маселе экени да анык.

КЫСКАЧА...

  • 70-жылдардын аягында калктын санынын кыйла көбөйүшү Кытай өкмөтүн катуу ойго салгандыктан, "Үй-бүлөдө бир гана бала төрөлүшү керек" деген мыйзам кабыл алынган.
  • 2000-2005-жылдары Кытайдын Хунань провинциясында 1968 чиновник бир балалуу болуу мыйзамын бузгандыктан, айып төлөөнү жогорулатышкан. Тактап айтканда, бир баладан сырткары төрөлгөндөрдүн ар бири үчүн 1 миллион юань (1 юань – 1 сом 61 тыйын) төлөшкөн.
  • "Кытай өкмөтү "Ата-эне бир гана балалуу болуу укугуна ээ" деген мыйзамды 2009-жылы жокко чыгарган.

Сүйүн Кулматова

koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
05.04.2010. 22:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
10-11-2009
Соӊку аракети:
10-07-2012 01:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Europa
0
Kytailar Germaniyada da tooooltura:)
06.04.2010. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайлар Италияда дагы аябай коп, булардын саны канча деги? Каяка барба кытайларды коросун.
06.04.2010. 12:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
24-02-2009
Соӊку аракети:
17-03-2011 17:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Kytaylardy uktap shatkan ashydaar dep koet eken go, asyr typ tynch, anan 20-30 shyldan kijin dujno shusundo asyrky Amerika shana Rossijaday taasirduu mamleket bolot dep. Oshon uchun , asyrtan bashtap, anglis tili menen kosho kytay tilin okup bashtash kerek.
08.04.2010. 09:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
04-04-2010
Соӊку аракети:
07-06-2013 15:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
UK
0
Kytilar Amerikada jainap ketishken.
09.04.2010. 07:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
07-02-2009
Соӊку аракети:
08-02-2018 19:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын,
0
Буларды жоготуш керек.. бул жакта калгысы бар экен да булардын...
09.04.2010. 13:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-04-2010
Соӊку аракети:
18-05-2010 18:13
Жынысы:
Белгисиз
0
кытайлардын максаты тынчтык жолу менен коншу мамлекеттерди анын ичинде кыргызстанды да ээлеп алуу болуш керек, бугунку кундо олкобуздо алардын кобойуусу ото кооптуу, жаны бийлик биринчи кезекте аларды кыргызстандан чыгарып салуусу керек
09.04.2010. 23:36 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
14-05-2009
Соӊку аракети:
03-01-2012 04:51
Жынысы:
Белгисиз
0
bizde ka4an normalnyi pasportnyi kontrol bolot owondo bizde kytailar azayat go, anan dagy alar da uje vzyatka emne ekenin en jakshy uironup kalywkan...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: