Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Актан Арым Кубат, кинорежиссёр: «АДАМ БОЛУП ТУРУП АЙБАНЧА ИШ КЫЛГАНЫБЫЗГА КАЙГЫРАМ. ЖАҢЫ ТАСМАМДЫН МАҢЫЗЫ ДА УШУНДА»

№743 27-январь-02-февраль, 2017-ж


– 3-4 жыл мурун «эч нерсе жасабай туруп интервью бере бермек белем» дедиңиз эле. Эми маектешчү учур келди окшойт...
– Мен өзүм кино көп тартпайм, оюм, ички толгоолорум бышканда анан тартат экенмин. «Свет аке» тасмасын тарткандан бери 7 жыл өтүп кетти. «Свет аке» менен «Маймылдын» аралыгы 9 жыл. Бул акчанын тартыштыгынан деле эмес. Каражат жагы продюсеримдин моюнунда.

– Башка кинорежиссёрлор акча издесе, сиз акчалуу продюсер издейт экенсиз да...
– Бул да тагдыр болуш керек. Коомдук ишмер Төлөндү Тойчубаев менен чогуу «Ой арт» компаниясын ачып бир нече тил билген, бухгалтерия, экономика жаатын түшүнгөн продюсерге сынак жарыяладык. Талапкердин бири болуп Алтынай Койчуманова келип калды. Уулум Мирланга турмушка чыгат деп деле ойлогон эмесмин. Ошондон бери Алтынай кинолорумдун такай продюсери. Учурдагы киночуларды көрүп жүрөм, алар үй-бүлө мүчөсүнүн бирин кыйнап эле акча жагын сен алып кетесиң деп продюсер кылып коюшат. Алтынай келин болгонго чейин эле бул жаатта бышып калган десем болот, продюсер катары «Боз салкын» фильмин чыгарган.
Негизи тасма айдыңына аралашкандан тарта эле чет элдик продюсерлер менен иштештим. Атайын деле издеген жокмун, тарткан фильмдерим менчик компаниялардан тартылып, башынан эле туура жолго түштүм окшойт. Азыр ата мекенибиздеги продюсерим Алтынай болсо, Францияда Чедомир Колар, Германияда Танассис Каратанос, Голландияда Дени Васлин, Японияда Юджи Садай. Булар менин чыгармачылыгыма кызыккан адамдар. Мен бир ой жаратсам, алар ошого каражат табышат.

– Жаңы тартылган «Кентавр» тасмасынын бет ачары Германияда болору бекеринен эмес экен да...
– Кинону тартып бүткөндөн кийин аны дистрибьюторлорго (ред. Тасманы тартуучу топтон алып, сатыкка чыгарган адамдар) сатабыз. Алар кинону кайсы фестивалда көрсөтүшөт өздөрү чечет. Андыктан бет ачардын кайсы бир өлкөдө болуп жатканына продюсердин тиешеси жок. Кино негизи былтыр март айында бүткөн, сатуучу бет ачарына ылайыктуу фестиваль издештирип жатып, 1 жыл өтүп кетти. Пусан, Таллин, Роттердам, Торонто кинофестивалдарына көрсөтүү сунушу түшкөн, деңгээлдери төмөн болгону үчүн макул болгон жокпуз. «Кентаврдын» бет ачары болчу Берлинале фестивалы дүйнөдөгү эң мыкты фестивалдардын бири.

– Кыргызстанда кинорежиссёрлор тартканга өзү акча табат, тартып бүткөн соң өзү чуркап прокатка коёт, ошондо сиздин прокат менен ишиңиз жокпу...
– Ооба, ошондой. Мисалы, көпчүлүк кесиптештерим өздөрү киного акча таап, өздөрү тартып, өздөрү сатышат. Акча таппаса да айрымдарынын аты чыгышы мүмкүн. Аты да чыкпай, акча да таппай калгандары канча? Актандын продюсерлери бар, ал киносун сатып жиберет деп ойлогон туура эмес. Сатып алуучу кинону кайра элге сатат да, ошондуктан фильм жакшы болуш керек. Эгер элге өткөрө албаса дистрибьютор күйөт да. Мен тарткан кинону КМШ өлкөлөрүндө өзүбүз сатабыз. Анткени биздеги кино тармагын алар баары бир бизден артык билишпейт. Сатуу менен да билген адам алектениши керек. «Свет аке» тартылып бүткөндө борбордогу кино театрлардын бирине сатыкка койдук. Кийин чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар менен жолуксам «тасмаңыздын үнү начар болуп жатат» деп айтып калышты. Алтынайга айтсам, ал барып өзү укту, чын эле кинонун үнү чыгып-чыкпай жатыптыр. Кинотеатрдын жетекчилигине айтсак «анда биз башка жерге которобуз» деп калышты. Андай болбойт деп чыгым болгонубузга карабай 1 жумадан кийин прокаттан алып салдык. Рысбек Жабиров менен жолугуп калсам, «байке, киноңузду бербейсизби прокатка коюп көрөйүн, бирок менде бир суроо бар» деди. Макул десем, «тарых музейинин жер төлөсүндөгү кинозалды сурап бериңиз» деди. Сураганда эмне, оңой эле да деп ойлогом. Кайдан? Ал жерге бир жыл мурун кезекке туруш керек экен. Маданият министрлигине чалып аке-жакелеп араң 20 күнгө алып бергем. 200 кишилик залга 20 күнү тең 2 сеанс менен эл толтура келди. Прокатка аралашып жүрбөгөн жаным туура эмес театрды тандап алып жатпаймынбы. Дистрибьютор дегендер прокатты билген адамдар болушу керек.

– Кесибиңиз боюнча кинорежиссёрсузбу?
– Алган билимим боюнча сүрөтчүмүн. Азыркы Көркөм сүрөт академиясын бүтүргөм. Окуумду аяктагандан кийин кыргыз киностудиясында сүрөтчү болуп иштедим. Кино тартуудагы менин корунганым ушул болуш керек, кино жаатында билим алган жокмун. Ошондуктан ката кетирип албайын деп ар бир ишти кылдаттык менен жасайм. Бардыгы тартип, талап, кырааты менен кетиши керек.

– Жол көрсөткөн устатыңыздын сизде салымы чоң экен да...
– Геннадий Базаровду устатым деп жүрөм. Базаров менен тасма талаасында чогуу иштешип көп нерсени үйрөндүм. Төлөмүш Океевди да устатым деп билем, ал кишинин мага тарткан кинолору жакчу. Союз тарар алдында менчик студия ачып, ошол жерден тартылчу киносун билими жок мага ишенип берген.

– Жаңы тартылган тасмаңыздын аты эмнеге «Кентавр»?
– «Кентавр» деген грек мифологиясында алды киши, арты ат болгон жандык. Биз, кыргыздар, илгери көчмөн эл болгондо тигил элди чаап алганбыз, буларды кырганбыз, анан алар бизден коркушчу деп санжыра айтып келебиз го. Тасмадагы башкы каарман дагы «биз илгери укмуш болчубуз» деп мактана берген адам. Эл аны шылдыңдап, "Кентавр" деген лакап ат коюп алышат. Биз бүгүнкү күндүн кентаврларыбыз деп айта алам. Айрымдар таарынат болушу керек. Бирок адам болуп туруп айбан жасачу иштерди кылып жатканыбызга кайгырам. Мисалы, кенедей баланы, жадакалса, атасы өз кызын, агасы карындашын, жаштар чоң апаларыбызды зордуктамай, атышмай, бири-бирин сатмай, уурдамай, эшектин этин жемей дегендей. Биздин өкмөттө азыр ууру эмес ким бар? Иши кылып жашообузга ушунчалык нааразымын. Мен негизи ислам динине каршы эмесмин. Мен да Кудай деген кишимин. Бирок эмнеге Кудайга араб тилинде кайрылышыбыз керек. Куран, намаз, келме бүт арабча. Кыргызча кайрылсак Кудай укпай коёбу? Кыскасы, ушул маселенин баары «Кентавр» тасмасында камтылган.

– Кажы-Сайда кино тартылып, биздин айылдагылар аты менен барып массовкага тартылышкан. Атам: «Режиссёр деген тамагы айрылгыча кыйкырган киши болот турбайбы» дегени эсимде, сиз да ошондойсузбу?
– Бизде режиссёр өкүрүп-кыйкырып башкарган, тамекини болушунча тарткан, кофени ичкен, өйдө-төмөн сүйлөгөн адам болот деген мода бар. Бирок мен андай эмесмин.

– Айылда турчу элеңиз, шаарга көчүп келдиңизби?
– Ооба, азыр шаарда кудамдын неберелерине белек кылган батиринде турам. Айрымдар, «кудаң берген үйдө кантип жашайсың?» деп шылдыңдап калышат. "Кудам берген эмес, неберелеримдин үйүндө жашайм" деп жооп берем.

– Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.

«Жубайым, кыздарым кино тармагында иштешпейт. Аларды тамашалап «бул кыздардын иши эмес» деп коём».


Уулум Мирлан менен келиним Алтынай. «Ата баласын мактабайт» деген кыргызда сөз бар, бирок «атасы баласы менен сыймыктанбайт» деген сөздү уга элекмин (күлүп), Мирлан менен сыймыктанам».


"Кентавр" тасмасынан. Бул чыгармада мен башкы каармандын образын жараттым. "Свет аке" каарманын да ойнободум беле. Дагы бир образ жаратуу менен кино тартып триптих кылайын деген кыялым бар".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(10)
01.02.2017. 10:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
15-11-2018 16:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
+4
Актан Арым Кубат ага Кыргызстанда сиз биринчилерден болуп аябай кымбат кино таркансыз. Кымбат десе эле атышуу жана фантастика эмес. Сиз эн жакшы сапаттагы ошол убакытардагы кодак пленкасы менен тарканыныз дале эсимде.
01.02.2017. 10:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
10-11-2016
Соӊку аракети:
07-05-2017 21:51
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишинизге ийгилик!!!
01.02.2017. 13:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
16-10-2018 00:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бешкемпир деген тасмасы менен тааныйм бул агайды. Биз анда 4-курс болчубуз университетте. Окуу жайдын иш-чарасы менен Оштон Бишкекке келип калсак кинотеатрда журуп жаткан экен, баарыбызды алпарышты. Ошондо ушунчалык сыймыктангам тасманын маанисине, актерлордун чеберчилигине, деги баарына. Ошол сезимдер азыр да сезилип турат. Сизден дагы коп-коп сапаттуу, терен маани камтыган эмгектерди кутобуз. Ой, лично мен кутом дегеним.
01.02.2017. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-06-2012
Соӊку аракети:
01-06-2018 10:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы. Бирок ошол жашоодогу зордук зомбулукка силердин да салымынар бар. Ачык кадрларды тарта берсенер жаштар да ошону жасап корот да.
01.02.2017. 17:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
22-12-2015
Соӊку аракети:
02-05-2017 14:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+5
Свет аке деген тасмасы бул айбанчылык
01.02.2017. 17:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
28-08-2016
Соӊку аракети:
09-10-2018 17:38
Жынысы:
Белгисиз
+4
Uson13,Ошону айт аялы жуундурганычы.
01.02.2017. 22:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
09-11-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 10:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Bew kempiri dele erotikalyk kadrdy kamtygan,mentalitetke tuura kelgidei kylyp tartkylachy...i basa kurandy kyrgyzcha kylyp okui beriniz birok kyraatyn kandai kylasyz?
02.02.2017. 16:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
03-01-2017
Соӊку аракети:
10-10-2017 08:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онгосун мактаса да Свет акесин мактабай эле койсо болмок экен.Итчилик менен наадандыкты даназалап кино деген эле аты болбосо корчу эч нерсеси жок.Бирок Беш кемпири деле Маймылы деле ооз толтуруп мактай турган фильмдерден эмес.Кыскасы ни рыба ни мясо дегендей эле.
05.02.2017. 04:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
600
Катталган:
22-04-2015
Соӊку аракети:
03-01-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ушундай адамдар да режиссер болуп журушот. На безрыбье и рак рыба дегендей да. Залкар кинорежиссерлордун козу отуп кетип,ушундайлар ордун басышты алардын.
06.02.2017. 12:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
02-02-2013
Соӊку аракети:
08-11-2017 09:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динди кошпой эле койсонор болмок экен.Ташка,сууга,сайга,ойго-тоого сыйынгандар деле журушот го?Кокурогу саландап,карылыгы жеткен энени (5кемпир)киного тартып, элдин пейилинин бузулушуна силердин салымынар ото чон "свет аке"! Кайдагы жомокту саймедирептир хеехх!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: