Ашказан жана 12 эли ичеги жарасынын жаралуусу жана дарылап айыктыруу жолдору тууралуу Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун ичеги хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Абдрасул Калжакеев айтып берет.
Учурда ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусу менен ооругандардын 70-90 пайызынын дарты дары-дармек менен айыкпайт же уламдан-улам кайталанып кармай берет. Буга туура эмес тамактануу, стресстин көптүгү, экологиянын начарлашы, жашылча-жемиштердин химиялык жер семирткич менен өстүрүлүп жатышы жана башкалар себеп болууда. Ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусунун өнөкөткө айланган, курч кармаган түрү бар.
КЕЛИП ЧЫГУУСУН ШАРТТООЧУЛАР
Хеликобактер пилори оорунун 75 пайызынын күнөөкөрү. Аталган бактерия ашказанды байырлайт. Ал ашказанга барып түшкөндөн кийин анын былжыр катмарын тешип кирип, тегерегиндеги клеткаларды жеп баштайт жана ууларды бөлүп чыгарууга өтөт. Тешилип калган жер ашказандын туз кычкылынан жана тигилер бөлүп чыгарган уулардан улам сезгенип, жара пайда болот. Бактериялар бара-бара былжыр катмарынан булчуң катмарына өтүп, андагы кан тамырды да жей баштайт. Кан тамыр жарылганда кан кусуу, ичтен кан кетүү күтүлөт.
Хеликобактер пилори организмге кир кол, булганган тамак менен суу, шилекей, идиш-аяк, өбүшүү аркылуу кирет.Адам кайгырып-капаланганда ашказанда туз кычкылы көп бөлүнүп чыгат. Тукум кууган түрүндө адамдын ашказанында туз кычкылы табиятынан көп болот. Эки көрүнүштө тең адам убак-убагы менен тамактанбай, ачка калуу өнөкөткө айланса, ашказанда тамак жок кезде ашказан былжырынын бети ачык калат да, туз кычкылы анын бетин оюп жиберип, жара жаралат.
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
ДИАГНОСТИКА
ДАРЫЛОО
Оору өтүшүп кетпеген болсо хеликобактер пилориге каршы антибиотиктер, ашказандын кычкылдуулугун төмөндөтүп, булчуңдарынын жыйрылуусун азайтуучу дары-дармектер, физиопроцедура, диета сунушталат. Оору татаалдашып кетсе, операция жасалат.
ДИЕТА
Жеп-ичүүгө сунушталат:
Кургатылган нан, сүттөн жасалган суюк тамактар жана ботко, жашылчадан суп-пюре, сууга бышырылган уйдун эти, боору жана майлуу эмес балык, айран, пюре түрүндөгү ашкабак менен сабиз, банан, кыям, сүттөгөн чай, компот. Күнүнө 6-8 жолу аз-аздан тамактануу зарыл. Жей турган тамак өтө муздак да, өтө ысык да болбошу шарт.
Баш тартуу керек:
Кара нан, пирожки, тез даярдалуучу тамак-аштар, газдалган суусундуктар, кофе, майлуу эт жана балык, каймак май, жумуртка, бадыраң, баклажан, козу карын, туздалган, сүрсүгөн жана ышталган азыктар, шоколад, томат соусу, мурч, калемпир, кычкыл жемиштер.
ДАРЫЛАБАСАОору өтүшүп баштаганда жаралар көбөйөт жана акырындап алар биригип, чырмалышып өсүп калат. Тегерек-чети берчке айланат. Акырындап коңшу жайгашкан органдарга (уйку бези, боор) да өтүп, аларда да жараны пайда кылат.
12 эли ичегинин бети айыгып, кайра жаңырып, карттанып жүрүп отурган жаралардан улам тырышып-бырышып, акыры бүтөлүп, өмүргө коркунуч жаратат. Ашказан жарасы ракка өтүп кетет, 12 эли ичеги жарасы ракка өтпөйт. Кан кусуу, ичтен кан кетүүдө дароо операция жасалбаса, адам көз жумат.
Андыктан оору белгилери билинер замат текшерилип, дарылануу зарыл.
КЫЗЫКТУУ
АШКАЗАН ЖАНА 12 ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРАСЫН ЭЛДИК МЕДИЦИНА МЕНЕН АЙЫКТЫРУУ
Эскертүү: Колдонуудан мурда врачыңыз менен кеңешиңиз!
Канымжан Усупбекова
densoluk@super.kg