Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Малик Аликеев: «БЕШ ЖАШЫМДА АТАМ КАЙТЫШ БОЛУП КАЛДЫ. АНЫ ЖОКТОП ЫРДАП ЭЛДИН БААРЫН ЫЙЛАТЧУМУН»

№744 03-09-февраль, 2017-ж.


«1969-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөм. 5 бир туугандын кенжесимин. Атам Жунуш 5 жашымда каза болуп, апам Калемкаш бизди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, эч нерседен кем кылбай чоңойтту» деген ырчы бала чагын эстеп өттү.

«60 КОЙДУ КАРЫШКЫРГА КЫРДЫРГАМ»

-Апамдын тарбиясы катуу болгондуктан, бала чагымда шоктугум жок болчу. Эл катары мал менен чоңойдум. Атам мага 1 кара кашка ат энчилеп кеткен экен, аны минип, 1 кара уюм бар эле, ошону айдап алып токойду аралап заңкылдап ырдап жүрчүмүн. Эсимде, 5-классымда кой жайып жүрүп 1 бала менен сүйлөшүп отура берип 60 койду карышкырга кырдырып алгам. Анан райондон комиссия келип ызы-чуу болду. Жарымын төлөп берип, жарымын башкарма «кенедей бала ээ боло албай калыптыр» деп эптеп жапкан.
Мен кичинекей чакта биздин көчө дайыма шаңдуу болуп турчу. Улуу-кичүү дебей чогулуп алып «Чабалекей», «Ортого түшмөй» деген оюндарды ойночубуз. Чүкөнү болсо катырчумун. Көчөмө-көчө кыдырып ойноп, футболкамды шымдап, курсакка окшотуп ичине толтуруп чүкө утуп келчүмүн. Мен келатканда балдар «Малик келе жатат, анын элик сакасы бар» деп коркуп турушчу. Чүкөлөрдүн арасынан жашылын, кызылын, жаңысын тандап атчумун. Сакаларды тешип коргошун куюп же зым ороп алгандардын айынан кээде чыр чыгып кетчү.
Жаңы жылды чыдамсыздык менен күтчүмүн. 3 күн калганда апам чийбаркыттан күрмө-шым тигип берип, ага чайдын жалтырак целлофандарын оймо-чийме кылып шымдын багелегине, күрмөнүн жеңине чаптап берет. Ошону мектепке кийип баруу мен үчүн укмуш сезилер эле. Бир туулган күнүмдө апам «Смена» үлгүсүндөгү фотоаппарат сатып берди. Аны мектепке алып барып классташтарымды сүрөткө тартып, үйгө келгенде сабакка даярданбай түнү менен сүрөт чыгарып, кургатып, эртеси алып барып берчүмүн. Кошуналарды, үйдөгү эжемдин балдарын жыйылып турган тезекке жөлөп коюп эле тарта берчүмүн.
Дагы бир туулган күнүмдө апам велосипед сатып берген. Аны жөн теппей гүл тагып, кооздоп тепчүмүн. Зымдан дөңгөлөк жасап, рогатка атып, айтор, түрдүү оюндарды ойноп чоңойдум.

«ОТУРУШКА 1 ЖОЛУ БАРГАНЫМ БИЛИНИП КАЛГАН»

-Атам жаш кезинде филармонияда иштептир. Устачылык жайы да бар эле, ал чапкан комузду 3-классымда өз алдымча үйрөнүп алгам. Ошондон тарта мектепте ырдап, «Коңколой-чоңколой» деген сатираларды аткарып жүрдүм. Комуз көтөрүп жүрсөм классташ балдарым мени шылдыңдашчу. 4-классымда арданып Жаңы жыл майрамында ырдабайм деп үйгө качып келдим. Анан апам «сен атаңдын жолун жолдобойсуң» деп көк чыбыгы менен сабап кайра мектепке кубалап келген. Апам мага:

Толукшуп жаткан кең жайлоо,
Тоолуктун малы жайласын.
Томсоруп ыйлайт Малигиң,

Торгоюм атам, кайдасың?
- деген сыяктуу саптары бар 5-6 куплет атамды жоктоо ырын үйрөтүп койгон. Ошону мектептен ырдап элдин бардыгын ыйлатчумун. Облустук, райондук иш-чараларга мугалимдер мени алып кетишчү. Ал кезде тартип күчтүү. 7-классыбызда отуруш уюштурдук. Ойлоп тапканыбызды айтпайсыңбы, башкаларга билинбейли деп кыздарды эркекче кийинтип отурушка алып бардык. Ал убакта балдар арасында эмне кылганыбызды мугалимдерге жеткирип турчу тыңчылар иштечү. Ошентип 1 жолу отурушка бара коёбуз деп мугалимдерге билинип калганбыз.
Бир күнү эле апам экөөбүз үйдө отурсак эшикте ит үрүп калды. Чыксам мектептин директору, тарбия иштери боюнча орун басары, класс жетекчим үчөө турат. Ичимден «эми булар мени жөн койбойт, апама айтышат экен» деп ойлодум. Үчөө үйгө кирип апама «биз жакшы жаңылык менен келдик. Маликти Фрунзеге Комсомолдун XVIII съездине чакыртып жатышат. Эртең ошого жибериңиз» дешти. Фрунзени, филармонияны, кинотеатрды ошондо 1-жолу көрүп алып таңыркап, оозум ачылган. Кайра айылга келсем мектепте «Малик Фрунзеге барып келиптир» деп күжү-күжү. Достор чогулуп сабак окумай жок. «Ток менен жүргөн автобус бар экен» десем, «ээ, ошондойбу?» деп сурашат, мен болсо аларга шаардын кооздугун айтып түгөтө албайм. Бир күнү мектепте чогулуш жасап, облустук комсомолдун 1-катчысы мага Ардак грамота анан 10 рубль берди. Ал акча ошондо чоң эле, аны апама бердим. Ошентип съезддин артынан отурушка барганым үчүн тил укпай калгам, андан кийин отурушка барган жокмун.

«КЫЗДАРДЫН ЧАЧЫН ПАРТАГА БАЙЛАП КОЙЧУБУЗ»

-7-класста 1 класс кийин окуган кызды жактырып калдым. Ага көрүнүш үчүн чачты суулап тарап, атты минип койкоңдотуп бастырып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Султанмураттай болуп атайын анын көчөсүнөн өтчүмүн. Жактырган кызыңа балдар менен чогуу барасың. Кыз 3 жолу жарыкты өчүрүп-күйгүзсө чыгам деген белгиси. Чыкканда болгону 3 сөз сүйлөйсүң. Ошол үчүн суукта тоңуп, кечтин киришин элеп-желеп болуп, сабагыңды да жакшы окуп күткөнүңдү айт. Бир жолу бир кызга барсак, килейген ит келип мени талап, мени коргойм деген досторум кошо таланган.
Классташ кыздардын чачтарын арткы партага байлап койчубуз. Анан мугалим фамилия менен тургузганда кыздар отуруп калышат. Кээде алар турганда отургучуна кнопканы чалкасынан коюп койчубуз. Алар отуруп, кайра секирип тура калышат да, мугалимден тил угат. Ошентип эле кыздарды ыйлатып жүрчүбүз.

«ИНДИЯ КИНОЛОРУНАН ТАЖАЧУ ЭМЕСМИН»

-Айылга индиянын кинолорун 10 тыйындан коюп келишчү. 10 тыйынды алыш үчүн таң атпай туруп, малды өз убагында жайгарып, короону таптаза кылып шыпырып, үйдүн полуна чейин жууп жиберчүмүн. Андайда апам «аа, бүгүн соо эмес» деп өзү деле сезип калат. Мага «эмне мынча лыпылдап калгансың?» деп, анан акча берет. Кинодон кийин кыздарды узатсаң узаттың, себеби алар да апасы же агасы сыяктуу «жан сакчылары» менен келет да, болбосо кыялдарга чөмүлүп үйгө жөнөйсүң.
Индиянын кинолорун көргөндөн тажачу эмесмин. 6-7 жолу көргөндөн кийин ырларын комузга салчумун. Азыр деле балалыкты эстеп кээде комузга салып чертип калам. Митхун Чакрабортинин сүрөттөрүн чогултуп альбомдорго чаптайсың. Азыр деле ал сүрөттөр альбомдордун арасында жүрөт. Чач жасалгаң да алардыкына окшош. «Романтик» деген магнитофонум бар эле. Ага индиянын ырларын жаздырып алып көчөдө көтөрүп басмай же үйдүн терезесин ачып коюп катуу жаңыртып коймой мода эле. Клёш шым, такалуу платформа деген туфлини мен да кийип калдым. Апам 10-классымда жазгы платформа туфли алып келиптир. Ошону кычыраган кышта үшүгөнүмө карабай мектепке кийип баргам. Элге көрсөтүш керек да (күлүп). Чачты суулап туруп улууларды туурап артка силкчүбүз да. Силксем эле апам «эй, моюнуң үзүлөт, силккенди ким коюптур сага» деп урушуп жатып калчу. Балалыгым ушундай өттү.

"Бала чагымда шоктугум жок болчу".


Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(11)
08.02.2017. 10:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
266
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
+6
Soonun maek boluptur. Balalyk kez sonun da!
08.02.2017. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
05-11-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 21:30
Жынысы:
Белгисиз
+12
Илгерки жигиттер ыймандуу болгон.кыздарга этият мамиле жасап.азыр инстада журушпойбу ким сулуу экен деп.
08.02.2017. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 19:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+13
Эн сонун маек болуптур......мен да отурушка барчу куну тандан кечке уйдун да, эшиктин жумушун бутуруп отуруп калчумун..Мамам кулуп эле калчу кундо чакырышса экен отурушка деп.......бирок в конце жиберчу эмес....рогатка атып....кечинде жашынмак ойногон кундорду сагындым...азыр айыл ичи тынч го......эч ким эшикке чыкпайт.......
08.02.2017. 15:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1746
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
13-09-2018 20:51
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы откон кезди эстегени индийский кинону кайра кайра коруп тажабайт элек...
08.02.2017. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 07:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
+3
Илгери жигиттер чачын ьстүрүп алышчу экен аа? Азыр кичине өзүп кетсе эле жүдөмүш көрүнө беришет го.....
Соонун маек болуптур. Ырлары жагат.
08.02.2017. 20:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
29-11-2016
Соӊку аракети:
23-02-2018 03:45
Жынысы:
Белгисиз
+6
чынында сонун маек болуптур окуп атып озумдун балалыгымды да эстеп кеттим биз да айылда малик байке айткан оюндарды ойноп чонойдук 2000-2007жылдары ошондой балалыгым отконго суйуном ушинтип эстегенге азыркы балдар кайдагы балекеттин баарын билишет чуко рагатка менен тушунугу жок болуп эле калдыго кийин балдары кандай оюн ойнодун эле десе word of tanks синий кит деп айтабы
08.02.2017. 21:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
09-03-2014
Соӊку аракети:
24-04-2017 16:35
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молмолумду эзип коетгоо
11.02.2017. 00:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
02-06-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 14:50
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балалык кез негизи эле эстегенде жузуно кулку жылмаю жана жаш аралашып кетет. Аа талантту адамдар романтикага жакын болуп аябай эле кыялга батса керек. Ийгилик Малик байкеге ......
12.02.2017. 00:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
19-09-2017 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+5
Малик байке ишинизге ийгилик,чыгармачылыгыныз оркундой берсин. Коптон бери мындай сонун маек окуй элек болчумун. Маанайым сууз жаттым эле. Окуп маанайым которулду.
13.02.2017. 19:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
31-08-2018 12:35
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бар болуңуз,ден соолук,чыгармачылык
ийгилик!
14.02.2017. 03:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
539
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 07:33
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окуп отуруп бир сонун кино коргондой эле болдум!)))
сонун маек болуптур!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: