"ЖЕР ТИТИРӨӨ ДЕП ОЙЛОДУМ"– 16-январь күнү эртең менен саат 7лер чамасында ойгонуп, балдарым түштөн кийин окугандыктан аларды ойготпой эле жандарына барып жаттым. Бир учурда бороон сыяктуу үн угулуп, жер улам акырындан титиреп катуулай берди. Ошол замат балдарымды ойготуп, бир бурчка чогулттум. Кийин катуу үн угулду да, үйүмдүн чатырына бир нерсе түштү. Үй-бүлөм менен бирге эшикке качып чыктык. Метеорит түштү го деп да ойлодум, көрсө, учак кулап, майда сыныктары үйүмдүн чатырына түшүптүр. Ал эми чоң бөлүктөрү бир эле метр жетпей калган. Кайра үйгө чуркап кирип төшөк алып чыгып балдарымдын үстүн жаап, коопсуз жерге алып бардым. Эшик аябай суук болуп, түтүндөн эч нерсе көрүнбөй жаткан. Аялым сол жагыбызда жашаган кошунамдын үйүн көрсөтүп, "Ороз үйүндө жок, балдары жалгыз калган болчу" деп кыйкырды. Аялымды, бала-чакамды үйү соо калган кошунамдыкына жөнөтүп, өзүм Ороздун үйүн көздөй чуркадым. Көрсө, ал кечинде үйүнө келген экен. Урандынын астында аялы менен уулу калып, кызын гана алып чыгыптыр. Аман калган кошуналар чогулуп жаткан тарапка Орозду жөнөтүп коюп, өзүм ызы-чуу болуп жаткандыктан учактын куйругу түшкөн жакка жөнөдүм. Ошол учурда дагы бир кошунам "балдарым" деп бакырып жаткан экен.
Караңгы, түтүн болгондуктан бири-бирибизди тааныбастан эле 2 адамды тирүү, дагы 2-3 адамдын жансыз денесин алып чыктык. Кийин эле ар жерде майда жарылуулар боло баштагандыктан, кайрадан үй-бүлөм жакка чуркадым. Барсам кошунам бир адамды уранды астынан алып чыгып коюптур. Анын астына төшөк салып, үстүн жылуулап, башка адамдар да уранды астында болушу мүмкүн деп издей баштадык. Жуурканды көрүп ача калсам кичинекей кыздын бети кан болуп жатыптыр. Дем алып жатканын байкап чыгардым, анан жууркан, жаздык көрүнгөн жерлерди каза баштадык. Нес абалда суук болсо да футболка менен жүрө бериптирмин.
"УРАНДЫ АСТЫНАН ЧЫГАРЫЛГАНДАРДЫ ТААНЫП БОЛБОЙТ ЭЛЕ"
– Уранды астынан казып чыгып жаткандарыбыздын да беттери кан, топурак болгондуктан таанып болбойт. Эң негизги оюбуз көбүрөөк адамды тирүү алып калуу болду. Адамдардын денесин тапсак астына төшөк салып, үстүн жаап эле кийинки үйлөргө өтүп кете бердик. Саат так канча болгонун билбейм, бир учурда "Манас" аэропортунун "Тез жардам" менен бир өрт өчүрүүчү унаасы келди. Жерде жаткан адамдарды "Тез жардам" унаасына салып баштадык. Чыгарылгандардын кээ бирлери биз барганча каза болуп калышкан экен. Аман калган кошуналардын айрымдары өлүктөрдү, жараат алгандарды көтөрүшпөй, "өлүктөн коркобуз, чыдай албайм" деп жардам бербей коюшту. Анысы аз келгенсип кээ бирлер телефонуна сүрөткө, видеого тартып жүрүшүптүр. Дарыгерлерге "жаракат алган адамдарды ооруканага ташый бербейсиңерби" десем, "ушунча адамды бир унаа менен кантип ташып бүтмөк элек, азыр шаардан дагы унаалар келет" деп болбой коюшту.
Ошол убакта бир үйдөн жалгыз тирүү калган Жакшылык аттуу 8 жашар баланы бизге алып келишти, анан анын үй-бүлөсүн издей баштадык. Уранды астынан атасын алып чыкканда ал тирүү эле, кийин гана "Тез жардам" унаасынан каза болуптур. Элдин айтымында, Жакшылыктын атасы учак кулап келе жатканда үйдөн аны түртүп чыгарып, башкаларын алып чыгуу үчүн киргенде үйү басып калган. Кийин куткаруучулар аймакка лента тартты да, бизди чыгарып салышты.
"КЕЛГЕН ЖАРДАМ АДИЛЕТСИЗ ТАРАТЫЛДЫ"
– Күндө көрүп жүргөн кошуналарыбыздан, балдарыбыз менен ойноп жүргөн алардын балдарынан айрылып калган оор экен. Айрымдары кеч куткарылып, көбү каза болуп калды. ӨКМдин кызматкерлери негизинен оор нерселер басып калган үйдөгүлөрдү чыгарышты, жергиликтүү тургундар болсо жабырлануучулардын көпчүлүгүн куткарып чыктык. Алды, арка жана сол тарабымдагы кошуналарымдын үйлөрү кыйрады. Үйүмдүн ичинен жарака кетип, шыбым түшүп калган. Азыр да үй-бүлөм ошол эле жерде жашап жатат. Керосиндин зыяны балдарымдын ден соолугуна таасирин тийгизип, алар да ооруканага жатып калышты.
Айылыбызга бийлик өкүлдөрү барганда "баарын жайгаштырып, каза болгондорду жерге берип алалы. Кийин гана кимге кандай жардам беребиз карап көрөбүз" деген болчу. Андан сырткары ар тараптан гуманитардык жардамдар келе баштады. Бирок анын көпчүлүгүн кырсык болгон аймактан алыста жашагандар эле ала беришиптир. Биз нааразычылык билдиргенден кийин гана учак кулаган жакка алып келе башташты. Кырсык болгон жерде 2 күн электр жарыгы болгон жок. Ошол учурда психологдор менен милиция кызматкерлери тынбай бизден кабар алып турушту.
Мен ал жерди жумушума жакын деп 2008-жылы сатып алгам. Окуя болгондун эртеси аэропортко жумушка барсам ишканабыздын дарыгери "психикалык сокку алыпсың, дагы деле беттериң тырышып жатат" деп ооруканага жөнөттү. Бишкекке ооруканага келсем, дарыгерлер абалымды сурагандын ордуна учактын кантип кулаганына кызыгып жатышты. Мен дарыланууга окуя болгондон бир жума өткөндөн кийин келип жаттым. Мени ооруканага өлүктөрдү ташып жатып чочуп калган, психикасы жабыркаган болушу мүмкүн деп жаткырышты. Биринчи келгенимде дарыны өзүм сатып алып жаткам, кийин гана врачтарга "бизди бекер карайт деген" деп кайрылып, акысыз дарыланып баштадым.
"БАШЫНДА УЙКУДАН ЧОЧУП ЖАТЫШКАН"
Каарманыбыз дарыланып жаткан Психикалык ден соолуктун республикалык борборунун дарыгери буларды айтып берди:
– Учак кырсыктаган аймактан бизге 2 жаран кайрылган. Алар алгач келгенде уйкудан чочуп ойгонуп жатышкан, азыр жакшы болуп калышты. Оору белгилери байкалбаганы менен, шашпай дарыланып чыгышканы дурус. Так диагноз коюлган жок, болгону окуядан улам чочуп калган. Алар качан ооруканадан чыгары азырынча белгисиз.
ПСИХОЛОГДОН КЕҢЕШ
Медициналык-психологиялык жана психотерапевттик жардам медициналык борборунун дарыгери Жаныбек Ажибеков каарманыбызга төмөнкүдөй кеңеш берет:
– Учак кулаган аймакта Мирлан Токоев сыяктуу ондогон адамдар болгон. Ушул сыяктуу кандуу окуядан улам психикалык жаракат алгандар түрдүүчө зыян алышы мүмкүн. Алар топторго бөлүнөт: 1-топко жакындарын жоготкондор, кийинкиге Мирлан Токоевге окшоп окуя чордонунда жүргөн адамдар кабылышат. Токоев нервди калыбына келтирүүчү дарылардын баарын кабыл алып, атайын врачтын кароосунда турганы оң. Окуяны канчалык эрте унутуп, сакайып кетүүсү өзүнүн эркинен, жөндөмүнөн көз каранды. Учурунда толук дарыланбаса, кийин ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бектур Токтоноев
koom@super.kg