ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

САЯКАТ

Стоповер – бул бир жерден экинчи жерге баратып орто жолдо тыныгып алуу. Мисалы, жүргүнчү транзиттик авиакаттам менен бир жакка учуп баратып, ортодон учак 24 саат же андан ашык убакыт белгиленген шаарга токтоп тыныкса, жүргүнчүлөр убакытты бош кетирбей ошол шаарды кыдырып тааныша алышат. Бул сөздүн башаты англис тилинен чыккан, «тыныгып алуу» деп түшүндүрүлөт. Бир шаарга баратып ортодон эле башка бир шаарды көрө кетүү чөнтөккө күч келтирбейт.


ТЕХНИКА


Флэтлей
– бул Инстаграмдагы кеңири таралган сүрөт түрү. Англис тилинен келип чыккан. Бизче которгондо – «жалпак жайгашуу» дегенди билдирет. Сүрөттү флэтлей жанрында тартуу үчүн тегиз нерсенин үстүнө керектүү нерселерди коюп, камераны өйдө жактан кармап тартуу керек. Жакшы флэтлей чыгаруу үчүн көлөкөдөн качуу зарыл.



СПОРТ


Ультрас – Спорттук командаларды колдоочу күйөрмандар тобу. Көбүнчө футболдук командаларды колдоп, сүрөөчүлөр. Алардын өздөрүнө тиешелүү жүрүм-турум эрежелери, атрибуттары бар. Сүйүктүү командасын оюндарга коштоп барышат, билет да таратышат же сатышат.
Ультрас кыймылы Европада жана Латын Америкада кеңири тараган. Мисалы, Италияда дээрлик бардык спорттук клубдар ультрастардын башчысы менен кеңешип иш кылышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан