«Салам, Нью-Йорк!» тасмасынын жаратуучулары Кыргызстанды, АКШны, Казакстанды бириктирген «Апамды издеп» фильмин жарыкка чыгарышты. Тасманын режиссёру Руслан Акун жана продюсери Нурбек Айбашов менен тасма тууралуу кенен баарлаштык.
– Сөздү сизден баштайлы, Руслан, «кыздуу болгондон кийин «Апамды издеп» тасмасын тарткым келди» дедиңиз эле, экөөнүн кандай байланышы бар?
– Кыздуу болгондон кийин бала менен чоң адамдын ортосундагы мамилени чагылдырган кино тарткым келди. Өзүңөр билгендей, акыркы убакта жаңылык окусак эле үрөйдү учурган кабарлар. Ошондой көйгөйлөрдү камтыган тасма менен көрөрмандарды туура багытка үндөйлү дедик.
– Аталган тасманын бет ачарына АКШдан атайын келдиңизби же окууңуз соңуна чыктыбы?
– Окуум соңуна чыга элек, дагы бир семестр калды. Атайын кинонун бет ачарына келдим. Казакстандагы премьерадан кийин 15-февралда кайра кетем.
– Нурбек, «Апамды издеп» тасмасы Руслан экөөңөрдүн экинчи долбооруңар, кинопродюсерликке кандайча кызыгып калдыңыз?
– Нью-Йоркко бир программа менен барып, машина сатып алайын деп жүрүп Руслан менен таанышып, дос болуп калдык. Руслан АКШдан келип кино тармагына багыт алып «Бишкек, мен сени сүйөм» фильмин тартты. Мен болсо ишкерликке кеттим. Бир жолу түшкү тамактанууда экөөбүз сүйлөшүп отуруп Американын жашоосун чагылдырган кино тартпайлыбы деген идея жаралды. Анан келишим түзүп «Салам, Нью-Йорк!» фильмин тарттык, ошондон бери чогуу иштешип келе жатабыз.
– Ошондо кайсы кесиптин ээсисиз? Ишкерликтин кайсы түрү менен алектенесиз?
– Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында бир жарым жыл окугандан кийин, алардын билимге анча умтулбаганын көрүп Кыргыз-Орус Славян университетине которулуп, экономика факультетин аяктадым. Анан АКШда гид болуп, эт комбинатында да иштеп жүрдүм. Ошону менен ишкерликке кызыгып кеттим. "Clean Water" аталышындагы компаниям бар, сууну тазалоочу жабдыктарды сатам. Андан тышкары Украинадан, Орусиядан кондитердик азыктарды алып келем. Үчүнчү тармагым чыгармачылык болуп калды. Кино тартуу жагынан мен Руслан менен гана иштешем. Тасманы каржылоону өзүм моюнума алганга аракет кылам. Бирок азыркы тасмабызда сапатка көңүл бургандыктан, менин чөнтөгүм чак келбей, банктардан насыя алганга туура келди. Кинонун жалпы бюджети
400 миң долларды түздү.
– Жаңы тасма Казакстанда, АКШда да көрсөтүлөбү?
Н.: – Кыргызстандын кино рыногу кичинекей, сапаттуу тасмалар өзүн актабайт. Ошондуктан Казакстандын актёру Тауекел Мусилимди чакырып, Азамат Улановдон кийинки башкы ролду аткарды. АКШда дагы продюсерлер менен келишим түзүп иштештик, 3 өлкөдө тең көрсөтүлөт.
– АКШда кино тартуу оңойбу? Мисалы, актёрлорду, тартуу аянттарын табуу, акысын төлөө кандай болот?
Р.: – Кыргызстанда кино тартуу АКШга караганда оорураак. Жакшы команда топтош үчүн көбүрөөк күч сарпталат. Бул жакта өз жумушун мыкты билген 2-3 эле адам болушу мүмкүн, аларды күтүп калышыбыз ыктымал. Америкада кандай роль болбосун ылайыктуу актёрду оңой тапса болот. Биздин тасмада ойногондордун ичинен Азамат жана аны коркуткан жатак мектептеги 2 бала гана профессионал актёрлор эмес. Голливудда актёрлорго канча төлөнсө, баарына ошончо гонорар төлөндү.
– Башкы каарман Азамат өз ролун мыкты аткарыптыр, ал дагы кастинг менен алындыбы?
Р.: – Сценарий башында эле Азаматка арналып жазылган. Юмор жагын мыкты аткарарын билчүмүн, бирок драма жагын ойной алабы деп кабатыр болгом. Азамат ал жагын дагы мыкты ойноп, өзүңөр көргөндөй, залдагы элдин баарын ыйлатты.
– Тасма өзүңөр күткөндөй жыйынтык бердиби?
Н.: – Бир жарым жылдан бери ушул долбоордо катуу иштедик, майын чыгардык деп эсептейм. Буюрса, 7 мамлекетте көрсөтөлү деген оюбуз бар. Башы биз ойлогондон да жакшы башталды. Көрүп отургандар бир нече жолу тынбай кол чабышты, мен аны күткөн эмесмин. Каткырып күлүштү, соңунда көздөрүнө жаш да алышты. Чыгармачыл адамдар үчүн бул чоң колдоо экен.
– Сюжети турмуштан алынганбы?
Р.: – Жетим балдар менен маектешип, алардын реакциясын көрүп, ошонун негизинде сценарий жазылды.
– Кинодо юмор да көп орунду ээлейт экен, башында эле комедиялык жанрды тандадыңар беле же сценарийди тамашоучулар жазган үчүнбү?
Н.: – Башында ушундай тарталы деп сценарийдин сөөгүн Руслан түзүп берди. Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу көзүн, колу-бутун жасап чыгышты десек болот. Арасындагы юморду балдар өздөрүнүн чеберчилиги менен кошушту.
– Тартуу учурунда кызыктуу окуялар болдубу?
Р.: – АКШда адамдар өздөрү эч нерсе кылышпайт. Кран бузулуп калып үйүнүн баарын суу каптап кетсе деле адисти күтүп отура беришет. Аюуну тартып жатканыбызда аны көрүү үчүн кымбат машина минген америкалыктар келишкен. Бирөөнүн дөңгөлөгү жарылып калып, эмне кылам деп далдырап эле отуруп калды. Нурбек бирөө менен бир заматта алмаштырып берип койсо аябай таң калды.
– Алдыда кандай максаттар, кыялдар бар?
Р.: – Алдыда өлкөбүзгө керектүү өзгөрүүлөрдү алып келчү чоң долбоордун үстүндө иштейли деген оюбуз бар. Ал долбоордун аты – «Аманат». Компьютердик графика колдонулгандыктан чоң суммадагы каражат да керек.
Н.: – Руслан үчүн да айта кетейин, досумдун чоң кыялы – «Оскар» алуу. Ошондуктан колумдан келишинче Русланга жөлөк-таяк болууга даярмын. Ага ишенүү керек. Ишеним болсо кандай кыял болбосун багынтуу мүмкүн.
– Жеке жашоону да камтый кетели, Руслан, кызыңыз чоңоюп калдыбы, тили кайсы тилде чыкты?
Р.: – Кызым 1 жаш 8 ай болду. Апам «сенин эле көчүрмөң» деп калат. Азыр апасы менен АКШда. Сырттан келгенде «папей» деп чуркап келет. Тили аралаш чыкты, алманы «аpple» дейт, сууну «суу» дейт. Алыс кеткенде кызымды аябай сагынам, азыр аябай сагынып жатам.
Н.: – Менин 1 кыз, 1 уулум бар. Жумушум оор, ошого карабай үй-бүлөмө дайыма көңүл бурганга аракет кылам.
– Маегиңиздерге рахмат. Ишиңиздерге ийгилик. Тилегиңиздер ишке ашсын!
Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg