Эсиңиздерде болсо, 2015-жылы "Жоголгон уйлардын изи менен" деген аталыштагы макалабыз жарык көргөн эле. Анда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Биринчи Май айылынын тургундары 20дай уй уурдатып, бул кылмышка шектүүлөр кармалганы жазылган. Бул иш боюнча Ала-Бука райондук соту 2017-жылдын 6-январында кылмышка шектелип кармалган Манасбек Каракойчиев менен Курбонали Шайназаровду 9 жылга, ал эми окуучу Стамбек Алымбек уулун 1 жылга шарттуу мөөнөткө эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнө күнөөлүү делген тарап макул эместигин билдирип Жалал-Абад облустук сотуна кайрылышкан.
"ИНИМДИ ДАЛИЛИ ЖОК 9 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТТЫ"
9 жылга эркинен ажыратылган Манасбек Каракойчиевдин эжеси Салима Каракойчиева соттун өкүмүнө нааразылыгын билдирди:
– Милиция кызматкерлери Абдугафар Эргашов деген кишини күбө катары колдонушуп, ишти чала-була тергеп сотко өткөрүп берип коюшту. Сот болсо далили жок эле инимди 9 жылга эркинен ажыратты. Кылмыш кылганы боюнча далил жок экенин мындан эле билсеңиз болот, күбө Абдугафар Эргашов "Манасты тааныбайм, телефондон байланышкам" дейт. Алардын уйларды айдап баратканын же сатып жатканын көргөн эч ким жок. Милиция кызматкерлери аларды кармап, уруп-согуп күнөөнү моюндарына алдырып коюшкан. Иним психиатриялык ооруканага бир жарым ай дарыланып келди.
"ЭМИ ИНИМДИН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ БОЛОТ БИЛБЕЙМ"
Стамбек Алымбек уулунун агасы Калыбай Жанболотов буларды айтты:
– Стамбек томолой жетим, менден башка жакын адамы жок. Милиция кызматкерлери аны мектептен кармап кетишип, кылмышты моюнуна алдырып коюшкан экен. Сот болсо 1 жылга шарттуу түрдө кести. Эми келечеги кандай болот билбейм. Өзүм болсо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарындамын, үйдөн чыгалбай, сот иштерине катышпай калдым. Бул милиция кызматкерлеринин гана кылган иши болуп жатат.
"КЫЛМЫШТЫ МОЮНГА АЛЫП, ТӨЛӨП БЕРЕБИЗ ДЕШКЕН"
Мал сарайда турган уйлары уурдалып, малын өндүрө албай жүргөн жабырлануучулар башкача пикирде. "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" деген жабырлануучу Досаалы Балтабаев төмөнкүлөрдү айтты:
– Кармалып, соттолгондордун малыбызды уурдашканы чындык. Стамбек менен Курбонали кылмыштарын моюнуна алып, "малыңарды төлөп беребиз" дешкен эле. Анан өкүм чыккандан кийин чалкасынан кетип жатышат. Булар 19 баш уйду уурдаганын моюнуна алышкан. Өзүбүз эптеп-септеп күн кечирип жатканда догурунбай жок дегенде уурдалган малды төлөп беришсе жакшы болмок.
"АЛАР КАРМАЛГАНДАН БЕРИ АЙЫЛДА МАЛ УУРДАЛА ЭЛЕК"
Ала-Бука РИИБинин жетекчисинин орун басары Баатыр Култаев бул иш боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
– 2014-жылы 14-декабрда мал уурдаганга шектелип Манасбек Каракойчиев, Курбонали Шайназаров, Стамбек Алымбек уулу дегендер кармалган. Тергөө иштеринде алардын Биринчи Май айылынын тургундарынын малын уурдап кетип, сатып жүрүшкөнү аныкталган. Алар малды кайдан, кантип уурдашканын, сарайга кантип киришкенинен бери айтып беришкен. Абдугафар Эргашов деген өзбек жараны уурдалган малды сатып алып жүргөн деген маалымат түшкөндө, биз ал адам менен сүйлөшкөнбүз. Ал "малды чек арага алып келип, мага сатышчу. Мен малды союп сатып жүргөм, бирок алардын уурдалганын билген эмесмин" деп көрсөтмө берип, көрсөтмөсүн нотариус аркылуу күбөлөндүрүп таштап кеткен.
Райондук сот кармалгандардын экөөнү 9 жылдан эркинен ажыратып, бирөөнү 1 жылга шарттуу мөөнөткө кескен. Эми облустук сотко арыз менен кайрылышыптыр. Буга чейин кармалгандардын жакындарынын кайрылбаган жери, жазбаган арызы калган жок. Баарына биз тийиштүү жоопторду бергенбиз. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, булар кармалгандан бери аталган айылда бир дагы мал уурулук фактысы каттала элек.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg