"АРЫККА ТАШТАП, ҮСТҮНӨ ЖҮГӨРҮ ЖААП КОЙГОН"Окуя тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматкери Дамира Юсупова буларды билдирди:
– 2017-жылдын 5-февралында саат 11лерде Кадамжай РИИБинин Марказ айылдык милиция бөлүмүнө Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын тургуну кайрылып, өзүнүн үлүш жеринде кишинин өлүгү жаткандыгы тууралуу кабарлаган. Ал жерге Баткен ОИИБинин, Кадамжай
РИИБинин жетекчилери баштаган ыкчам иликтөө тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшкөн. Арыктан бет сөөгү жанчылып киши колдуу каза тапкан өспүрүмдүн денеси табылган. Дененин үстүнө жүгөрүнүн паясы ташталыптыр. Маркум Көк-Талаа айылындагы К.Саттаров атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу 2002-жылы туулган Эрлан Жыргалбек уулу болуп чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын өлүмүнө шектелип ошол эле мектептин 8-классынын окуучусу 2002-жылы туулган М.А. кармалып, ал кылмышты моюнуна алган. Экөө параллель класста окушчу экен.
Бул факты боюнча 2017-жылдын 5-февралында Кадамжай РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Тийиштүү соттук экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
"ӨЗҮМДҮ ТОКТОТО АЛБАЙ КАЛДЫМ"
Кылмышка шектүү тергөөдө төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– 2017-жылдын 3-февраль күнү Эрлан телефон чалып, жолугалы деп мени чакырды. Экөөбүз көчөдөн жолугуп, айылдын четине бардык, ал жерден мага "телефондон алып койгон флешканы кайтарып бербесең сени милицияга берем" деп коркута бергендиктен экөөбүз мушташа кеттик. Ал урганда мен жерге жыгылдым. Өзүмдү токтото албай калдым, таш менен анын бетине уруп жанчып салдым. Карасам өлүп калыптыр. Анан аны арыкка жаткырып, жанындагы уюлдук телефонун таштардын арасына жашырып коюп кетип калдым. Ошол түнү уктай албай чыктым, эртеси, 4-февралда кайра экөөбүз урушкан жерге барып, арыкта жаткан Эрландын үстүнө ошол жердеги кургап калган жүгөрүнүн паясын жаап кетип калгам.
Кылмышка шектүү жашырып койгон жерден маркумга таандык уюлдук телефон жана маркумду уруп өлтүргөн таш да табылган.
"АТАСЫ КАЗА БОЛУП КАЛГАН, АПАСЫ БОЛСО ОРУСИЯДА ИШТЕЙТ"
Кылмышка шектелип кармалган окуучунун класс жетекчисине байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ал окуучунун жүрүм-туруму жакшы, орто окуган окуучу болчу. Атасы каза болуп калгандыктан, апасы балдарын багуу үчүн Орусияга иштегени кеткен. Балдар чоң атасынын көзөмөлүндө болчу. Башка эч нерсе айталбайм, себеби тергөө иштери жүрүп жатат.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg