Калориясы – 100 граммында 40 ккал
Курамынан А, В2, В9, С, РР витаминдерин, темир, жез, цинк, йод, калий, кальций, магний, фосфор, макро жана микроэлементтерди табууга болот.
Апельсиндин мекени – Кытай. Европага биздин эранын 15-кылымында гана тарай баштаган. Бүгүнкү күндө ири апельсин плантациялары Бразилияда, АКШда жана Индияда бар. Мындан сырткары Түштүк Африка Республикасы, Испания, Түркия, Мисир, Италия апельсин өстүрүү жана экспорттоо боюнча алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет.
Апельсиндин 400дөн ашык түрү бар. Бирок багбанчылыкта анын 20-30 сорту гана өстүрүлүп келет. Алардын ичинен 4 түрү кеңири тараган.
Апельсин дарагынын бийиктиги 10-12, ал эми карлик бактарыныкы 4-6 метрге чейин жетет. Жакшы каралса 75 жылга чейин мөмө берет. Ак түстө гүлдөйт.
Апельсиндин кабыгынан, жалбырагынан, гүлүнөн эфир майлары алынат. Алар бет терисин күтүүдө, бырыштарга, тактарга, целлюлитке, стресске, какачка, кургак чачтарга каршы колдонулуп келет.
ПАЙДАСЫ
Эскертүү! Апельсин ашказан жарасы, гастрит, кант диабети жана цитрус мөмөлөрүнө аллергиясы барларга сунушталбайт.
АПЕЛЬСИН КОШУЛГАН ТООК ЭТИ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Тооктун этин муздак суу менен жууп, анын үстүнө соя соусун, балды, апельсин ширеси менен майдаланган кабыгын жана татымына жараша туз, татымалдарды кошуп аралаштырып, 5-6 саатка маринаддап коёбуз.
2. Табага фольганы төшөп, этти салып, үстүнө апельсиндин кесимдерин тизип бетин жабабыз. 220 градус температурада ысып турган электр мешинде 25 мүнөт бышыруу керек. Андан соң фольганы ачып, дагы 10-15 мүнөткө салабыз. Эт ширелүү болсун десеңиз, 1 стакан суу же этти маринаддаганда чыккан ширени куюп койсоңуз болот.
АПЕЛЬСИН ЦУКАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Апельсинди жууп, кабыгын аарчып, өзүбүз каалагандай формада кесебиз.
2. Буларды мискейге салып, муздак суудан куюп, 10 мүнөт кайнатабыз. Суусун төгүп, үстүнө муздак суудан куюп, 1 чай кашык туз салып дагы 10 мүнөт кайнатабыз. Бул ыкма апельсиндин кабыгындагы ачуудан арылтат. Аны менен катар түсүн жана жыпар жытын сактайт. Туздуу сууну төгүп, үстүнө кайра муздак суудан куюп дагы 10 мүнөт кайнатабыз. Эми сууну төгүп сарыктырабыз.
3. Сироп даярдоо: 2 стакан кумшекерге 1 стакан сууну, 1 чай кашык лимон ширесин кошуп жай отто кайнатабыз да, ага апельсиндин кабыгын салабыз. 20-30 мүнөт кайнаткан соң апельсиндин кабыгын сүзүп алуу керек. Эми табага пергамент кагазын төшөп, бетине апельсиндин кабыктарын тизип, электр мешине 20 мүнөткө салып тоборсутуп, үстүнө кумшекерден себелеп коёбуз. Цукаттын бир учун эритилген кара шоколадга малып, тоңдуруп жасоого да болот.
АПЕЛЬСИН ПИРОГУ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Апельсинди жууп, майда туурап, блендерге салып майдалайбыз.
2. Жумшак майга кумшекерди салып аралаштырып, үстүнө жумуртканы, көбүрткүчтү, тузду салып аралаштырабыз да, үстүнө эзилген апельсинди салабыз. Буларга унду кошуп жакшылап аралаштыруу керек.
3. Табаны бир аз майлап, ага даяр болгон камырды куябыз да, 175 градуска коюп кызарганча бышырабыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg