Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп ОКТЯБРЬ АБДЫКАИМОВ дайындалды. Буга чейин ал аталган кызматтын төрагасынын орун басары болуп иштеп турган.
2016-жылы Кыргыз өлкөсүндө 5868 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталган. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 16 пайызга аз. Аталган маалыматты ИИМден билдиришти.
Түп районунун Кең-Суу айылында тоого мал айдап кеткен 13 жашар бала КӨЧКҮДӨ калып каза болду. Бул маалыматты ӨКМдан тастыкташты.
2016-жылы жалпы МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗДЫН көлөмү 300 миллион долларга өскөн. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 31-декабрында 3 миллиард 805 миллион доллар болсо, 2016-жылдын 31-декабрында жалпы мамлекеттик карыз 4 миллиард 105 миллион долларга жеткен.
ИИМдин жана УКМКнын изилдөөлөрүнүн натыйжасында ЭКСТРЕМИСТТИК маанайда деп табылган 86 веб-сайт жабылды. Аталган маалыматты УКМКдан кабарлашты.
Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө СПИРТ ИЧИМДИГИН сатууга тыюу салынып, дүкөндөрдөн сатыктагы 26 550 сомдук спирт ичимдиги алынып, жок кылынды.
2016-жылы Кыргыз өлкөсүнө 19 миллион 769 миң 179 таңгак ДАРЫ-ДАРМЕК каражаттары 806 миллион 279 миң 445 сомго алып келинген. Аталган маалыматты Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинен маалымдашты.
Жогорку Кеңештин депутаты АИДА САЛЯНОВАГА козголгон кылмыш ишинде саясий куугунтук бар-жогун иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү. Аталган демилгеге 105 депутат макул деп добуш берди.
Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директорлугуна ГҮЛМИРА ШАКИРОВА дайындалды. 2016-жылдын 23-декабрына чейин бул кызматты Рустам Курманов башкарып турган.
Транспорт прокуратурасынын иликтөөсү боюнча, Баткен жана Жалал-Абад АЭРОДРОМДОРУНУН аймагында 20дан ашуун жер тилкеге мыйзамсыз курулуш курулган. Аталган маалыматты 6-февралда Башкы прокуратурадан кабарлашты.
2016-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин 29 жетекчиси кетирген кемчиликтери үчүн ИШТЕН БОШОТУЛГАН. Министрдин айтымында, бул сан 2015-жылга салыштырмалуу 14кө аз.
9-февраль күнү Бишкектин тургуну таштанды таштоочу жайдан МИНА жана Дегтярёв, Шпагин пулемётторунун ок салуучу кутусун тапкан. Учурда анын кимге таандык болгондугун УКМК иликтеп жатат.
"ӨНҮГҮҮ" фонду менен "ЗАМАНДАШ" ассоциациясы эмгек мигранттарынын укуктарын колдоодогу иш-аракеттерди бириктирүү боюнча меморандумга кол коюшту. Аталган биригүү 9-февралда болуп өттү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.