Нарын шаарынын тургундары 6-февралда электр энергиясынын лимитин көбөйтүү боюнча борбордук аянтка митингге чыгышты. 2014-жылы бекитилген тариф боюнча нарындыктар октябрдан апрелге чейин айына 1000 кВ/саатка чейин 77 тыйындан, ал эми андан ашкандарга 2 сом 16 тыйындан төлөө бекитилген. Митингге чыккандардын талабы Нарындагы табигый шартты – суукту эске алуу менен 1000кВ/сааттык чекти 2000 кВ/саатка көтөрүү болду. Жалпысынан митингге 100дөн ашуун адам катышып, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов алар менен жолукту. Ал электр энергиясы боюнча коюлган талап 2018-жылдагы тариф саясатына киргизүүгө сунушталганын билдирди. Облус жетекчиси аталган митингдин артында саясий күчтөр болушу мүмкүн деп баа берүүдө. Бектур Токтоноев
politika@super.kg