Мурунку премьер-министр Темир Сариев президенттик шайлоого расмий түрдө аттанды. Мындай чечим "Ак шумкар" партиясынын 4-февралда Бишкекте өткөн жыйынында кабыл алынды. Жыйынга республиканын бардык аймагынан келген 200 делегат катышты. Президенттик жарышта кимди колдой тургандыктарын ачыктап экс-депутаттар Курманбек Осмонов, Чолпон Жакупова жана Эсептөө палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимова да бул жыйынга катышты. Темир Сариев: "Өкмөт башчы болуп иштеп турганда өлкөнүн потенциалы жогору экенин көрдүм. Кыска убакыттын ичинде секирик жасай алабыз",- деди. Саясатчынын штабынан билдиришкен боюнча, жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык аймагында партиянын штабдары ачылып, аймактарда Сариевдин эл менен жолугушуулары уюштурулмакчы.Бектур Токтоноев
politika@super.kg