АТАМБАЕВДИН НАРЫНДА СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮ КАНТИП МОНТАЖДАЛГАН?
Башкы прокуратура мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы Нарын эли менен жолугушууда сүйлөгөн сөзү деп "нарындыктар – койсуңар..." деген аталышта интернетке таратылган видеону иликтеп чыкты. Эксперттер тарабынан президенттин сүйлөгөн сөзү бурмаланып, видео атайын монтаждалган деп аныкталды. Бул видео өлкө башчынын 2013-жылдын 12-июнунда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун ачылышында сүйлөгөн сөзүнөн алынган. Ал видео 2013-жылдын 5-августунда Ron Stoparic аттуу колдонуучу тарабынан Youtube каналына жүктөлгөн.
Аныгында кантип айтылганы менен кантип бурмаланганына көз чаптырыңыз:
Президенттин Нарында сүйлөгөн сөзү:
"20 жылдан бери балээ баскан Кыргызстан 1 жарым жылда оңолот беле? Мына, нарындыктар – малчысыңар. Мына, кой сарай, 20 жыл тазалабаса, кыгын 1 күндө тазаласа болобу? Билесиңер, тазаланбай таш болуп калат. Кыргызстанда таштан беш бетер да..."
Президенттин сөзү монтаждан кийин:
"Мына, нарындыктар – койсуңар..."
Монтаждалган видеодо контексттен керектүү учурлар гана ажыратып алынган. Көрүнүп тургандай, ажонун сөзү одоно бурмаланган. Албетте, акыл-эси жайында адамдар өлкө башчысы мамлекеттин жарандары тууралуу мындай сөздү айтарына ишенбейт. Бирок оппонентин жаман көрсөтүү үчүн бир аймактын сезимдери менен ойноп, бирөөгө каршы коюп, ушундай балит технологияны пайдалануу жийиркеничтүү жорук. Техниканын өнүккөн шартында аудио жана видеону бурмалап, белгилүү бир адамды жаманатты кылуу оңой экенин бул окуя дагы бир ирет көрсөттү. Башкы прокуратура экспертизанын жыйынтыктарын толук иликтеп чыгып, укуктук баа берүү максатында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөттү.
Видеонун түп нускасы: Президенттин Нарын жергесинде сүйлөгөн сөзү (12.06.2013)
Монтаждалган видео: "Нарындыктар койсуңар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.