Каарманым булбулдай үнү менен салмактуу ырларды ырдап, калың элдин катмарына таанылган. Бир эле мезгилде эки уулга тарбия берип, жолдошуна жөлөк болуп, чыгармачылыктын чыйыр жолунда талыкпай эмгектенип жаткан убагы. Кайсы гана чыгарманы аткарбасын, күйөрмандары тарабынан бааланып, мактоого татып келет.
КААРМАН ТУУРАЛУУ:
Толук аты-жөнү – Кулбаева Айпери Дүйшөбаевна
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 27-февраль
Туулган жери – Аксы району, Жерге-Тал айылы
Билими – ОшМУнун искусство факультетин аяктаган
Репертуарындагы белгилүү ырлары – “Тамашалуу ыр”, “Элегия”, “Кымбатым”, “Биз экөөбүз” жана башкалар
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 уулдун энеси.
– Саламатсызбы, Айпери? Ырчылыктан тышкары кандай иштер менен алектенесиз? Актрисалык талантыңыз да бар экен...
– Саламатчылык. Туура, ырчылыктан сырткары актрисалык өнөрүм да бар. 2006-жылдан бери актриса болуп Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында эмгектенип келем. Ал жерде ар кандай спектаклдерде роль жаратам. Он жылдан бери көптөгөн спектаклдерде жакшы ролдорду аткардым. Мисалы, Сооронбай Жусуевдин “Курманжан Датка” спектаклинде Курманжандын жаш кезиндеги образын ойнодум. Андан сырткары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын топтомунан жаралган “Көктөмүн көксөгөн сары өзөк” аттуу спектаклде Жамийланын, Алимандын, Мырзагүлдүн образдарын, "Гүлсарат" спектаклинде Гүлсарынын кулун кезин да ойногом. Андан башка көптөгөн эпизоддордо роль жараттым. Актрисалык өнөр Кудайдан берилген талант. Талантымды өнүктүрүп, актрисалык кесип боюнча билим алып жаткан учурум. Билим сөзсүз керек экен.
– Жаңы чыгармаларыңыз, клиптериңиз байма-бай чыгып турат, каржылык жактан ким жардам берет?
– Чыгармачыл адам болгондон кийин улам жаңыланып, жаңы идея менен чыгып турбасаң чыгармачылыгың токтоп калат. Жаңы ырларды ырдап, клиптерди тарттырып, жаңы формаларды тиктирип турбасаң бааланбай каласың. Чыгармаларымды толуктап, жаңылык киргизүүмө керектүү каражатты үй-бүлөбүз менен тапкан акчаларыбызды жумшайбыз. Ушул күнгө чейин өзүмө өзүм демөөрчү болуп келем.
– Рыспай Абдыкадыровдун ырларын жогорку деңгээлде аткарып жүрөсүз...
– Ырдын пири Рыспай Абдыкадыровдун ырлары мен үчүн табылгыс байлык десем болот. Себеби мен ал кишини кумир тутам, жогору баалайм. Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган чыгармалар дал ошол инсандыкы. Ошондуктан Рыспай атабыздын ырларын кайрадан ырдап чыгуу чоң сыймык. Эл дагы Рыспай атабыздын ырларын аткаруучу катары жакшы баалаганына ыраазымын. Романс тибинде жазылган сөзү Эгемберди Эрматовго таандык “Махабат жөнүндө баллада” аттуу ырын Рыспай атабыз өзүнүн 50 жылдык юбилейинде бир гана жолу аткарган. Ошондон кийин бул чыгарма ырдалбай калган эле. Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдык юбилейине арналган эл аралык фестивалында ошол ырды ырдап, баш байгени жеңип алгам. Азыркы учурда жүзгө чукул ырларын жаттап, арасынан аккордеон менен жаздырып, өздүк архивиме сактап койгом. Буюрса, калган чыгармаларын да менин үнүмдө жаздырып, сактап коюуну максат кылып жатам.– Бир кезде "Тамашалуу ыр" ырдап чыккансыз. Кийин ал жанрды алмаштырдыңыз. Себеби эмнеде?
– "Тамашалуу ырды" Кутман Султанов экөөбүз ырдап чыкканыбызга он жылдан ашыптыр. Ал ыр убагында элге кеңири тарап, күйөрмандар жылуу кабыл алган. Азыркы учурда деле ошол ырга болгон суроо талап бар. Клиби да жакшы чыккан. Бул ыр чыгармачылыгымдагы алгачкы ырларымдын бири, абдан жакшы көрөм. Тамашалуу жанрдагы ырларды ырдоону уланта алган жокмун. Өзүм дагы билбейм эмне себептен (күлүп). Азыркы тапта Кутман Султанов менен ошол ырдын экинчи бөлүгүн жезде менен балдыздын айтышындагы образда жаздырып жатабыз.
– Кийинүү стилиңизди улуу муундар баалашат. Өзгөртүүнү ойлогон жоксузбу?
– Кыргыз элибиздин салмактуу чыгармаларын ырдап жүргөндүктөн, кийинүү стилим аткарган чыгармаларыма жараша. Чынын айтсам, мен өтө патриот адаммын. Өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызга көңүл бөлүп, коомго жайылышына себепкер болгум келет. Стилимди өзгөртөм деп ойлобойм жана улуттук кийимди кийүүнү таштабайм.
– Бала чагыңыздагы кызыктуу учурлардан айтып өтсөңүз...
– Кыздар менен эч ойнобоптурмун. Эркек балдардын арасында чоңойгондуктан мүнөзүм да эркек баланыкындай болуп калган. Азыр деле кыздар менен көп сырдаша бербейм. Бала чагымда кызыктуу учурлар көп болгон. Өзүмдүн агам Нуржигит жана атамдын бир тууган инисинин баласы Мыктыбек агам экөө менден бөлөк ойнойбуз дешип, мени үйгө таштап кетишчү. Аларды Нүкү жана Мыкы деп кыскача айтып койчубуз да. Анан дайыма аркасынан кууп чыгып: “Нүкүлөр, Мыкылар токтогула, мен дагы силер менен ойнойм”,- деп ээрчип алчумун. Дагы бир окуя, 5-6 жашымда чоң атам агаларымдын чачтарын устара менен кырып салса, мен дагы ыйлап отуруп чачымды алдыртып салгам. Үйгө келгенде апамдан уруш жеген болчумун.
– Ырчылык өнөрдү кандан таркайт дешет... Үйдөн ким ырчылыкка жакын?
– Үйдө атам ыр жазат, акын деп койсом болот. Андан сырткары биз кичине кезибизде гитарада ойноп, ырдап берчү. Ал эми апам ушул күнгө чейин жакшы ырдайт, анын талантын баалайм. Апам кесиби боюнча мугалим. Бирок мүнөзү тартынчаак болгондуктан көп ырдабайт. Кээде апама ырдап бериңизчи десем, обон созуп калат. Менимче, кандан таркайт деген туура, анткени бир туугандарымдын баары жакшы ырдашат. Өзгөчө кичүү иним Элдиярдын үнү коңур. Мен иниме жардам берейин, сен ырдап чык дегем. Бирок кызыгуусу жок болгондуктан, ырчы болбойм деп койгон. Өзү гитарада мыкты ойнойт, жакшы ырдайт.
– Жеке жашооңузга кайрылбай кетүүгө болбойт. Жолдошуңуз, балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Жолдошум Эльзар экөөбүз 12.12.12 деген датада баш кошконбуз. Өзүм Аксыдан болом. Аксыга эле келин болдум. Ортобузда Алман, Акдил аттуу эки уулубуз бар. Ал эми жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет.
– Атактуу болууга умтуласызбы?
– Албетте, атактуу болууга умтулам. Себеби биз бул жашоого бир келип, бир кетебиз да. Ошондуктан аркабыздан из калтыруу максатында алдыга карай умтулабыз. Ал умтулуулар бизге ийгилик жана атактуулук алып келет.
– Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизде ийгиликтер көп болсун!
Бактыгүл Момбекова
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg