35 жаштагы профессионал спортчу үчүн жогорку деңгээлдеги мелдешке чыгуу оор. Бул жаш жеңиш үчүн эмес, спорттук карьераны жыйынтыктоо мезгили катары саналат. Бирок Роджер Федерер минтип ойлобойт.
РОДЖЕР ФЕДЕРЕР
Каймана аттары – ФедЭкс, маэстро, падыша Роджер
Туулган жылы, күнү – 1981-жыл, 8-август
Туулган жери – Базель шаары, Швейцария
Бою – 185 сантиметр
Салмагы – 85 килограмм
Карьерасын 1998-жылы баштаган
Жетишкендиктери – Жалпы 89 мелдеш уткан
ФЕДЕРЕР ЖАНА ДЕЖАВЮ
– Мезгил унаасы ойлоп табылган го?
– Биз 2010-жылга кайтып келдик окшойт...
Январь айынын аягы. Австралиянын Мельбурн шаарынын стадионунда күйөрмандар ушинтип сүйлөшүп жатышты. Анткени 2000-жылдардан бери жогорку деңгээлде ойноп келе жатышкан эже-сиңди Уильямстар, Рафаэль Надаль менен Роджер Федерер кайрадан Чоң шлемдин финалына чыга алышты.
Теннисчилер үчүн Жаңы жыл Австралия Ачык Биринчилиги менен башталат. Бул салтка айланган. Быйыл швейцариялык теннисчи Федерер профессионалдык деңгээлдеги спортто жүргөнүнө 19 жыл болот. Аны 2016-жылдан кийин теннисти таштайт деген сөздөр да чыккан. Себеби Роджер өткөн жылы бир дагы олуттуу мелдешти ута алган эмес.
Бирок маэстро Австралияга катышууну чечти. Мына ал кайрадан жөнөкөй басыгы менен кортту аттап, күйөрмандары менен жылуу учурашты. Алдына чыккан атаандаштарын бирден утуп отуруп, финалга жетти. Финалда аны эски досу Надаль күтүп алды. Бул теннисчилердин тирешүүсү спорт дүйнөсүндө жөнөкөй беттеш эмес, классика аталып калган. Себеби ал 2005-жылдан тарта испан теннисчиси менен Чоң шлемдердин финалында бир канча жолу жолугушкан.
– Кээде азыркы көрүп жаткан окуяңды мурун көргөндөй болосуң...
– Бул дежавю деп аталат...
Күйөрмандардын кызыктуу талкуусу финал бүткөнчө уланат. ФЕДЕРЕР ЖАНА САМПРАС
Спорттогу ар бир улуу чемпиондун алдыга умтулуусу үчүн кумир туткан спортчусу болот. Федерерге түрткү болгон кумири – бул америкалык теннисчи Пит Сампрас. Атасы Роберттин айтымында Сампрастын бир эле оюнун көрүп, жеткинчек Федерер ордунан жылбай 2 саат көргөн. "Бизге чейинки улуу спортчулар болбосо, биз кимге карап түздөнмөкпүз билбейм. Сампрас мен үчүн дайыма үлгү болуп кала берет",- деп белгилейт өзү.
Жаштайынан Роджер кортто Пит Сампраска окшоп ойногонду өздөштүрөт. Тордун алдына чуркап баруу, топту жерге түшүрбөй сокку узатуу, сол кол, оң колу менен да күчтүү соккуларды узатуу Роджер Федерерге тиешелүү эле. Убакыттын өтүшү менен ал кортто кандай абал жаралбасын токтоо, оор басырыктуу жүрүшү менен күйөрмандардын назарын бура баштайт. Мындай сапат Сампраска тиешелүү эле. Ошондон тарта теннис айдыңында жаңы Пит Сампрас чыкты деген сөздөр тараган.
ФЕДЕРЕР ЖАНА УБАКЫТ
Чоң теннисте 2003-жылдан 2010-жылга чейинки аралык Федерердин убактысы деп аталат. Бул аралыкта швейцариялык спортчу жалпы 16 жолу Чоң шлемдин жеңүүчүсү аталууга жетишкен. Серепчилер Федерерди убакыт гана жеңиши мүмкүн экендигин айтышчу. 2005-жылы теннис дүйнөсүндө жаңы жылдызы жанып, испан спортчусу Рафаэль Надаль гана аны менен татыктуу күрөш жүргүзүп келет. Эки спортчунун эрөөлү Эль-Класико сымал дүйнөнү экиге бөлүп турат.
Чыныгы профессионал Роджер канчалык популярдуу болбосун, жөнөкөйлүгү менен күйөрмандарга жагып келет. Швейцарияны эми сырдын мекени эмес, Федерердин мекени деп таанышат.
2017-жыл. Австралия Ачык Биринчилигинин финалында Надаль менен Федерер. Буга чейин Федерер Надалды 11 жолу гана утса, испан теннисчиси 23 жолу Федерерди жеңген. "Надалга ушунча ирет утулган теннисчи кантип бардык мезгилдин улуу теннисчиси аталат?",- деп серепчилер саресеп кылып жатышты. 3 сааттан ашык убакытка созулган тиреште сеттер боюнча 3:2 (6:4; 3:6; 6:1; 3:6; 6:3) эсебинде жеңишти швейцариялык спортчу утуп алды.
35 жаштагы Роджер керек болсо убакытка да ээ-жаа бербей келет. Азырынча Федерер – убакыт 1:0.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg