«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" демекчи, белгилүү обончу жана аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Абидин Темиров жоопкерчилиги чектелген коомду жетектеп, агрохимиялык багыттагы завод куруп жаткан чагы. "Агрономия, химияга мурдатан эле кызыгуум бар болчу. Буюрса, келечекте элге, өлкөбүзгө пайда алып келчү долбоордун үстүндө иштеп жаткан чагыбыз. Көптөн бери иликтеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок ишке ашпай жаткан долбоор болчу. Кудай жалгап былтыр чет өлкөлүк инвесторлор чыгып калды. Алардын жардамы аркылуу жер-жемиштерди курт-кумурскалардан, зыяндуу чөптөрдөн арылтуучу жана жер семиртүүчү заттарды чыгарган завод куруп жатабыз. Ошону менен катар чыгармачылыгымды да унутта калтырбай, жаңы ырлардын үстүнөн иштеп жатам",- дейт Абидин мырза алектенип жаткан иши тууралуу.