ИРЛАН ТААЛАЙБЕКОВ МАДАНИЯТТЫН МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРИ

Бир кездерде "Окуучу кыз" деген ыры менен популярдуу болгон ырчы Ирлан Таалайбеков 8-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Ырчы менен байланышканыбызда ал: "Бул сыйлыкты алып кубанып турган кезим. "Ирлан бул сыйлыкка татыктуу эмес болчу" деп ичкен-жегендери аш болбой жаткандар жок эмес. Бирок аларга айтарым, сыйлык мага эл ойлогондой 3-4 ырым үчүн эмес, аты айтып тургандай маданиятка кошкон салымым үчүн берилди. Себеби мен ырчылыктан бир аз оолактап кеткеним менен, 4 жылдан бери Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрында музыка жазуучу, музыка бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектендим. Бул убакыт аралыгында көптөгөн спектаклдер коюлуп, аларга музыка жаздым. Андан тышкары ырчыларга аранжировка жазып берип жүрдүм, алар теле-радиолордо жаңырып жатат. Маданияттын булагы болгон Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 4-курсунда сырттан окуйм. Булар дагы эске алынды окшойт. Буюрса, кыргыз маданиятына мындан ары да кызмат кыла берем",- деген пикирин билдирди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
aruuke9292
2017-02-15 20:17:23
Сразу актанып жибериптир го ыя талап кетишпесин деп
+3
Arlenchik
2017-02-15 21:16:27
Жон эле бере берип сыйлыктын да баркын кетиришти.
+5
Aselina87
2017-02-15 21:59:55
Gulzinat Suranchieva beriwse bolmok..yat ele maga ech jakpait uwul bala kerseip.kyskasy satyp ele aldy da.buga bergiche Mergen Turganga berse bolmok
+4
Solnyshkin
2017-02-15 22:16:45
Bul dagy 4 jyl emgektenip alyptyr go bashka emgek sinirgen jash yrchylarga karaganda. Emnesi bolso da kuudul baikelerge berse jakshy bolot ele. Kanchaga cheyin eldi jaldyratasynar ya?!
+1
Kubat.karagulov
2017-02-16 11:41:33
Кайран сыйлык кор болду го итине деле битине деле сатылып.Илгерки "Окуучу кыз"деген ырынан башканы билбейт экемин.Уялбай да сүйлөгөнүн кара алган сыйлыгына ич күйгөн жок чондорго кошомат кылып мага демектен онду сатып ал кинодогу "Мне за державу обидно"дегениндей эле кеп да.Мага тыйынча баркы болбой корүнгонго тезектей таратылган сыйлыкка обидно
+5
aiposharysbekova
2017-02-16 21:15:27
Kubat.karagulov, ой байкабай минус басып алдым
+2
mahabat.
2017-02-16 13:30:24
ичкен жегендери аш болбой деп элди айткыча озунду айт.татыксыз наам сага кантип аш болду.биринчи ушул суроого оузуно озун жооп бер.элге асылба.эл тараза эл сынчы
+3
Rasul_Rahmanaliev
2017-02-16 15:14:22
Ийгилик! азаматсың! Супер! эң сонун деп айткым келет..
-5
erkeleim
2017-02-16 15:29:11
жигит сезген экен озунун татыксыздыгын дарооле себебин айта отуптур отказ кылсан эл кобуроок он комент жазмак
+3
Isakovaumuta
2017-02-16 18:46:13
Ирлан Байке.
Менин билишимче,сиз,музыка,акардеондо ойногонду,озунуздун эле райондон бир билимдуу адамдан уйронгонсуз ээ.
Ал адам,Кара-Буура районуна караштуу,шекер айылынан.Н.Б.
Бирок,ырчылык,онорунуз элге таанылып калган сон,ал адамга рахмат айтып кайрылбаганынызды ошол адамдан угуп калганым бар.
Ушул чынбы?
Кайрылып сурап коруунуздорду суранам.
+7
love_you
2017-02-17 12:27:17
мен деле 3жыл мектепте иштедим, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кол мамлекеттик университетин кундузгу болумдо окуп аяктадым, учурда эки баланы тарбиялап атам. мага деле бергилечи сыйлык...
ушундай, ушундай болбогон нерселерге эле сыйлык бере берип- баркы да кетти. ай-ай-ай((((((
+4
zafar.kgz92
2017-02-18 00:24:34
Бул берилген тош белгинин негизи эле Кыргызстанда маданият ичиндеги сыйлыктардын баркы кетти Жана мурун ак эмгек менен алган ырчыларыбыздын авторитетери тушту негизинен туура эмес болду ....
+1
Bubu88
2017-02-18 05:03:17
Билишимче 2005 06 жылдары бир окуучу кыз деген ыры мн кынылдап журчу анан эле жок болуп кетти окшойт эле наам берген берешен байкебизби апчебизби тушунон чочуп ойгонуп эле бере койгон го уят уят уят
+3
Bubu88
2017-02-18 05:08:10
Ичкен жегенибиз аш эле болуп жатат бир дагы жерден музыкасы Ирлан Таалайбековго таандык дегенди уга элекпиз
+4
Alibay
2017-03-15 13:43:02
Азаматсын,"эмгегин синсе"аласын да!Сен деген кыргыз маданиятына "эбегейсиз" ,"опол тоодой" эмгек кылып койдун!Бали!!!
0
Kroxa
2017-03-17 20:50:32
Абдылда Иманкулов эмгек синирген наамы учун 2мин доллар сурашты деп айтты эле го..албайм эл бериш керек анда сыйлыкты сатып албайм дегени бар...кимдин кимдин заманы акчалуунун заманы...
0
№ 745, 10-16-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан