SUPER.KG порталындагы “Күнсереп” рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.
2-февраль:
ПАРЛАМЕНТТЕГИ ОППОЗИЦИЯ ПРЕМЬЕРДИ «ОТСТАВКАГА КЕТ» ДЕДИБүгүн Кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө арналган «Өкмөттүк саатта» Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттү, айрыкча премьер-министр Сооронбай Жээнбековду катуу сынга алышты. Премьерди отставкага кетирүү тууралуу сөздөр анын Өмүрбек Текебаев менен кайым айтышуусунан кийин айтыла баштады. «Республика-Ата Журттун» лидери Өмүрбек Бабанов өкмөттүн тагдыры эртең фракциянын отурумунда талкууланарын айтса, «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаев Сооронбай Жээнбековго өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү сунуштады. Белгилей кетсек, бул 3 фракция тең парламенттик оппозицияга кирет. Коалициялык көпчүлүктөгү КСДП, «Бир бол» жана «Кыргызстан» премьер-министрдин отставкага кетиши маселесин козгошпосо да, жалпы өкмөттүн ишмердүүлүгүн сындоо иретинде пикирлерин айтып жатышты. Өкмөттү жоюуга кандай негиздер бар?
Эң негизги себеп – бул Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБдеги потенциалды толук пайдалана албай жаткандыгы. Бул биримдикке кирер алдында өкмөт «кыргыз ишкерлери үчүн 180 миллиондук рынокко жол ачылат», «өлкөдө ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлөт», «чек арадагы тоскоолдуктар жоюлат» деген убадаларды айткан. Бирок реалдуулук көрсөткөндөй, Кыргыз мамлекетинин эли бул убадаланган пайданы көрбөй жатат. Мындан тышкары өкмөт кыш мезгилине начар даярданганы байкалууда. Мисалы, Нарын облусунда -30 градус суук болуп жатканда базарларда көмүр жетишсиз болгонун өкмөттүн чоң күнөөсү деп депутаттар улам-улам айтып жатышты.
Өкмөттү отставкага кетирүүгө аракеттер ириде саясий кызыкчылыктардан улам жаралууда. Быйыл күзүндө президенттик шайлоо өтөт. Премьер-министрдин креслосунан президенттикке отуруу ыңгайлуу, административдик ресурстарды колдонууга мүмкүнчүлүк жаралат. Андыктан парламенттеги саясий лидерлер Жээнбековду келечектеги атаандашы катары көрүшүүдө. Ал эми Сооронбай Жээнбеков өзүн кризис менеджери катары көрсөтө албады. Мындай шартта аны КСДП президенттикке талапкер катары алып чыгары күмөн...
3-февраль:
БАБАНОВДУ АЛДЫДАГЫ ШАЙЛООДО АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУРС ЧОЧУЛАТУУДА
Өмүрбек Бабанов шайлоолордо административдик ресурс колдонууну кескин сындап, бул ишке карата жазаны күчөтүүнү сунуштады. «Республика-Ата Журттун» лидери кол алдында иштегендерди бийлик партиясына добуш берүүгө мажбурлаган жетекчилерди кызматтан кетирүү зарылдыгын айтат. Административдик ресурстар колдонулбаганда гана жарышка түшчү партияларга бирдей шарт түзүлөт деген пикирде. Бабанов президенттикке талапкерлер шайлоого 500 миллион сомго чейин жумшаганы жатканын да айтып, бул каражат кайдан келгени, кантип колдонулуп жатканы ачык-айкын болушу керектигин билдирди. Бул боюнча тийиштүү мыйзам долбоору каралып жатканы да белгилүү болду.
Парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо көрсөткөндөй, биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо мурдагыдай бюллетендерди урнага топ-тобу менен салып жиберүүгө, «карусель» аталган ыкмаларды колдонууга жол бербейт. Эми ар бир добушту сырттан, шайлоочудан алуу керек болот. Бул жагдай добуштарды сатуу, сатып алууну күчөтөт. Бабановдун «шайлоодо колдонулуучу акча кайдан келгенин ачык-айкын көрсөтүү керек» дегени да ошондон. Күмөндүү булактардан атаандаштарына келиши мүмкүн болгон каражаттарга бөгөт коюуга аракет кылып жатат. Шайлоолордо административдик ресурсту колдонуу Кыргыз жеринде кадимки көрүнүш. 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдумду жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодогу көрүнүштөрдү мисал келтирүүгө мүмкүн. Бишкек шаарында студенттер топ-тобу менен шайлоо тилкелерине келип добуш берип, андан соң кимдир бирөөлөргө отчёт берип жатканы тынымсыз айтылып жатты. Бирок «административдик ресурсту колдонду» деп кимдир бирөө жоопко тартылган же административдик ресурс колдонулганы үчүн деп кайсы бир шайлоо тилкесиндеги добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылган жок. Бул иш боюнча арыздангандар соттон утуп чыккан учур боло элек...
6-февраль:
БАБАНОВ МЕНЕН ТУРСУНБЕКОВ «НАЧАР ТЫНЧТЫКТЫ» ТАНДАШТЫПарламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясы Чыныбай Турсунбековду спикерлик кызматтан чакыртуу чечимин кайтарып алды. 2-февралда Бабанов Чыныбай Турсунбековду спикерлик кызматтан чакыртып алуу чечимине келишкенин, аны төрагага күн тартибине киргизүү боюнча жиберишерин, фракция жолдогон кат 72 сааттын ичинде каралышы керектигин айтып жаткан. Бүгүн маселени өз ара чечишип алганын демонстрациялап Өмүрбек Бабанов менен Чыныбай Турсунбеков биргеликте Жогорку Кеңеште маалымат жыйын өткөрүштү. Бабановдун айтымында, төрагага карата айтылып жаткан негизги нааразычылыктар боюнча сүйлөшүп, түшүнүшүүгө келишкен. «Жакшы согуштан начар тынчтык артык»,- деди Бабанов.
Эске салсак, «Республика-Ата Журттун» лидери спикер бир партияныкы эмес, жалпы парламенттики болуп, баарына калыс мамиледе болуш керек деп төраганы калыс эместикке айыптап жаткан. Ошондой эле комитеттерде фракциялардын депутаттарынын саны жагынан баланс сакталбай жатканына нааразы болгон эле. Бабановдун фракциясы саны жагынан Жогорку Кеңеште КСДПдан кийинки орунда. Ошентип Чыныбай Турсунбековду тооруган бир кооптуу жагдай артта калды. Деген менен спикер жеңилдене дем алчу маал эмес. КСДП фракциясынын ичинде анын ишине ыраазы эместер көп. Өткөн аптада президенттик аппараттан «десант» катары Жогорку Кеңешке жиберилген аппаратчы Аалы Карашевге парламенттеги КСДПнын абалын бекемдөө тапшырмасы берилгени түшүнүктүү. Бул депутат фракция лидеринин же спикердин ордун ээлеп калуусу толук мүмкүн. Президенттик шайлоо алдында бийликтеги партия өз позицияларын бекемдөө камылгасын көрүп жатат...
7-февраль:
«КӨК КИТ» ЭЛДИ БОИНГДЕГИ КАНДУУ ЖҮКТӨН АЛАКСЫТТЫ
«Интернетте бир оюн чыгыптыр, анын айынан балдар өмүрүнө кол салып жатышыптыр» дегенди угуу бир аптадан бери кадимки көрүнүшкө айланды. Адегенде кыргыз коомчулугунун интернетте активдүү болгон катмары дүрбөлөңгө түшүп, анын толкуну менен медиа чөйрө, Билим берүү жана илим министрлиги, укук коргоо органдары баштаган мамлекеттик түзүмдөр, ата-энелер жана башкалар ойгонуп, рак шишиги сыяктуу билинбей чоңоюп келген көйгөйгө бүтүндөй калктын көңүлү бурулду. «Өспүрүмдөрдү өлүмгө түртүп жатат деген интернеттеги оюндар иш жүзүндө суицидге алып келген факторлордун эң акыркысы болуп саналат», «оюндун эрежесинде айтылгандай, 50 күндөн кийин эле өмүр менен кош айтышуу мүмкүн эмес, өз жанын кыйчулар өспүрүм болсо деле мындай кадамга жылдап бышып барышат» деген сыяктуу акылга салып жазылган интернеттеги комментарийлер көз жаздымда калып, көпчүлүк «саманкана өрттөндү десе, Самаркандды өрт алды» болду. Бул теманы көбүртүп-жабыртуу Вертердин эффектисин жаратышы мүмкүн. Социолог жана психологдорго тааныш бул эффект Иоганн Гётенин каарманынан улам аталып калган. Чыгарманын аягында өз жанын кыйган башкы каарман Вертерди туурап окурмандардын арасында өз өмүрүнө кол салгандардын саны көбөйүп, бул окуя көп жолу иликтенип изилдөөгө алынган. Жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан суицид канчалык көп чагылдырылса, анда ошончолук деңгээлде өз жанын кыйгандар көбөйөрү аныкталган. Бул маселенин бир жагы.
Өлкөдөгү өспүрүм кыз-балдардын ата-энелери жалпы жонунан 35-50 жаштагы куракты камтыйт. Ал эми бул катардагы калың катмарды жарандык активдүү позициядагылар, Орусия, Казакстан жана башка чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөндөр түзөт. Балдарын алыс-жакын туугандарына таштап, жетиштүү көңүл бөлүүсүз, кароосуз, мээримсиз чоңоюп келе жаткан муундун көйгөйлөрү айланып келип эле алардын тагдырын чечүүчү себептер болуп чыгууда. Өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн көбүнесе ата-энеси мигрант, же ата-энеси жок, үй-бүлөдө кордук-зомбулук көргөн, мектеп рэкетчилигинен, же жоопсуз сезимдерден жапа чеккен болуп чыгышы да бекеринен эмес. Бул сыяктуу факторлорду эсептеп отурсак бели ката элек жатып оор тагдырга туш болгон балдардын кайдагы бир интернеттеги оюндан өлүп калуусуна ишенүү кыйын болуп чыгат. Акыркы апта ичиндеги суицидге кабылган өспүрүмдөрдүн биринин да өлүмүнө Ички иштер министрлиги «ооба, сөз болуп жаткан интернеттеги оюндун айынан болду» деп жооп айтпаганы ошондон болушу керек. Тийиштүү мамлекеттик мекемелер «иликтөө жүргүзүлдү, балдардын өлүмүнүн чуу түшкөн оюнга тиешеси жок экен» деп да айтпай жатышынын себеби башкада болушу мүмкүн.
Интернеттеги оюн чуусу өкмөткө керектүү эффектти берди. Боинг кырсыгы, учактагы кандуу жүк, компенсация, эл чогултуп жаткан жардам тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги толук тизмелеп жарыялабай жатканы жана башка ушул сыяктуу коомдун тыкыр байкоосундагы, талкуусундагы окуялардан элди алаксытты. Бул жагынан алганда оюн чуусу «малдын канын соруп кетчү табышмактуу чупакабра» сыяктуу болду. Өкмөткө катуу нааразычылыктар жаралып, катуу сындар айтыла баштаганда пайда боло калчу чупакабранын чуусунда андай жаныбардын дүйнөдө жоктугу, болуп көрбөгөндүгү да элди ишендире албай, аягы жолбун ит болуп чыкты деп басаңдап калган. Бүгүнкү күндө массаны башкарууда мындай технологиялар колдонулбайт деп кесе айтуу мүмкүн эмес...
8-февраль:
43 МИҢ МИГРАНТКА «КАРА ТИЗМЕДЕН» ЧЫГАРУУ УБАДАСЫ БЕРИЛДИ2017-жылы Орусиянын «кара тизмесинен» Кыргыз Республикасынын 43 миң жараны чыгарылат. Мындай маалыматты Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Медетбек Айдаралиев билдирди. 43 миң жаран этап-этабы менен чыгарылат. Расмий маалыматтар боюнча, учурда Орусияда 600 миңден ашык, Казакстанда 110 миң Кыргыз жараны иштейт. Алардын 110 миңден ашыгы Орусиянын «кара тизмесинде». Акыркы жылдары мекендештерди «кара тизмеден» чыгаруу маселеси тез-тез көтөрүлгөнү менен, жыйынтык чыкпай жатат. Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын мурунку башчысы Бакыт Адыловдун билдиришинче, 2015-жылы «кара тизмеден» 76 миң кыргыз жараны чыгарылып, тизмеде 119 миңи калган. 2016-жылдын алгачкы 6 айынын жыйынтыгы боюнча 6700 адам тизмеден чыгарылса, 6500 жаран кайра эле Орусиянын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн «кара тизмеге» түшкөн.
Орусиянын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасы, Армения жана Казакстандан келген мигранттарды эмгек келишими жок болсо өлкө аймагынан чыгарып, айып пул сала турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Мыйзамдын авторлору эмгек келишимин түзбөгөн мигранттарга 2 миңден 5 миң рублга чейин айып пул салып, өлкөдөн депортациялоону сунуштап жатышат. Мындай шартта мигранттардын абалы кыйындайт. Кыргыз жеринде миграция тармагын тескеген мекеменин аты, жетекчилери алмашып жатканы менен, көйгөй чечиле элек. Бул жаатта Кыргыз өкмөтүнүн элге кылган «жардамы» – Орусияга жөнөп жаткандардын «кара тизмеде» бар же жок экенин текшерип алуусуна шарт түзүүдө. Тизменин өзүн жок кылууга күчү жете элек...