БИР ИРМЕМ...

(Башталышы өткөн сандарда)

Канат Эрланды таппай шайы ооду. Наргиза таарынып калгандай маанайы суз. Эрлан болсо бактылуу эле. Айдай экөө бөлмөдөн чыгышкан жок. Бири-биринин кучагынан чыккылары келбей, эркелешип жүрүштү. Булар өмүр бою бири-бирин издешкендей, сагынышкандай... Алар бакытты таап алышкандай... Бакыт түгөнчүдөй эмес...
– Күндөрдүн бир күндөрүндө сага жолугуп каларымды билген болсом, мен ыйлабайт болчумун. Дайыма жылмайып жүрмөкмүн.
– А мен сени кайсы бир күнү таап аларымды билчүмүн,- деди Эрлан жылмая.
– Билчү эмессиң...
– Билчүмүн. Ошон үчүн издечүмүн...
– Хе, "бабник" болуппу?
– Эң башкысы таптым да.
– Рахмат таап алганыңа... Сен мага бакыт алып келдиң. Менин буга чейин тарткан азаптарым бакыт болуп – сен болуп кайтты.
– Сенин азаптарыңдын баарын унуттурам, сага азап бергендерди жазалайбыз...
– Жок, кереги жок,- Айдай оор үшкүрүнүп, жигитке өгөй атасы Мураттан көргөн азабын баяндады.
– Мен дайыма ошол Мураттан кек алууну көксөп жүрчүмүн. Бир күнү келип аны атып же мууздап салганымды элестете берчүмүн. Мен аны быйыл көрдүм. Күрс-күрс жөтөлүп, баягыдай мас, алдан-күчтөн тайган, жалгыз... Аны карар, ага кам көрөр бирөө жок. Ачка... Көздөрү бош. Билесиңби, мен ошондо "эгер муну өлтүрүп салсам, жөн эле азабын жеңилдетет окшойм. Жашай берсин ушинтип, жалгыз, ооруп, эс-мас болуп. Анан таптакыр алы кетип өлүп жатканда мунун жанында эч ким болбойт. Ал ошондо кимдир бирөө ажалдан коркпош үчүн анын колун кармап турушуна зар болот. Ага эч ким жардам колун сунбайт. Ал төшөгүндө ажалдын бардык азабын тартып өлөт. Жалгыздыкта... Кыркырап, дубал тытып, тилин кырча чайнап... Же ит өлүм менен ай талаада калып, тоңуп же арактан жаны тынат. Эч ким барктабайт, бир чуңкур казылып, кепинсиз көмүлөт... Жөн гана менин колумдан кыйналбай өлүп калганча, ошол азаптын баарын тартып өлсүн" дедим. Анын бул дүйнөдөгү жашоосу да, тиги дүйнөдөгүсү да тозок. Мен ошондо гана дүйнөдө адилеттүүлүк бар экенин билдим. Бакытка татыктуулар бактылуу болушат. Бирөөгө жамандык кылгандар сөзсүз анын азабын тартышат. Эч ким жазасыз калбайт...
Эрлан үндөбөй гана Айдайдын маңдайынан өптү.
– Мен сени сөзсүз бактылуу кылам, берекем!

ххх

Аз өтпөй Эрлан менен Айдай Бишкекке жөнөштү. Бири-биринен ажырагысы келбеген кыз-жигит калаадагы үйлөрдүн бирин ижарага алып кирип алышты. Күндөр узак, маңыздуу эле...
Убакыт өткөн сайын Айдай Эрланды жан дили менен жакшы көрүп, ичи элжиреп баратты.
– Биз жакында үйлөнүшүбүз керек...
– Эрте го...
– Эмнеси эрте? Мен сендей адамды таба албасыма сени көргөн биринчи ирмемде эле ынангам. Менин жубайым сен гана болушуң керек! Мен бул дүйнөдө сени менен гана жашап өтөм. Бөлөк вариант жок!- Эрлан Айдайды кучагына кысты.
– Эрлан, мен сени жакшы көрөм. Өтө эле. Сенин бактысыз болушуңа мен жол бербейм. Түшүндүңбү?!
– Ал эмне дегениң?
– Мен сага бала төрөп бере албайм. А сен деген көп балалуу болушуң керек. Мындай, мен сени сүйүп калганыма бактылуумун. Сага болгон сезим менде өмүр бою жашайт. Бирок мен сени бактысыз кылсам, эзели өзүмдү кечирбейм. Мен ушундай чечим кабыл алдым.
– Ал эмне дегениң?!
– Адамды чындап жакшы көрсөң, ал үчүн курмандыкка барууга туура келет.
– Мен сени эч кайда коё бербейм!- Эрлан ачууланып кетти. Ал чын эле коё бербейт, Айдай муну анын көздөрүнөн эле окуп койду.

ххх

Айдай ал күнү эрте ойгонду. Эрлан эч камырабай уктап жатат. Ал негизи эле уйкучу... Айдай жигитин ийиндеринен өптү да, эшикти акырын жаап чыгып кетти.

ххх

Жигит ойгонуп эле Айдайын таппай калды. Анын чемоданы да көрүнбөйт. Эрлан шапа-шуп кийинип сыртка чуркап жөнөдү.
Биринчи тоскон такси токтоду.
– Аэропортко! Тез!

ххх

– Айдай?!- кыз кылчайып эле көздөрү алактап калган Эрланды көрдү. Ал анын артынан аэропортко келген экен.
– Айдай! Сен кайда? Токто! Суранам, кетпе?! Мен жок болуп кетем!- Эрлан кызды көздөй келе жатып сүйлөдү.
– Эрлан, мен сени менен чогуу боло албайм. Экөөбүз канчалык эрте ажырасак ошончо жакшы. Бул сени сүйбөй калдым дегендик эмес... Мен сени чексиз жакшы көрөм... Жакшы көрөм, түшүндүңбү!
– Кетпе, суранам!- жигит чөгөлөп ыйлап жиберди.
– Жок... Кечир, берекем!

ххх

– Айдай кеткен күндөн тарта мен аны күтө бердим. Күтө бердим... Акыры чыдабай калдым. Анан бир күнү Айдай келсе эмне болмок деп кыялдандым. Токтоно албай калдым... Кыялдарым жана чыныгы жашоом аралашып кетти... Анан Рита Мадиевнанын колуна түштүм...- Эрлан күнөөлүү кишидей жылмайып койду. Рита Мадиевна менен Элиза үндөрү чыкпай дымып отуруп калышты.
– Анан?
– Анан... Эми мен Айдайды эч кайда коё бербейм. Биз сөзсүз бактылуу болобуз! Өткөн убакыт, ушунча сыноодон кийин биздин бактылуу болбой коюуга акыбыз жок!
Айдайдын ичи элжиреп жатты. Куду Эрланын биринчи көргөндөй жакшы көрүп тиктеп алган.
– Демек, жакында той турбайбы, ээ?- Рита Мадиевна күлө сүйлөдү.
– Сөзсүз!- деди Айдай кудуңдап. Ал апакай көйнөк кийип турганын элестетип бактылуу жылмайып алды.

(Аягы)

Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
belka
2017-02-22 13:11:10
Муну бүттү деп сүйүнсөк дагы бири башталат да,дагы кана ,ушул элеби,бир апта качан өтөт дедирип.
+2
Lion.
2017-02-22 13:11:40
Ээ ушинтип да бутуробу? Тузу жок тамак жегендей эле болуп калдым
+1
Vips-med
2017-02-22 13:45:20
Кызыксыз болуп калыптыр, башкачараак бутурсо болмок экен...
0
tokitok
2017-02-22 16:18:38
ушунча окуп кутуп жатсак аягын чын эле шашылыш бутуруп салгандай экен. сонун чыгармага аягы шайкеш келбейт.
+2
alimbek2015
2017-02-22 17:38:33
Эн соонун чыгарма ыйлаттыго адамды
0
sezarbrat
2017-02-22 20:45:20
Оооло кызыгына кирип окуп атсам бутуп калып кайфтын баары олбодубу, буну каааайра башынан бир окуп чыгышым барда
-1
Nestana95
2017-02-22 23:29:05
sezarbrat,мен да олло кызыгып окуп баштаганда
...олтурду го кайфты))))
0
nuriwka
2017-02-22 23:25:34
Мммм аягы шашып калганго
0
Eliza.nurjanovna
2017-02-23 11:47:46
Коойчей ушул элеби?вааай тим эле укмуш бутот деп элестетип алганымчы
+1
taiir000
2017-02-23 13:14:03
Eliza.nurjanovna,өзүбүз эле бүтүрөбүзда каала бактылуу кылып каала бактысыз кылып р
0
taiir000
2017-02-23 13:11:34
Арбир чыгармада өзүң бүтүрсөң кандай соонун эхх
0
Girl1996
2017-02-23 20:04:37
дагы улантып жазса болчуудай экен,
соонун чыгарма экен, мага да жакты
0
eliza_eliza
2017-02-24 10:06:25
Кинонун аягы жакшы бутотго дал ошондой бутту! Бироону суйсон кандай жакшы. ..
0
aqua-94mema
2017-02-24 21:26:17
Элизаны кеп кылып койсо болмок.
0
trabzon11
2017-02-24 23:31:46
зы нк жазылыптыр
0
Girl1996
2017-02-28 15:14:25
кийинки чыгарма качан келет?
0
nurzat199
2017-02-28 17:50:18
Абдан жагат
0
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан