– Данияр, салам, акыркы жазган "Кыргызымдын сулуу кыздары" деген ырыңда түгөйүңдү тандай албай кыйналып жатканың билинет экен. "Даниярды жаман кыйнадың..." деп ырдайт экенсиң, Нурмат Садыровдун да ушундай ырын угуп калдым?..
– Саламатсыздарбы, туура баамдаган экенсиз. Акыркы кезде мени үй-бүлө куруш керек деген маселе түйшөлтүп жүрөт. Ата-энем мурун "өзүңө кара" дешчү, азыр алар да "качан үйлөнөсүң?" деп көп сурашчу болду. Менин, ата-энемдин, бир туугандарымдын ишеничин актай ала турган кызды кайдан табам деп сарсанаа болуп жүргөн учурум. Кыргыз эли колдоп турганда ырдап алайын деп, Кудайга шүгүр, жакшы эле каражат таптым. Айылга үй салдым, шаардан 2 бөлмөлүү батир алгам, астымда унаам бар. Болгону жакшы кызга жолуксам эле үйлөнөт элем.
Ал эми ыр боюнча айтсам, 2 жыл мурун жүрөгүмдөн ушундай обондордун кайрыгы чыгып, диктофонго "Даниярды жаман кыйнадың..." деген саптарын ырдап жаздырып койгом. Аны Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаев досторум билчү. Ошол ырды убакыт келип эми ырдап чыктым. Кийин Нурмат досум "Нурматың..." деп ырдап калды, эч нерсе дебейм, эмне демек элем.
– "Тойдон каражат таап жатам" деп калдың, айрым ырчылар "биз тойдун ырчысы эмеспиз" деп тойдо ырдаганды намыс кылгандар бар...
– Ырчылардын "элита" тобунабы же "колхоз" ырчыларга киресиңби дебейсизби (күлүп). Сахналаштарым ушинтип бөлүнүп алышкан турбайбы. Тойдо элита ырчылар эмес, Эл артисттери деле кызмат кылышат. Кыргызча билбей Европада чоңойгон кыргыз деле Кыргызстанга келип той өткөрсө бизди чакырат. Анткени анын туугандары карапайым калк болуп жатпайбы. Ошондуктан коноктордун каалоосун эске алып, биз барып ырдап жатпайбызбы. Анан ичи күйүп эле бизди той ырчысы атап коюшат. Той эмес, концерттерде деле алардын деңгээли билинип калат. Биз гастролдоп концерт коюп барган жерге алар да барышат. Алардын концертине эл келбегенин көрүп эле жүрөбүз. Мисалы, алар ырдаган түнкү клубдарга биз деле барып ырдайбыз. Азыр аларда "өткөөл курак" болуп жатат окшойт, бир аз убакыттан кийин өтүп кетет.
– Ошол эл колдоп жаткан талантыңарды көрсөтүп чет элдик сынактарга катышайын деген ой барбы?
– Биздин үн кыргыз элине, накта эстрадага багытталган. Ал эми кээ бир ырчылардын үнү фестиваль, сынактарга ылайыктуу. Албетте, чет өлкөдө кыргыздын желегин желбиретип келген кесиптештеримди сыйлайм, аларды эл деле колдойт. Бирок айрымдары "мен сынакка катышып келдим" деп мактанып, керсейип, "бизди гезитке да чыгарбайт, силерди чыгарат" деп өзүн жаман көрсөтүп алышат. Татыктуу болсо, эл колдоп жатса, сиздер деле бажырайтып 1-бетиңерге чыгармаксыңар да. Мисалы, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде деле Кыргызстан боюнча "ставкасы" эң жогору ырчы Нурлан Насип болду го. Демек, эл өзүнө жаккан ырчынын ырын угуп, иргеп алат экен.
– "Шоу-бизнес ыплас, интрига көп" деп айтылат. Ушул чөйрөдө жүргөн ырчы катары бул сөзгө кандай карайсың?
– Туура эле айтылган сөз. Эки жүздүү, бири-бирин көрө алышпайт. Алдыңда башканы сүйлөйт, артыңдан такыр башканы айтат. Жадакалса дос болуп жанында жүрүп бири-биринин концертин жарыя кылгысы келбеген ырчылар бар. Учурдан пайдаланып кесиптештериме "пейилиңерди кенен коюп, башкалардын ийгилигине кубансаңар, ишиңер жүрүшүп, силерге ийгилик жылмаят" деп айтып кетем.
– Дал ушул чөйрөгө аралашам деп, башкача айтканда, ырчы болом деп далай кыйынчылыктарды көрсөң керек?
– Эрнист Сыдыков, Чыңгыз Мурзаев деген досторум менен Жаш гвардия бульварында КТРКны тегеректеп жүрө берчүбүз. "Каяктасың?" деп чалсаң, "офистемин, офиске кел" дешчү да. Офисибиз ошол телеканалдын маңдайындагы отургуч болчу. 2 жылдай ошол офисте жолугуп, сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү сүйлөшүп отуруп "ырчы болуп качан чыгам?" десем, Эрнист "сен ырдасаң, мен клип тартат элем" деп калды. Чыңгыз болсо "мен кино тартат элем" дейт. Ошентип клип тартып көрөлү деп мен "Токто, жаным" деген ырды жаздым. Клипте чачым өскөн, жүдөмүш болуп калгам. Себеби клип тартабыз деп техникалык шаймандарды, клипке катышкан каармандарды, тартуучу жайларды даярдап жүрүп жасаныш керек экенимди унутуп калыптырмын. Эми ырдайын деп баштаганда карасам жүдөмүшмүн, чач жасатып салонго барып келейин десем кеч кирип, салондор жабылып калыптыр. Маанай түшүп отуруп калсам, Эрнист "ырдай бер, доске" дейт, "даяр эмесмин" десем, "анда эмнеге булардын баарын чогулттуң, эртең деле буларды даярдагыча ушул болот" дегенинен айла жок ырдагам. Ошондо чыгармачылык кыйын көрүнүп, ушинтип ырдабай эле койбой деп ыйлагым келген.
– Анан продюсер менен иштешүүнү туура көрдүң?
– Продюсер менен иштешип калганым Эрнисттин эмгеги. Ал Канат Кадыржан байкеге барып "Данияр Эрматов сиз менен иштешейин деп жатат" дептир, анан мага келип "Канат Кадыржан сени менен иштешкиси келип жатыптыр" деп калп айтып, экөөбүздү иштетип коюптур. Аны мага бир жылдан кийин Эрнист айтып жатпайбы. Азыр экөөнө тең рахматымды айтам.
– Маектешип отуруп байкап калдым, бетке айткан мүнөзүң бар экен. Бала кезде Данияр кандай болгон экен деген кызыгуу жаралууда?
– Убагында айтылбай калган сөз мени өтө кыжалат кылат. Ошондуктан кары-жашына карабай бетке айтып салам. Аваз Акимов досум "тарс-тарс жүргөн мүнөзүң жагат" деп калат. Мындайча айтканда, былжырабайм, чечкиндүүмүн. Бала кезимде үйдө аябай жоош, мектепте өтө тентек элем. Мушташып, балдарды уруп, тил угуп эле жүрчүмүн. Анан ата-энелер үйгө "балаң биздин баланы уруп коюптур" деп арызданып келсе атам такыр ишенчү эмес. Бир күнү эзели мектепке басып барбаган атам мектеп жакка барса, эки бала аябай мушташып жатыптыр, бирөөсү өтө кыйын мушташат экен, жакшылап караса мен экем. Мен айылда мушташ менен белгилүү болгондуктан, спортчу болот деп ойлошчу. Ырчы болгонумда аябай таң калышкан.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg