МЫНА, КӨКСӨГӨН МАКСАТЫБЫЗГА ЖЕТТИК!!! «ШОРО» КОМПАНИЯСЫНАН СҮТ АЗЫКТАРЫ!

25 жылдан бери «Шоро» компаниясы кыргызстандыктардын ден соолугунун камын көрүп, мекен алдындагы милдетин татыктуу аткарып келе жатат! Өзүңүздөр билгендей, биздин азыктар ары табигый, ары пайдалуу, ары даамдуу дагы!
Ооба, сиз муну көптөн бери күтүп келгенсиз. Эми биз сизди «Shoro Milk» бренди астында чыгарылган сүт азыктары менен кубантууга даярбыз.
«Shoro Milk» – бул табигый жана пайдалуу сүт азыктарынын бүтүндөй бир жоон тобу. Сүт, айран, быштак, каймак, ак май – булар менен тизме бүтүп калбайт, сүт азыктарынын ассортименти дагы да болсо кеңейе бермекчи.
Бул багытты ишке ашыруу идеясы бизде эчак эле жаралган. Көксөп келген ойду иш жүзүнө ашырууда бир топ эле убакыт талап кылынды. Сүт багытын ишке киргизүү үчүн белгилүү бир талаптарга жооп бериш керек болчу.
Алар:
1. Продуктунун жогорку сапатына коюлган талаптарды аткаруу, тамак-аш кошулмаларын, консерванттарды жана антибиотиктерди кошпостон туруп азыктарды өндүрүүнүн технологиясын иштеп чыгуу;
2. Заманбап жабдууларды сатып алуу жана колдонуу;
3. Заманбап дизайнын жана сапаттуу кутусун даярдоо.
Ырас, жогоруда коюлган максаттарыбызга жетиштик, эми «Shoro Milk» текчелерден татыктуу ордун ээлей берсе болот.
«Shoro Milk» – бул кургак сүттү, консерванттарды жана ар кандай кошулмаларды кошпостон туруп даярдалган жогорку сапаттагы табигый сүт азыктарынын жоон тобу. Даяр продукция тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жаатындагы эл аралык стандарттын ISO22000:2005 (НАССР) талаптарына жооп беришине мүмкүнчүлүк берүүчү заманбап жабдууларда даярдалат.
Азыктардын коопсуздугуна жана жогорку сапатына кепилдик берүү үчүн аларды байма-бай көзөмөлгө алып турган жоопкерчиликтүү компания гана сапаты тыкыр текшерүүдөн өткөн коопсуз жана пайдалуу сүт азыктарын сунуштай алат!
Сүт жана башка сүт азыктарынын пайдасы тууралуу көп эле айтылып жана жазылып келе жатат. Сүт азыктары адам организмине оңой сиңип, аш болумдуу экендиги да далилденген. Сүттүн коопсуздук деңгээли заводдогу санитардык шарттарга түздөн-түз байланыштуу экендиги жашыруун эмес, сүттү чогултуу, анын коопсуздугун, талаптарга жооп бере тургандыгын текшерүүчү ветеринардык көзөмөл дагы маанилүү ролду ойнойт. Заводго келип түшкөн сүттүн Кыргыз Республикасынын техникалык регламентинин «Сүттүн жана андан кайра иштелип чыккан азыктардын коопсуздугу жөнүндөгү» талаптарына жооп бере тургандыгы физикалык, химиялык жана микробиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча текшерилет.
«Shoro Milk» сүт азыктарын өндүрүүчү заманбап жабдууларыбыз дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, өндүрүлгөн сүттүн пайдалуу касиеттерин болушунча сактап, аны кардарларга даамдуу жана жаңы бойдон тартуулайт. Албетте, биздин сүт суутулуп, анан кутуларга куюлганга чейин өндүрүштүк пастерлөө процессин басып өтөт. Мындай ысык иштетүүдөн өткөндөн кийин нак сүттө боло турган көптөгөн оору чакыруучу микробдор жана бактериялар жок болот, бирок көпчүлүк микроэлементтер менен витаминдер сакталып калат. Пастерленген сүттүн бир стаканында белоктун бир кыйла эле өлчөмү, кальцийдин суткалык нормасынын дээрлик жарымы жана витаминдер менен минералдардын чоң топтому бар.
«Shoro Milk`тин» башкы максаты – элге сүт азыктарынын пайдалуулугун болушунча көп жеткирүү болуп саналат. Азыктын сапаты жана пайдалуу касиеттери жакшы сакталышы үчүн анын кутусу да маанилүү ролду ойнойт. Биз заманбап жана жакшынакай кутуну чыгарып эле тим болбостон, бул жаатта жаңы чечимдерди кабыл алып, жаңылык жасаганга да жетиштик. Кыргызстанда жалгыз биз биринчилерден болуп сүт жана айран үчүн Diamond Curvе кутусун колдонуудабыз. Diamond Curvе деп аталган кырлуу кутулардын капкактары чоң диаметрлүү болуп, норвегиялык «Элопак» компаниясы тарабынан чыгарылган. Куту жөнөкөй жана ыңгайлуу келип, бир бураганда эле ачылат, ичиндеги сүттү же айранды куюуда да абдан ыңгайлуу. Мисалы, кутудагы суюктукту стаканга куюштуруп жатканда, ал эч чачырабастан, оозунан акпастан ойдогудай куюлат. Куту кырлуу болгондуктан бир эле кол менен кармоого да болот. Мындай жакшыртылган сапаттары жаш балдардын да, улгайып калган адамдардын да, деги эле бардык адамдардын кутуну ичиндегисин төкпөй-чачпай оңой ачуусуна, ошондой эле азыкты ошол кутусунда эле узакка сактоосуна мүмкүнчүлүк түзүп берет. «Shoro Milk`тин» жогоруда саналып өткөн артыкчылыктарынын бардыгы бүгүнкү күндө сүт индустриясынын жогорку талаптарын жана стандарттарын, ошондой эле талабы күчтүү кардарлардын каалоосун да канааттандырып келе жатат. Ден соолугубузду мыкты сактайбыз десек, сүт азыктары биздин күнүмдүк рационубузда алдыңкы орунда турушу керек эмеспи. «Шоро» компаниясы 25 жылдан бери талыкпастан, чарчабастан күндөн күнгө алдыга кадам шилтеп, өнүгүп-өсүп келе жатат. Ал жаңы технологияларды ишке киргизди. Компания табигый, таза, пайдалуу жана даамдуу азыктарды гана чыгарабыз деген милдетин так аткарып келе жатат. Сүт азыктарынын чыга башташы да буга күбө.

Шаардын дүкөндөрүнөн сураңыздар!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
tatynaaiym
2017-02-22 20:03:04
Эн жакшы жанылык.Ата мекендик ондуруш онугуп,олкобузду сапаттуу,баасы ынгайлуу азыктар мн камсыз кылуусун каалайм.Ишинерге ийгилик!!!Олкобуздун бардык аймактарынан тапса болобу?
+2
bolotbeck1983
2017-02-23 04:04:47
Кыргызстандыктардын ден-соолугунун камын коруп деп бал тилге салып жомок баштагандай болуптур. Ыракмат эле ыракмат. Ичтик тойдук, биз турайлы эми, кана оомийин!!!
0
arap00
2017-02-23 13:12:30
bolotbeck1983,Анан эмне деп жазышы керек эле? Бул адаттагыдай эле корунуш сен деле жумушка кирсен автобиографиянды жазганда эмнелерди гана кошуп жазбайсын. Эмнеси болсо да озубуздон ондурулгон азыктар.
+2
OMAP
2017-02-25 08:59:57
Дизайны жакшы болуптур
0
admin_superstan
2017-02-27 09:44:30
OMAP, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан