"БАЛАЛЫК ДЕСЕ ЭСИМЕ ЖУМУШ ТҮШӨТ"
– Менин балалыгым Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарында өткөн. Акындар айткандай, кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойдум, 4 бир туугандын улуусумун. Ошондуктан менин башыма көп түйшүк түштү. Мисалы, кичинемде мен курактуу балдар жайкы эс алууда лагерге барышчу, мен жайы бою күздүн камын көрүп, сентябрда мектепке кийип барчу кийимиме акча топтоо менен убара болор элем. Жалданма чөп чапкыч болдум, ылайдан үй салгандар болор эле, андайда ылай жасачумун, кыскасы, акысын сүйлөшүп алып иштей берчүмүн. Мектепке бара элек кезим көп эсимде калбаптыр.Бир гана 6 жашымда 1-класска мугалимдер "жашың жетпейт" деп албай коюшса дагы көк беттенип сабакка бара берчүмүн. Анан айла жок мектепке кабыл алышканы эсимде.
Азыр "балалыгыңыз кандай өткөн?" деп сурашса, эсиме аткарган жумуштарым гана келет. Үйдүн улуусу болуп ата-энемди кыйнабайын, өз алдымча болоюн деп эле иштей берген экенмин да. Элдин балдарындай велосипед тээп, ойноп-күлгөн күндөрүм деле болбоптур. Бирок ошол тажрыйба мага турмушумда чоң пайда алып келди. Бирөөнүн көзүн карабай жашоого үйрөндүм. Көчөбүздө жалаң орус улутундагылар турушчу, алардын арасындагы жалгыз кыргыз биз элек. Кыргыз мектепте окуганым менен, дүйнө таанымым орустардыкындай калыптанып калды окшойт. Шаарга окууга келгенимде дагы орусчаны эркин сүйлөгөндүктөн сабактардан кыйналган жокмун.
"АРТЫМДАН ОРУС КЫЗДАР ЧУРКАШЧУ..."
– 9-классымдан тарта айылдагы музыкалык ансамблде иштей баштадым. Алгач мектептин директору иштөөгө уруксат бербей койгон, себеби жашым жете элек болчу. Ансамблдин жетекчиси директорго келип сүйлөшүп, кечинде дискотекада кызмат өтөп бүткөн соң үйүнө жеткирип коёбуз деп анын уруксатын алган. Өзүм 9-класста окуйм, иштегеним айылдагы музыкалык ансамбль, түндөсү бийде кызмат кылабыз, анын үстүнө грек-рим күрөшү менен алектенчү элем, ошондуктан мектептеги кыздардын арасында аябай авторитетим чоң болчу. Өзүмдүн ошол кездеги келбетимди сүрөттөп берсем, азыркыдай чачым узун эмес, жакасы кенен көйнөк кийген, Юрий Антоновдун музыкасын жаңыртып магнитофонду желкеме коюп алган жигит элем. Магнитофондун батарейкасы отуруп, чайналып ырдап калганга чейин көтөрүп жүрө берчүбүз.
Бир да жолу кызга кат жазган эмесмин, тескерисинче, кошуна орус кыздар артымдан чуркап, кат жазып жүрүшчү. Эсимде, өзүмдү жигит сезип, чөнтөгүмө тарак салып жүрө баштаганымда орус кызы кат жазган, анан катын кайра өзүнө көтөрүп барып "муну сен жаздыңбы? Люблю деп коюптурсуң го, как это люблю?" деп сурагам. "Да, я написала" деген соң экөөбүз жетелешип алып сейилдегенбиз. Кыргызда айылда жаштар жетелешип жүрсө уят дешет эмеспи. Тиги кыздын ата-энеси аны үйүнө жеткирип барсам "о, Расул, привет, как дела?" деп коюшчу. Мен дагы камырабай сүйлөшкөн кызыма ата-энесинин көзүнчө эле "ладно, до завтра" деп кетип калчумун. Ошол эле учурда теңтуштарым кыргыз кыздар менен сүйлөшүп жүрүп "бир кызга барсам, агасы чыгып калып өлтүрүп коёюн деди, араң качып кутулдум" деп айтып калышчу. Кийин мектептин эң алдыңкы сулуу кызы менен сүйлөштүм. Сүйлөштүм дегенде кандай, ал экөөбүз өмүрү жолугушуп көргөн эмеспиз, болгону кат аркылуу кабарлашып турчубуз. Бул тууралуу мектептеги бирөө угуп калган окшойт, кийин баары кабардар болуп "Расул менен тиги кыз сүйлөшөт экен" деген кептер тарап кеткен.
"ЖЫЛАН КАРМАЙМ ДЕП ТҮНҮ БОЮ УКТАБАЙ ЧЫККАМ"
– Мектепте пахта терүү деген балээ бар эле. Пахтага алып барган алгачкы 2 күн жыргал, андан кийинки күндөрү баарыбыз шалпайып калабыз. Кечинде балдардын баары чатырга катар төшөк салып жатып уктайбыз. Кызыктын баары түн ортосунда башталат, бири түшүндө сүйлөйт, бири коңурук тартат, бири туруп басып кетет. Күндүзү пахтада эмне болсо ошонун баарын уйкусурап сүйлөп чыккандары болот. Ошондой күндөрдүн биринде жаныбызда жайгашкан чатырдан орус кыздар кыйкырып эле качып чыгышты. Жигитпиз да, эмне болду деп балдар менен жетип барсак "там змея" дешти. Эмнеге бул кадамга бардым билбейм, ошол кыздарга көрүнгүм келдиби, айтор, кыйын болуп чатырга кирип барып жанагы 2 метрдей жыланды кармап чыгып айлантып-айлантып ыргытып жибердим. Карап тургандардын бардыгы "Оо, Расул укмуш, жыландан корккон жок" деп ойлоп калышты. Ал түнү түшүмө жылан кирип уктай албай чыкканымды эч кимге айткан да жокмун. Азыркыга чейин ошол кылыгымды эстесем коркуп кетем.
"АПАМА ОПЕРАЦИЯ БОЛГОНУМДУ АЙТСАМ ЫЙЛАГАН"
– Күрөш менен алектенип жүрүп бутумду сындырып алгам. Ошол бойдон күрөштү жыйыштырууга туура келди. Анда дарыгерлер сынган сөөгүмдүн ортосуна ичке темир (спица) салып бүтүрүшкөн. Ал темир туура эмес салынып калган окшойт, бутум оорутуп жүрдү. Кийин шаарда окуп жүргөндө эч кимге айтпастан бутума операция жасатып башка спица салдырган элем. Кийин жакшы болуп айылга барганда апама операция болгонумду айтсам ал аябай ыйлаган, "айтып койсоң биз сени көргөнү бармакпыз да" деп. Ойлосом, аларды кыйнагым келген эмес окшойт.
Азыр кезинде күрөш менен чогуу алектенген досторума жолугуп калсам "сен көтөрүп чапканда мурдубуздан лампочка чыгып кетчү эле" деп тамашалап калышат. Балким, бутум сынбаганда спорт жаатында дагы өзүмдү көрсөтмөкмүн.
Нуркыз Курманбек кызы
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg