Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БАЛИ. КЕРЕМЕТ АРАЛГА САЯКАТ

№746 17-23-февраль, 2017-ж.


Түндүк жээгин Инд, түштүгүн Тынч океандары курчаган Бали аралына эс алуу "Супер Сулуу-2016" сынагынын жеңүүчүсү Бактыгүл Орозбаева, SUPER.KG кубогунда "Мыкты оюнчу" аталган Калыбек Турдубаевге буюрган эле. Жердеги бейиш аталган керемет аралга саякаттоого убакыт келип, 4-февраль күнү жолго чыктык. Экваторго жакын Бали аралына жетүү оңой болгон жок. Алгач унаа менен Алматыга жетип, андан ары океан кезип Малайзиянын Куала-Лумпур шаарына кондук. Кийинки учак Балиге көтөрүлүп, Денпасар шаарындагы аэропортуна кирип барды. Бизди орус тилин суудай билген Диас аттуу гид тосуп алып, мейманканага алып жөнөдү.

Отелдин босогосун аттаарыбыз менен учакта жүргөн узак убакыт, аэропортто рейсти күтүп зериккен учур, чарчаганыбыз дароо унутулду. Ызгаар сууктан жанды жыргаткан жылуулукка келип магдырай түштүк. Климаттын алмашуусуна бат эле көнүп кеттик.


Жер шарынын жарымын кезип келген топ чу дегенде эле бассейнге чуркадык. Сууда балыктай сүзгөн Калыбек бир күн кечке бассейнден чыкпай чабак уруп жүрдү. Бактыгүл сүзгөндү өздөштүрүү менен убара болду.


Бизди баарынан мурун океан кызыктырып турган. Океан дегенде отелдин автобусу пляжга жеткирерин да унутуп калыптырбыз. Жапжашыл бак-даракка оронгон айланага суктана пляжга жетип барып учу-кыйыры жок, асман менен бириккен Инд океанына көзүбүз түштү. Жээкке урунган катуу толкун менен ойноп, суусуна чумкуп эс алдык. Биздин Ысык-Көлдөн 5 эсе туздуу суусу ооз-мурун, көздү ачыштырып жатса да бул керемет эле.


Экскурсия маймылдар байырлаган токойдо уланды. Күн ачык кайнап турган маалда чытырман бак-даракка курчалган бул жер салкын тартып турат. Маймылдар өздөрүн жунглинин кожоюну сезишип, туристтерге көнүп калышыптыр. Колуңда аларды кызыктырган нерсе болбосо карап да коюшпайт. Мүмкүнчүлүк болсо эле жулуп алып качып кетүүгө даяр. Жакындан таанышып, тизеге, ийинге отура калышат.


Балидеги сафари паркы туристтерге 10 жыл мурун эшигин ачкан. Гианьяр районунда жайгашкан парктын аянты 40 гектар, 400гө жакын экзотикалуу жаныбардын түрү Индонезия, Индия жана Африка өлкөлөрүнөн алынып келинген. Алар: гималай аюусу, төө куш, арстан, төө, зебра, пил, ак аюу, бегемот, тоту куштар. Парктын миссиясы көңүл ачууну гана көздөбөйт, жаныбарлар менен тааныштыруу программасы да камтылган.


Аралдын Кеменух айылында жайгашкан бийиктиги 25 метрге жеткен Тегенунган шаркыратмасында туристтер үчүн атайын аянтча курулган. Жакындан көрүүнү каалагандар тепкичтен түшүп барышат. Бейиштин бир бөлүгүндөй элес калтырган жер сүрөтчүнүн картинасына окшойт. Сергип алууну каалагандар шаркыратманын суусуна түшүп алса болот. Калыбек дал ошондой кылды.


Гунунг-Батур жанар тоосу. Бийиктиги 1717 метр, акыркы активдүүлүгү 2000-жылы катталып, жанар тоонун кратеринен 300 метр бийиктикке жеткен күл атылып чыккан. Бул жерде шамал уруп салкын тартып тургандыктан балиликтер үчүн суук болсо, бизге окшоп ысып жаткан туристтер үчүн эң жагымдуу жер болду.


Балиде үйлөрдөн да храм көп. Жердеги бейиш деп аташканы бекеринен эместир. Храмга көрүү үчүн атайын белдемчини ижарага алып киресиң. Бул храм оңдоп-түзөөдөн өтүп турганы үчүн бир нече кылымдан бери жакшы абалда сакталып калган.


Бали тамшандырган ширин мөмө-жемиштерге бай. Аталышы, көрүнүшү да экзотикалуу: маракуйя, мангустин, салак, манго, питайя, рамбутан өңдүү мөмөлөр баарыбызга жакты.


Аралдын жолдору кууш болгондуктан көпчүлүгү скутер менен жүрүшөт. Кумурскадай жайнаган мотобайк жергиликтүү тургундардын гана эмес, туристтердин да сүйүктүү транспорту. 5 долларга 1 күн ижарага алып ары кызыктуу, ары табышмактуу жайларды кыдырууга ылайыктуу. Болгону сизде айдоочунун эл аралык күбөлүгү болушу зарыл. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аныңыз жок болсо деле полиция кызматкерлерине айып пул төлөп айдасаңыз болот. Жол эрежесин көзөмөлдөгөн кызматкерлер ар бурчта тургандыктан жол кырсыгы дээрлик катталбайт.


Бизге тропиктик жаратылышты, жанар тоо, шаркыратма, экзотикалуу жаныбарлар байырлаган паркты гид Мухаммед Августин коштоп жүрүп көрсөтүп берди. Ал туристтерге "Супер-Инфону" жарнама кылам деп бизден футболка белекке алды.


Саякат соңунда Малайзия өлкөсүнүн борбору Куала-Лумпур шаарына келип эс алууга, эгиз мунара Петронас менен таанышууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү.


"20 жашка чыга электе жомоктогудай жерге саякаттап келгениме сыймыктанып турам. Жашоомдо ушундай мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлогон эмесмин. Эгер сынакка катышпасам бул кереметти көрбөйт элем да. Сынакка катышып жатканда ушул аралга саякаттоону максат кылгам. Кыздардын арасынан суурулуп чыгып, таажы тагынуу үчүн болгон аракетимди жумшадым. Биринчи жолу чет өлкөгө чыгып көзүм ачылды десем болот. Дүйнө таанымың кеңейип, дагы көп нерсени билгиң келип калат экен".


"Мен дагы биринчи жолу саякатка чыктым. Бул мүмкүнчүлүктү SUPER.KG порталы уюштуруп бергени үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Эми мындай эс алууга чыгууга өзүм аракет кылам. Көрсө, күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп, дүйнөдөгү кызыктарды көрбөй жүрө бериптирмин. Башка жердин эли, маданияты, жашоо-турмушун көрүп көз карашым өзгөрдү. Оюмдун баары саякат эле болуп калды".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg



Бали. Керемет аралга саякат

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(43)
22.02.2017. 11:52 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
22-01-2017
Соӊку аракети:
02-04-2017 11:50
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудаай кайдагы бир бейишти энсебей чыныгы бейиштин даамын татсанар жана ага аракет кылсанар кандай соонун ээ,силергеда Кудайым журогунорго ыйман бере корсун.
22.02.2017. 11:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
19-11-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 13:07
Жынысы:
Белгисиз
-10
Ушул кыз кийн Бактыгулго окшоп толуп кетет да
22.02.2017. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:38
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Сумайа" киносунда корсотулгон жерлер го.шаркыратма,Супер инфого рахмат,жылыга саякатка жоноттуп.
22.02.2017. 13:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
268
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
01-11-2018 09:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
видеосу жокпу?
22.02.2017. 15:22 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5993
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 17:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+2
meni_kut, саламатсызбы? http://www.super.kg/media/stv/185021/
22.02.2017. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
21-02-2017
Соӊку аракети:
21-11-2017 23:40
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ушул кыз бирди торогондон кийин былчыйып кетет тура айтасын
22.02.2017. 14:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-09-2016
Соӊку аракети:
22-03-2017 22:50
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бактыгул мага жагат,супер сулууга татыктуу..Жон эле уйдо жатып алып суйлой бербегилечи...
22.02.2017. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
31-12-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ойлопмун Бактыгүл Калыбекке тийген турбайбы, анан, күйөөсүн ээрчитип алыптыр деп))) Калыбектин дагы аялы сулуу келин.
Медиа-портал
22.02.2017. 15:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
08-12-2010
Соӊку аракети:
07-11-2018 12:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң негизгиси соз байлыгы жок экен, орус тилинде да өз тилинде да сүйлөй албаптыр. Репортажды бузуптур чынында! Сырткы келбет бул ар кимдин өз иши, бирок курсакты кичине тартып жүрсө кыз кишиге жакшы болот (баарыбызга тиешелүү). Кандай болбосун ичим ачышып калды-Супер Сулуу Сизге буюруп калганына!
22.02.2017. 18:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-04-2016
Соӊку аракети:
08-12-2017 10:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эт жеш боюнча экинчи орунда турабыз, биринчи карышкыр анан биз дейт го...
Super TV
22.02.2017. 18:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
29-01-2015
Соӊку аракети:
03-11-2018 10:47
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сымбаты келишкен ай чырайлуу кыз .Эн сонун мага жакты .Ийгиликтерге каалайм
Медиа-портал
22.02.2017. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
03-12-2017 23:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Айабай жакшы маанай тартуулашты,экоо тен жонокой,ачык,позитивный адамдар экен,кыйын коментировать этишиптир,экоону саякат жонундо передачага коюп койсо да жарашчудай экен,азаматтар)
Медиа-портал
22.02.2017. 20:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
22-07-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 23:04
Жынысы:
Белгисиз
-4
Kapets kak razdrajayut,menya hvatilo tol'ko na 10 min. Posmotryu ya luchshe "Orel i reshku". Choyulup, judop, tantyrap suilogonunordon silerdin
22.02.2017. 22:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
18-03-2015
Соӊку аракети:
17-10-2018 15:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабад
0
Аш мн макарон палоону кундо жейберген учун муну жабып коебуз.... салатка окшооош тамак турат
22.02.2017. 23:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
10-02-2016
Соӊку аракети:
17-08-2017 14:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бактылуу жашоо кааллайм мынданда...
23.02.2017. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
12-02-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Козум ачылды дегени эмнеси?
23.02.2017. 02:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
16-06-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 10:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Кыздын кийими кантет?
23.02.2017. 03:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
11-09-2016
Соӊку аракети:
14-08-2018 01:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-Балта
+1
Саякаттоо кандай сонун! Айрыкча коз жетпеген молт-калт турган океан денизге биринчи кезиккенде озгочо сезим болот.
23.02.2017. 03:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
18-05-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 00:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Соннун жеру
23.02.2017. 10:16 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5993
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 17:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+1
chon-alai90, alymbek.albina, кимдир-бирөөнү мазактоо иретиндеги билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
23.02.2017. 10:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
06-06-2015
Соӊку аракети:
04-04-2018 07:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
Купальниктин турун алдым деп мактанды эле го., бир эле купальник мн журот
Super TV
23.02.2017. 12:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
14-03-2016
Соӊку аракети:
11-09-2018 15:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балиге барган кыз жакты номерин кантип алам
Super TV
23.02.2017. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
08-02-2016
Соӊку аракети:
05-08-2017 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер силерге чоон рахмат мен барып келгендей болдум, саякат буткондон кийин карасам ордумда жатам.
23.02.2017. 20:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 12:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саякат кылгандардын көзү ачылып калат бекен? Демек биз жүргөн экенбиз да, окуп,иштеп, үй-бүлө багалы деп. Баары эле саякатка кете берсе, үй-бүлөнү ким багат, саякатка акчаны ким табат? Сүйлөйт десе эле,учура беришет экен да
24.02.2017. 02:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
26-07-2018 22:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул сулуу ХХХ кыргызча суйлобойсунбу!?
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-02-24 09:06:18
24.02.2017. 09:21 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5993
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 17:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
kozuwka, этика нормаларын сактаңыз!
24.02.2017. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
268
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
01-11-2018 09:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Бактылуу болгула коз тийбесин Калыбек Бактыгуль.Бали укмуш сонунго ушундай шартты тузгон Супер Инфого терен ыраазычылык.
24.02.2017. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
20-02-2017
Соӊку аракети:
15-03-2018 17:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бейиш
0
Ким барат менменен малазияга
24.02.2017. 16:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
20-02-2017
Соӊку аракети:
15-03-2018 17:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бейиш
0
Ким барат бали аралына чогу баралы кыз укмуш екен
25.02.2017. 12:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 08:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Wymy kantet Baktyguldun boluwuncha ustugo kotorup algango
Super TV
25.02.2017. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-01-2014
Соӊку аракети:
01-04-2017 12:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз байлык жок таптакыр
27.02.2017. 20:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
30-09-2015
Соӊку аракети:
26-06-2018 17:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи чынын айтсам мага жакты бул арал менда баргым келди. Калыбек Жана бул сулуу бийкечтер азаматсынар кандай гана сындар болбосун сизден мындай эс алууга татыктуу эленер. Мындан ары да. Чон чон ийгиликтерди каалайм. Эми сынчыларга келсем эгер силер ушунчалык эле кыйын болсонор эмне учун бул аралда силер эмессинер. Бул кызды ушунчалык сындапсынар озунор периште биролор ыйман берсин Деп алыпсынар. Ушактаган анын этин жегенге барабар экенин билесинерби.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: