SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы “Күнсереп” рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

9-февраль:
"КЕЛИНДИН" ЧУУСУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ЖЕТТИ

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыз-келиндер маселеси кызуу талкууланды. Буга КТРК телеканалы көрсөтүп баштаган "Келин" теледолбоору себеп болду. Авторлордун айтымында, шоунун максаты – турмушка чыга элек кыздарды үй-бүлөлүк турмушка даярдоо. Бул телепрограмма боюнча пикирин билдирип, залалдуу таасирлерин айткан депутаттардын бардыгы аны жабуу керек дешти. Аталган шоу бир гана парламентте эмес, коомдо да катуу нааразычылык жаратты. Аны жабуу үчүн петицияга кол чогултууну активисттер жүргүзүшүүдө. Активисттер бул теледолбоорду жаш колуктуларга "келин" деген статусту байлап, аялзатына адам катары мамиле кылууну чектеп, аялдардын эркектер менен бирдей укукта өзүн өстүрүүсүнө тоскоол болот деген пикирде.
Улуттук статистика комитети жүргүзгөн медициналык-демографиялык изилдөө боюнча, өлкөдөгү аялдардын 10 пайызга жакыны 18 жаш курагына толгонго чейин, анын ичинде 1 пайызы 15 жашка толгонго чейин күйөөгө чыккан. Дагы бир статистикага таянсак, өлкөдөгү аялдардын 58 пайызы зордук-зомбулукка кабылат. Бул бир гана расмий катталган сандар, катталбаган нике кыюулар жана зордук-зомбулук фактылары мындан да көп болушу мүмкүн. Укук коргоочулардын айтымында, Кыргыз жеринде ай сайын 3000ден ашуун аял зордук-зомбулуктун сексуалдык, моралдык жана физикалык түрлөрүнө, ала качууга, жана башка кордуктарга кабылат. Келин менен кайнененин ортосундагы сый-урмат мамилени жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалаган, үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын алдын алууга жана аларды чечүү жолдорун сунуштаган телепрограммаларды көрсөтүү жогоркудай терс статистикаларды жакшыртууга салым кошмок...

10-февраль:
СВЕТТИН ЭСЕБИНЕН ЭЛДИ ТОНОМОЙ БАШТАЛДЫБЫ?

Электр энергиясы боюнча "акылдуу" эсептегичтерге нааразылар көбөйүүдө. Колдонгон электр жарыгынын көрсөткүчү мурдагы айларга салыштырмалуу кескин көтөрүлүп, мунун айынан төлөм эселеп көп чыгып жатканын айткандар арбыды. "Эсептегичтер туура эмес эсептеп жатат" дешүүдө. Белгилүү ырчы Гүлнур Сатылганова да "акылдуу" эсептегичтерден шектенип жатканын социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жазды. Ырчы мурда электр энергиясы үчүн айына орточо 8-10 миң сомдон төлөп жүргөнүн, "акылдуу жабдык" коюлгандан кийин 25-30 миң сомдон төлөп жатканын айтууда.
Мындай эсептегичтер өлкөгө 2012-жылдан тартып киргизилген. Максаты – электр энергиясын үнөмдөө, энергетикадагы уурулукту азайтуу эле. Бирок "эсептегичтердин сапатын, техникалык абалын текшерүү талаптагыдай жүргөн эмес" деген да сөздөр чыккан. Убагында муну Жогорку Кеңештин депутаттары да айтышып, миңдеген эсептегичтин 10 чактысы гана мамлекеттик стандарттан текшерүүдөн өтүп, калганы сыноодон өтпөй эле орнотулуп жатканын сынга алышкан эле. Негизи "акылдуу" эсептегичтер туура эмес эсептеп жатканы 2012-2013-жылдардан бери эле айтылып келет. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы мурунку айлардагы төлөм менен кийинки айдагы төлөмдүн ортосунда кескин айырмачылык болушу мүмкүн эместигин айтып алакан жаюуда. Ошол эле учурда эсептөөдө катачылык кетиши мүмкүн деген версияны четке каккан жок. "Эгерде ашыкча төлөм болгону аныкталса, анда компания кийинки айдагы төлөмдөрдү кемитүү менен төлөп берет",- дейт компания төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков.
Эгер жабдыктар туура эмес эсептеп жүргөнү чын болсо, анда "акылдуу" эсептегичтер системи Бакиевдин тушундагы Ширшовдун схемасына окшошуп калат. Кырдаал дыкат иликтөөнү талап кылат. Адатта Жогорку Кеңештин депутаттарын, жеке кызыкчылыктарды коргоодо түзүлчү комиссия ушундай иштерде да түзүлсө...

13-февраль:
САРПАШЕВДИ САДАГА ЧАПКАНЫ ЖАТЫШАТ

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев өз арызы менен кызматтан убактылуу кетти. Арызга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бүгүн Башкы прокуратуранын Сарпашевди кызматтан бошотуу боюнча сунушун кароо үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы бул маалымат жарыяланган соң “комиссиянын ишине тоскоолдук жаратат деген шек жаралбасы үчүн кызматтан убактылуу бошотуу” өтүнүчү менен премьер-министрге кайрылды.
Максим Бакиевдин мүлкү деп арест коюлуп, бирок эмнегедир улутташтырылбай калган Бишкектеги 1 гектар 28 сотых жердин чуусу ошентип биринчи кезекте Тайырбек Сарпашевди жумуштан ала турган өңдөнүп калды. Буга чейинки окуяларды эске салсак, анда 1 айга деп убактылуу кызматтан кеткен Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматына кайтпай калышы толук мүмкүн. Президент Алмазбек Атамбаевге дал ушундай эле мүнөздөгү арызын президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев 2015-жылы 16-июлда жазып, 4 күндөн кийин биротоло кызматтан бошотулуп, бир жумадан кийин УКМК ага каршы кылмыш ишин козгогон.
Тайырбек Сарпашев бул иштерди "саясий оюн" деп атады. Мамлекеттик каттоо кызматы жер тилкесин Бишкектеги райондор аралык соттун чечимине таянуу менен каттаган. Сарпашевдин айтымында, райондор аралык соттун чечимин токтотуу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими Мамлекеттик каттоо кызматына өз учурунда эмес, 56 күндөн кийин берилген. Чечимди эмне максатта мынча убакыт кармап отурушканы түшүнүксүз. Ал жакынкы күндөрү бул иш кимдердин кызыкчылыгында болуп жатканын ачыктай турганын, мунун артында президенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясатчылар турарын айтып, аягына чейин күрөшөрүн билдирүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматы президенттик шайлоо жакындаган сайын жарышка түшөм деген саясатчылардын тынчын алып баштады. Саясий күчтөрдүн ар бири бул кызматка өз адамын алып келүүгө аракет кылат. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигине бийлик эч качан бөтөн кадрларды жолотпогондой эле, бул кызматка да башкаларды жолотпоосу анык. Андыктан Сарпашев кызматтан биротоло алынчу болсо, ордуна президенттик аппараттан Нуржан Шайлдабекова өңдүү бирөө барат деп күтүүгө болот...

14-февраль:
КСДП ТАЛАПКЕР ТАНДООДО ИНТРИГА САКТООДО

Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёт. “Республика-Ата Журт” фракциясы бүгүн өткөргөн жыйынында ушундай чечимди бир добуштан кабыл алды. Өткөн аптанын жума күнү Бакыт Төрөбаев чоң казатка аттанарын жарыялаган. Кечээ Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов бийликтин командасынын атынан президенттик жарышка аттанат деген кабар чыгып, коомчулуктун мындай кабарга карата реакциясы кандай экени байкалды. Бабановдун президенттик шайлоого катыша тургандыгын жарыялоосу күтүлүп жаткан окуя болгон үчүн фракциянын бүгүнкү чечими кадимки жаңылык катары кабыл алынды. Кулматовго байланыштуу кечээги маалымат дароо төгүндөлгөнүнө карабай, интернет баракчаларында көпкө талкууланып барып басылган. Мунун себеби, албетте, коомчулуктун бийлик президенттикке кимди алып чыгарына болгон кызыгуусунда. КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине берген комментарийинде “талапкерди аныктоого дагы убакыт бар, азыр ага чейин чечиле турган иштер бар” деп айтканы бийликтин тегерегиндеги топтордун бир жыйынтыкка келе электигин билдирет. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун айтымында, КСДП президенттикке талапкер чыгарса, аны мураскер катары кабыл албоо керек. Бийликтин командасынан ким талапкер болуп чыкпасын, анын күчтүүлүгү аталган партиянын электоратынын колдоосуна ээлиги болсо, ал эми алсыздыгы оппоненттер тарабынан "Атамбаевдин мураскери" деп сынга кабылуусу болот. Айтор, КСДПнын атынан чыкчу талапкер боюнча интрига бекем сакталып жатат...

15-февраль:
ТҮРКИЯ ПОРТАЛЫ ТЕКЕБАЕВДИ БАКИЕВГЕ "ЖОЛУКТУРДУ"

Түркиялык портал "Депутат Өмүрбек Текебаев Кипрде качкын президент Курманбек Бакиев менен жолукту" деп жазып чыкты. Буга чейин биздеги жергиликтүү порталдардын бири “Текебаев Кипрде Садыр Жапаров менен жолукту” деген жоромолун жазып чыккан эле. "Хаберлер" агенттиги жарыялаган маалыматта Текебаев Бакиевден 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоодо Кыргыз жеринде тополоң уюштурууга каржылык колдоо сураганы айтылат. Бирок маалымат кимден алынганы жазылган эмес. Жөн гана маалыматтын аягына Бишкек деп жазып коюшкан. Сыягы, “бакиевдик кадр” деп мүнөздөлүп жүргөн Садыр Жапаров түрк басылмасына жеткиче Бакиевге айланып кеткен өңдүү.
Кыргыз коомчулугуна "Хаберлер" порталы буга чейин Алмазбек Атамбаев тууралуу кабардан улам тааныш болуп калган. 2016-жылдын 19-сентябрында Бишкектен Нью-Йоркко бараткан Алмазбек Атамбаевдин жүрөгү ооруп, президент Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунан "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жиберилгенин ушул портал жарыялаган. Интриганы ого бетер күчөтүп Текебаев бул чуулгандуу кабар боюнча унчукпай жатат. Азырынча бир гана маалымат чын. “Ата мекенчи” чын эле жакында Кипрге барып келгендигин кабарлаган. Депутат аталган өлкөгө сапарын президенттин байлыгын иликтөө иши менен байланыштырууда. Ал Атамбаевдин Кипрде бизнес кызыкчылыгы бар деп жарыялап, бирок далил көрсөтө элек. Өлкө жетекчиси Текебаев айткан маалыматты териштирүү боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берип, башкы көзөмөл органы иликтөө жүргүзүүдө. Эксперттер Өмүрбек Текебаев каржылык тартыштыктан улам президенттик шайлооого талапкер катары чыга албашы мүмкүн деп буга чейин көп жолу айтып келишти. “Хаберлердин” кабарында да “каржылык колдоо алуу” тууралуу сөз болот. Ошентип кептин учугу президенттик үчүн күрөшкө барып такалууда...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан