– Кош келипсиз, Гүлнара айым. Байкашымча, турмушка чыккандан кийин мынчалык катуу иштей элек элеңиз, Айжамал Кабылова сахнага кайтып чыгармачылыгыңызга дем берди көрүнөт...
– Аялзаты болгондон кийин чыгармачылыкты бир нукта алып кете албайт экенсиң. Турмушка чыгып, эне болгондо тыныгуу болду. Кызым чоңоюп, эми чыгармачылыкка билек түрө киришип жатканда Айжамал келип калды. Ошентип экөөбүз бирге сахнага кайтып келдик десем болот. Ошондон бери аймактарды кыдырып концерт берип келдик. Буюрса, 1-мартта 20 жылдык юбилей концертибизди тартуулайбыз деп турабыз.
– Экөөңүздөр иштеп баштаганда "Гүлнара Айжамалды колдонуп, өчүп бара жаткан атын чыгарып алды" деген сөздөр айтылып жүрдү...
– Айжамал менен буга чейин далай жолу чогуу ырдап, бирге иштешкенбиз да. Мен өтө популярдуу болуп турган бирөөгө жабышып "чогуу ырдабайлыбы" десем бир жөн. "Гүлнара Айжамалды колдонду" деген такыр туура эмес, колдонгудай ал буюм эмес. Бул көрө албагандардын эле чыгарган сөзү. Тескерисинче, Айжамалдын башына оор иш түшкөндө аны колдоду десе туура болот эле. Айжамал өткөргөн кыйынчылыкты кесиптеш эмес, бир тууган эжеси катары мен да жон терим менен сезип жаттым. Ал учурда Айжамалга ошондой колдоо керек эле. Себеби чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү назик, ар бир сөздү жүрөгүнө жакын кабыл алат. Анан элдин көзүндөгү адам бат сынып калышы мүмкүн. Мен эле эмес, Гүлшайыр эже кабатырланып, "Айжамалдын турмушу эмне болду, келгилечи сүйлөшөлү" деп кеп-кеңешин берип, кыйын күндө куткарып кеткенге өз салымын кошту.
– Бир кезде Гүлшайыр Садыбакасовадан бөлүнүп, өзүнчө ырдап кеткен элеңер. Былтыр кайрадан иштешип баштадыңар окшойт...
– Мен Гүлшайыр эже менен эч качан урушкан да, таарынышкан да эмесмин. "Кыз-Бурактын" 35 жылдык мааракесине барып концертинде ырдагам. Андан кийин эженин 60 жылдык юбилейин куттуктап бардым. Дайыма сый гана мамиледе келе жатам. Кесиптеш жакындарымдын арасында бир кезде интригалар көп болуп кетти. Ошондо да өзүмдү сабырдуу кармап, устатка устаттай мамиле кылып, доско достой болуп, экөөнү тең сатпай мамилени сактап калдым. Албетте, мен туура кылдым деп ойлойм. Негизинен эле интриганы, ушакты жаман көрөм. Бир нерсе жасаарда өтө ойлоном, көңүлүмдү ооруткан адам болсо же бирөө тийишсе сөзсүз жооп айтам, мамилени үзүп коюшум да мүмкүн. Жаш кезде артымдан айтылган сөздөрдү териштирчүмүн, азыр ага убактым да жок. Эң негизгиси Кудайдын алдында, абийириңдин алдында таза болсоң болду.
– Жаныңда жылуу мамиледе жүргөн адам деле убакыттын өтүшү менен алыстап кетиши мүмкүн. Чочулоо болбойбу?
– Ооба, андайларды деле көрбөдүкпү, негизи менин оозумдан оңою менен сөз чыкпайт, сырга өтө бекеммин. Азыр адамдардын арасында ишеним жоголду. Жакындарың сатып кетип жатпайбы. Пейилибиз бузулуп, ушунчалык ичибиз тарып баратыптыр. Ишенесиңби, арабызда билген нерсесин айткысы келбегендер бар.
– Ушул жерден жакындарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
– Үйдө 6 кыз, 1 уулбуз. Атам орган кызматкери болгондуктан эжелерим, сиңдим да ошол тармакта эмгектенишет. Жадакалса жолдошум, жезделерим да орган кызматкерлери. Күйөө балам Темир Назаров экөөбүз эле ырчыбыз. Жакындарым жолукканда органда иштегендердин темасы бир, Темир экөөбүздүн оюбуз бир болуп калат. Ырчыны ырчы түшүнөт да, ал байкушту да канча жолу "ажырашып кетти" деп ушак чыгарышты. Темир сиңдим экөө 1 кыз, 1 уулун тарбиялап жакшынакай жашап жатышат.
– Жакшы, кызыңыз канчага чыгып калды, сизди тартып ырчы болчудайбы?
– Кызым Аяна 6 жашта, балдар бакчасына барат. Быйыл мектепке берсемби деп жатам. Аябай таланттуу, бөбөк кезинде музыка менен уктап, музыка менен ойгончу. Музыка токтосо ыйлап баштачу. Азыр чыгармачылыкка аябай жакын, ырдайт, бийлейт. Бийге болгон шыгын байкап, бий ийримине бергем. "Чоңойгондо ким болосуң?" деп сурасак, "бийден сырткары чач жасаган салон ачам" деп калат. Өзүнүн чачын сонун кылып жасап алат, фантазиясы аябай күчтүү. Кызым кайсы кесипти тандабасын мен аны колдойм. Кудай буюрса, кызым баарын түшүнүп, чоңоюп калды. "Апа, качан ляля алып келесиң, азыр эле алып келип тоюңа ырдаганы кете бер, өзүм эле багам" деп жатат. Кудай буюрса, концертти өткөрүп алып, кызымды инилүү кылсам деген жакшы пландар бар.
– Чындыгында кызыңыз тың экен, кызыңыздай куракта сиз кандай элеңиз?
– Мен деле кызымдай болуп тың болчумун. 1-класста каникулда таенем мени айылга алып кеткен. Мени аябай жакшы көрүп, тыйчу эмес, каалаганымдай ойнойт элем. Бул жактан жөнөгөндө чолок шым, футболка кийип барсам, таенем шым менен узун көйнөктү кийгизип, чачымды майда кылып өрүп койчу. Алар Өзбекстанда жашашчу да. Каникул бүтүп Ошко жөнөп жатсак, кайра эле көйнөк, шымдын жаңысын кийгизип, чачымды майда кылып өрүп койду. Айылда билинбейт экен, автобуска түшкөндө аябай ыңгайсыз болдум. Автобекеттен таенеме "дааратканага барып келейин" деп кетип, көйнөк, шымын чечип, чолок шым, футболка кийип, чачымдын өрүмүн чечип байлап келсем, таенем аябай таң калды. "Эмне, мындай барсаң сени Ошко киргизбей коёбу?" дейт. Үйгө барып апама айтып берип бир сыйра күлүп, "бул кызыңдан бирдеме чыгат, кипкичинекей болуп ушуга башы жеткенин кара" деген эле.
– "Жигиттер жубайды апасына окшоштуруп тандайт" дейт, кайненеңизге окшош жактарыңыз барбы?
– Эң туура айтылган сөз, кайненем экөөбүздүн дене түзүлүшүбүз, кыймылыбыз, күлгөнүбүз, мүнөзүбүздөн өйдө окшош. Жадакалса ырдаганыбыз да окшош экен, өзүмдүн апама мынчалык окшошпойм. Жолдошум да "апама окшоштуруп сени тандагам" деп калат. Анткени жигиттер апасын идеал тутуп, ага окшош кыз издейт турбайбы. Келин болуп келгениме 12 жыл болуптур, кайын журтумдун кызы эле болуп калгам. Баары жакшы көрүп, чыгармачылыгымдан өйдө колдоп турушат. Жолдошум Мырзабек "менден сага эмне жардам керек, концертиңде эмне кызмат кылайын?" деп жатат. Болгону "кызым экөөбүздүн сүрөтүбүздү коомчулукка көп жарыялаба" деген суранычы бар. Кудайга шүгүр кылам, ушул бактымды кут кылсын.
Замира Рахманбердиева
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg