14-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-депутат Карганбек Самаковду 19 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо суралды. Ошондой эле мамлекеттик айыптоочу соттон Самаковдун баласы Кубанычбек Самаковду 18 жылга, мурунку өкмөт башчы Игорь Чудинов менен мурунку вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди 11 жылдан камакка алууну өтүндү. Ал эми экс-президент Курманбек Бакиев менен бир тууганы Жаныш Бакиевди 18 жылга эркинен ажыратуу сунушу менен сотко кайрылды. Айыпталуучуларга сөз 17-февралдагы сот отурумунда берилмекчи.
Эске салсак, Башкы прокуратура Самаковго жана анын шериктерине "2008-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү 262 гектар жер тилкесин "айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "калктуу конуштардын жерлери" категориясына мыйзамсыз которгон" деген себеп менен 2015-жылдын 14-майында кылмыш ишин козгогон.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg