Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковго Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, ага карата "коррупция" беренеси боюнча айып коюлган. Исаков "Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүн башкарып турган учурда мыйзамсыз токтомдорду чыгарган" деп айыпталууда. "2010-2015-жылдары Музаффар Исаков айыл өкмөтүн жетектеп турган учурда райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери менен 14,34 гектар жерге турак жай курууга себеп болгон мыйзамсыз токтомдорду чыгарган",- деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында. Иликтөөлөргө караганда, жарандар жер тилкелерин 1,5 миң доллардан 3 миң долларга чейин сатып алышканы аныкталган. Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергөө жүргүзүүдө.
Музаффар Исаковго карата "коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш иши аны мандатынан ажыратууга алып келсе, анда тизме боюнча кезек Канат Керезбековго келет. Ал учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ректору. КСДПнын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлер тизмеси боюнча Керезбековдон кийинки кезек президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдо.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg