Президент Алмазбек Атамбаев 15-февралда расмий иш сапары менен Бельгияга барып, 16-февралда Европалык кеңештин төрагасы Дональд Туск, Европа биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушууларды өткөрдү. Андан тышкары Бельгиянын падышасы Филипп, Европалык комиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушуусу да каралган. Анда Кыргыз өлкөсү менен Европа биримдиги ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюлат.
Бул иш сапарга улай эле президент Германия Федералдык Республикасынын Мюнхен шаарында өтчү коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышып, соңунда Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg