11 МИҢДЕН АШУУН ҮЙ КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН
Кыргыз өлкөсүндө "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам долбоору 2015-жылы кабыл алынып, 2016-жылдын 7-февралынан күчүнө кирген. Бир турак жай үчүн жылдык камсыздандыруунун төлөмүн аныктоого атайын базалык тариф иштелип чыккан. Турак жайдын жылдык камсыздандыруу төлөмү шаарларда 1200 сом, ал эми айылдарда 600 сом деп белгиленген. Шаар жери үчүн камсыздандыруу суммасынын өлчөмү 1 миллион сом, айыл жери үчүн камсыздандыруу суммасынын өлчөмү 500 миң сомдун тегерегинде.
Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө 1 миллионго жакын турак жай катталган болсо, учурда 10 700 турак жай ээлери камсыздандыруу полисин алган. Камсыздандыруу уюму иштеп баштагандан бери 7 үй-бүлөгө
1 миллион 400 миң сомдон ашуун суммадагы камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилген. Өкмөт тарабынан 2016-жылы кабыл алынган токтомго ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден, жер титирөөнүн күчү 6 баллдан жана жааган жамгырдын өлчөмү 48-60 миллиметрден ашкан учурда үйүңүз жабыркаса гана чыгашаңыз төлөнүп берилет.
"ССУДА ЭМИ БЕРИЛБЕЙТ"
Мурда өкмөт тарабынан табигый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдетилген ссуда берилчү. Бирок 2017-жылдын 1-январынан тарта ссуда берилбейт. Бул боюнча Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов төмөндөгүдөй жооп берди:
– Мурда табигый кырсык болгондо атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кырсыкта жабыркаган жарандардын канча сомго чыгым болгонун эсептеп, 200 миң сомго чейин ссуда берилчү. Бирок анын кемчилиги акча толук берилбей, аз-аздан берилип турганында. Берилген акча кайра өкмөткө 20 жылдан кийин кайтарылып алынчу. Ссуда аз-аздан берилгендиктен жарандарыбыз үйдү салгандын ордуна улам алганын улам коротуп коюп, үйдөн куру жалак калышчу. Анан аны кайтаруу учуру келгенде жарандар төлөй албай, акыр аягы сот аркылуу эсептешүүгө туура келчү. Негизинен бул жардам берүүчү механизм эле, бирок начар иштегендиктен акыр аягы жоюлуп кетти.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандырууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бурул Калматова бул маселе тууралуу суроолорго жооп берди.
ҮЙҮҢҮЗ ӨРТТӨНСӨ...
Өрт коопсуздугу маанилүү маселелердин бири. Маалыматтарга караганда, суткасына республика боюнча орточо 10-15 өрт кырсыгы катталат. Алардын көпчүлүгү турак жайдын күйүп жок болушуна алып келсе, кээде адам өмүрүн алган учурлар да болот.
– Өрт үй-бүлөнүн бойго жеткен мүчөсүнүн айынан чыккан болсо, анда үй камсыздандырылса да эч нерсе төлөнбөйт. Эгер электр жабдыктары, чагылган же жаш балдардын айынан келип чыкса, чыгым эсептелип чыгып, камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнүп берилет.
"ЗИЛЗАЛА 6 БАЛЛДАН АШСА ГАНА ТӨЛӨНӨТ"
Өлкөбүз сейсмикалык активдүү зонада жайгашкандыктан жер титирөөлөр да көп болуп турат. Эгер зилзаладан тамыңыз жабыр тартса кандай жардам берилиши мүмкүн?
– Эгер турак жай камсыздандырылып, жер титирөө 6 баллдан жогору болуп турак жай жабыркаса, төлөнүп берилет. Канча чыгаша болгонун жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эсептелип, камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнүп берилет.
"СЕЛ ҮЙҮБҮЗДҮ АЛЫП КЕТТИ"Табият кырсыктарынын бири катары селди айтсак болот. Анын зыянын көрүп, учурда 5 баласы менен 1 бөлмөлүү үйдө жашап жаткан Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун тургуну Рахат Алимбекова буларды билдирди:
– Мен Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылында жашайм. 33 жаштамын. Жолдошум экөөбүздүн 5 балабыз бар. Биз жашаган аймакта мурда ири сел жүрчү эмес. 2016-жылдын 6-августунда катуу жаандын айынан чоң сел жүрүп, 5 бөлмөлүү үйүбүздү жараксыз абалга жеткирген. Сел учурунда жолдошум балдарыбызды араң куткарып чыккан. Үйдөн, болгон буюмдарыбыздан айрылганбыз. Бардык нерсебизди жоготкон соң туугандардын үйүндө жашап жүрдүк. Облус жетекчисинен, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл башчы тарабынан жалпы 80-90 миң сомдой жардам алдык. Ушул сыяктуу жардамдарга кошо жаңы үй куруу үчүн топурак төгүп беришти. Ал жерге азыр бир бөлмөлүү үй куруп жашап жатабыз.
– Селдин чыгымдары өкмөттүн токтому менен кабыл алынган атайын иштелип чыккан ыкманын негизинде төлөнөт. Эгер сел жүрүү коркунучу бар деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2017-жылдын 1-январына карата каттоого алган болсо, алар үйүн камсыздандырбаса болот. Аларга өкмөт тарабынан жардам берилет.
"ӨКМӨТ ТАРАПТАН ЖАРДАМ БЕРИЛГЕН ЖОК"Үстүбүздөгү жылдын 26-январь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер көчкү бир нече үйдү басып калган. Андан жабыркагандардын бири Жыргалбек Касымбеков үй-бүлөсүнүн азыркы абалы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
– Сузак районунун Сары-Булак айылынан болом, 45 жаштамын. Саат 15:40тар чамасында көчкү жүрдү. Үйдө 2 жаш балам бар эле. Көчкү жүргөн учурда чоң уулум экөөнү куткарып, үйдөн алып чыкканга жетишиптир. Жеке өзүмдүн эле 2 үйүм, 1 унаам көчкү астында калды. Буга чейин ӨКМ тараптан жашоого мүмкүн эмес деген эскертүү берилген эмес. Үйүн көчкү басып калган 3-4 үй-бүлө учурда айылдагы мурунку токой чарба башкармалыгына караган үйдө баш калкалап жатабыз. Биз менен картайып калган апам да бар. Өкмөттөн жер бөлүп беребиз деген эле, бирок андан кабар жок. Үйүмдү камсыздандырган эмес элем, ошондуктан өкмөт тараптан эч кандай жардам берилген жок. Айыл өкмөт тараптан башында жардам берилген, азырынча токтоп турат. Биздин окуядан кийин айылдагылардын кээ бирлери үйлөрүн камсыздандыра башташты.
– Эгер жер көчкү болгон аймак атайын каттоодо турган болсо, камсыздандырылбаса да аларга өкмөт тарабынан ссуда каралган. Ал эми көчкү коркунучу жок болуп туруп кокустан зыянга учураса турак жай камсыздандырылбаган болсо, анда эч кандай каражат төлөнүп берилбейт. Камсыздандырылган болсо, чыгымдары камсыздандыруу уюму тараптан төлөнөт. Эгер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкү коркунучу бар аймактагы тургундарга көчүү боюнча чечим кабыл алган болсо, ал жерлер камсыздандырылбайт. Көчкөнгө чейин жер титирөөдөн кыйраса, өкмөт тарабынан ссуда берилет.
Бектур Токтоноев
koom@super.kg