Продюсер жана ди-джей Канат Кадыржанга айрым таланттар нааразы экенин айтышып, алдамчылык менен алектенген дешүүдө. Алардын бири Нурбек Токбаев бизге кайрылып, төмөнкүлөрдү айтып агынан жарылды:
– Өз алдынча ырдап, клип тарттырып жүрчүмүн, бирок элге көп таанылган эмесмин. Анан продюсер менен иштешүү керек экен деп Канат Кадыржанга баргам. Ал 2014-жылы Нурлан Насип менен келишими бүткөндөн кийин мени менен иштешип, Адильхан деген ысым менен чыгармай болгон. Иштешүү үчүн 3 миң доллар сураган. Андай сумма менде жок болгондуктан, "бөлүп берсең болот" дегенинен насыя алып, 30 миң сом берген элем. Андан тышкары 4 ядерлик ноутбукту насыяга алып берүүмдү айткан, бирок алып берген эмесмин. Акча бергенден кийин байланышсам, "мен сени тааныбайм, итим да тааныбайт" деп койду. Апам дагы телефон чалып "бирөөнүн акчасы сага байлык болуп бербейт" десе, "сиздин балаңызды тааныбайм" деп койгон. Кагаз түрүндө келишим түзүп албагандыктан эч кандай далилим жок болчу.
Эмнеге 3 жылдан кийин ишти козготуп жатам? Анткени анын үстүнөн менден башка арыз жазгандар бар экен. Мен дагы Свердлов РИИБине кайрылып, арыз жаздым. 13-февралда бетме-бет жолугушуп, сүйлөшүүлөр болду. Сурак учурунда Канат Кадыржан "30 миң сом алган эмесмин, 10 миң сом эле алгам" деп жатат. Эң негизгиси акча алганын моюнуна алды. Баарынан кызыгы, "акчасын кайтарып берейин десем өзү жоголуп кеткен" деп жатпайбы. Убагында мага колдоо көрсөтөм деп коюп 3 жыл чуркаткан. Негизги максатым акчада эмес, башкалар алдамчылыктын курмандыгы болбосун.Аталган окуя боюнча Канат Кадыржанга байланышып,төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Мага ошол жылы Нурбек Токбаев кайрылып, "мени таанымал ырчы кылып чыгарбайсызбы?" деген. "Сенин вокалың жок экен, угармандар вокалга карайт, бирок аракетиң бар. Азыркы учурда Нурлан Насип менен иштешип жатам, сен менен иштешкенге убактым аз, каражатым жок" деп айткам. "Бир нерсе кылыңыз" деп суранганынан, "ыр жаздырганга, клип тарттырганга кеткен чыгымдарды өзүң чыгарсаң жардам берейин. Бирок продюсериң боло албайм, менеджер катары эле иштейин" дедим. Нурбек мага "ушул акчага ыр жаздыралы" деп 30 миң сом берди. Анын имиджин, атын өзгөртүү керек деп бир нече ысымдарды сунуштасам, өзү Адильхан деген атты тандаган. Ал эми ноутбукту "өзүңдүн материалдарың сакталат, сеники болот" дедим.
2015-жылы орто жолдон байланышка чыкпай калды. Башка иштери болуп жатса керек, бир күнү байланышат деп күтүп жүрдүм. Ошол бойдон үстүмдөн алдамчылык жолу менен акча алган деп арыз жазыптыр. Мага келип акчасын сураса кайтарып бермекмин. Бул өзүнө пиар жасап жатат. Азыр териштирүү иштери соңуна чыгып, акча кайтарылып берилди. Бул иш боюнча эч кандай дооматтар жок.
Бул ишти тергеп жаткан Свердлов РИИБнин тергөөчүсүнө кайрылганыбызда ал:
"Аталган окуя боюнча арыз түшкөнү чын. "Алдамчылык" беренеси боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондуктан эч кандай маалымат бере албайбыз", -деп билдирди.
Эске салсак, эстрада жылдызына айланган Дайыр Исмадияров, Нурлан Насип, Данияр Эрматов жана Нооруз Алымбаев аттуу ырчылар Канат Кадыржандын колунан тапталып чыккан.