ЭРНЕСТ УМЕТАЛИЕВ ЖАНА ЧОЛПОНАЙ ДУБАЙДА ЗАМАНБАП ТОЙ ӨТКӨРҮШТҮ

Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы Чолпонай менен продюсер Эрнест Уметалиевдин маеги жарык көргөн эле. Анда жаш жубайлар заманбап тоюн Дубайда өткөрөрүн айтышкан. Өткөн аптада алардын кыялы ишке ашып, Дубайда үлпөт той өткөрүштү.

– Саламатсызбы, Чолпонай? Дубайда өткөн той тууралуу кыскача баяндап берсеңиз?
– Саламатсызбы? Биздин чакан заманбап тоюбуз 13-февралда Дубайда досторубуздун жана ошол жакта жашаган тууганыбыздын курчоосунда өттү. Эртеден кечке унааларга түшүп алып Дубай шаарын кыдырдык. Кечинде кемеге түшүп, жасалма пальма аралына саякат жасадык. Андан кийин ресторандардын биринде чакан тойду дасторкон үстүндө белгиледик.

– Тоюңуздарда өзгөчө белек тартуулагандар болсо керек?
– Тоюбуз тынч жана биз күткөндөй жакшы өттү. Эң биринчиден ата-энелерибизге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Катардагы салттуу, элге сиңип калган тойлордон айырмаланган той өткөрүүгө мүмкүнчүлүк беришти. Ушул өзгөчө белек болду. Анын үстүнө биз дагы андай нуктагы тойду каалаган эмеспиз. Ошол себептен көпкө чейин датасын аныктай албай жүрдүк. Биздин жакшылыгыбызга ортоктош болгон жакын досторубуз, туугандарыбыз белектен да куру калтырган жок. Бардык белектер өзгөчө болду. Эң кымбат белек – алардын колдоо көрсөткөнү.

– Үлпөт тоюңуздар кандай кызыктуу окуялар менен коштолду?
– Кызыктуу, эсте калган учурлар болбой койгон жок. Тууганыбыздын кызы "Ак шоола" балдар хорунда ырдачу. Жасалма пальма аралына баратканда кеменин кичинекей сахнасында бийлеген бийчилерди көрүп алып элдин алдына чыгып бийлеп кирди. Аны көргөн досторубуздун балдары да бийлеп, кемедеги башка жүргүнчүлөрдү таң калтырды. "Кыргыздар артисттер" экен деп калышса керек (күлүп). Ошентип көптөн күткөн тоюбузду өткөрүп алдык. Буюрса, борборго дагы 2 жумадан кийин кайтабыз. Азыр бал айын өткөрүп жатабыз.



star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
hello.kg
2017-02-22 19:11:25
Жеке турмушубуз жонундо берген акыркы маегибиз дештиле го. Дагы эмне берип жатышат.тоюбуз Дубай да отту деп мактангылары келгенго
+2
Pandora
2017-02-22 20:52:30
Бактылуу болгула!!! Тойдон видио же сурот чыгарып койбопсунарда эми ушунча болду,мечиттин ичиндн жоолуксуз суроттон коро.Тойуну элестеттим ак койнок кийип алып вр жерде фото сессия жасаган
0
Strawberry
2017-02-22 21:59:04
Бактылуу болунуздар
+1
kaktuc95
2017-02-22 23:52:44
Бактылуу болгула! Чолпонай эже аябай жагат мага. Жылдыздуу айым
0
odin-takoy
2017-02-23 13:34:20
Жонеле барып коруп келишет окшойт суунун бойунда бир сурот мечиттин ичинде бир сурот булардын заманбап тойунда башка биролор да барышканбы не болсода бактылуу болсун артистер
+1
Batma08
2017-02-24 04:16:44
Мм жакшы болуптургоо бактылуу болгула
0
bond02
2017-02-24 09:34:33
Акыркысы десек элдер дагы интервью бергиле деп суранышат дегени го.
0
Munarka
2017-02-25 09:08:13
Акыркы маегибиз деген эле дагы маек бериптирго бактылуу болгула ылайым
0
Alixan-Nookat.2015
2017-02-25 10:31:53
Ушул кыз жылдын супер ырчы айымы наамын алганда таң калгамын анын атаандаштары Айжамал Кабылова жана Сайкал Садыбакасова болгон ошолордон мыктыбы?
-1
nurik838383
2017-02-25 21:45:23
Кимдин баласы эле бул жигит
0
kayrat1985
2017-02-26 01:53:34
Кыргыстандан айрымасы жок ал жакта Чолпонай Эрнестге караганда жашы отуп калыптыр!!
-1
farhat84
2017-02-26 13:41:01
Акыркы интервьюбуз болот деген элего....
-1
Nazira91_5
2017-02-26 15:26:51
бактылуу болгула
0
hanisa
2017-02-26 15:40:20
Бактылуу болгула
Билбейм бирок Чолпонай мага жагат
+2
Gulzina1993
2017-03-09 19:36:09
Бактылуу болунуз.....
+1
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан