Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Дүйшөн Байдөбөтов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: "ДОСТУГУБУЗ СҮЙҮҮГӨ АЙЛАНГАН"

№747 24-февраль-2-март, 2017-ж.


Дүйшөн Байдөбөтов. Бул ысым кыргыз тасмасында пайда болгондон бери күйөрман кыздарынын жүрөгүнөн түнөк таап, түн уйкусун бузгандыгы талашсыз. Актёрду кызгангандын ордуна ага жөлөк болуп, ар бир ишине колдоо көрсөтүп, анын ийгиликке жетишине дем берген - сүйүктүү жубайы. Бүгүн биздин маек төрүбүздө атактуу актёр жана анын өмүрлүк жары Кенже айым болмокчу.

"ДЕПТЕРИМЕ СЫЯ ТӨГҮП ЖҮДӨТЧҮ"

Кенже Исманова:
– Өмүр бою бактылуу жашап, таалайлары ашып-ташып турган жубайлар арабызда барбы? Балким, чын эле бардыр. Бирок көпчүлүк түгөйлөр жөнөкөй кубаныч, кадимки көйгөй, кайгы менен өмүр кечирип, тымызын отуруп алып кол жеткис, өзгөчө турмушту самап келишет. Тагдыр мына азыркы учурда бакыт тартуулап жатканын сезгендер аз санда. Телегейи тегиз жашоодо жашап жатканын көбү сезишпейт, аны күнүмдүк көрүнүш катары кабыл алышат. А бирок чыныгы жашоо ушул да. Башыңдан көптөгөн сыноолорду кечиргенден кийин гана бакыт деген жөнөкөй болорун баамдап калат экенсиң. Болгону аны сезип, баалап алышың керек.
Мен сүйүктүү адамыма турмушка чыктым, болгондо да белгилүү адамга. Кубаныч менен бирге кыйын күндөрдү да башыбыздан кечирдик. Биздин арзуубуздун тарыхы мындайча башталган.
1965-жылы Бишкектеги №5-мек­­тепке 9-класс болгондо ко­торулсам Дүйшөн менен бир партага отургузуп койду. Көрсө, бул тентек бала экен. Бутумду булгап ачуума тийип, тапшырма жазып келген дептериме сыя төгүп жүдөтчү. Класс жетекчибизге даттансам Дүйшөндү урушуп, мени кыздар менен, аны балдар менен отургузуп экөөбүздү бөлүп койду. 10-класс болгондо гана жакындан таанышып, ынак достордон болуп кеттик.

Дүйшөн Байдөбөтов: – 10-классты бүтүп алып Казакстандагы агама кеткем. Мектептен тараган боюнча Кенжени көргөн жокмун. Бир жолу Бишкекке келип Өзүбек деген досума жолуксам, ал "Кенжени көрдүңбү? Ал Опера жана балет театрынын алдындагы студияда окуп, жатаканасында жашап жатыптыр" деди. Дароо эле"мени ошол жакка алып барчы" десем жеткирип барды. Экөөбүз бири-бирибизди сагыныптырбыз, аябай жакшы учураштык. Ошондон баштап күндө болбосо да, күн алыс жатаканасына бара бердим. Бара-бара сырдаш болуп кеттик, достугубуз сүйүүгө айланды. Чогуу жашаган курбулары менен таанышып, дос болуп алдым. Арасында Гүлайым деген көлөмдүү кыз бар эле, аны "бабушка-мамушка" деп койчумун. Алигиче ал мага "мамушка" бойдон калды.
Кенженин театралдык студияны тандаганы таң калтырды. Анын жакшы ырдаарын кайдан билейин? Деле үнүн укчу эмесмин. Жоош, эч кимге сүйлөбөгөн кыз болчу да. Дене тарбия сабагынан кыздар менен жарышып биринчи келчү, жакшы чуркачу. Көрсө, күлүктүгү эсимде калыптыр да, башкасы эсимде жок (күлүп). Экөөбүз айылга барып ээрчишип эле жүрчүбүз. Кенжени биздин айылдын эли "Дүйшөндүн кызы"деп жакшы көрүшчү.

"УУЛУМ ТӨРӨЛГӨНДӨ ДОСУМ 3-КАБАТТАН СЕКИРИП КЕТКЕН"

Кенже:
– Көп өтпөй Алай элдик театрына иштегени кетти. Кичинекей кезинен бери театрды самап келаткан адамга тоскоол болгон жокмун. Телеграфтан кагаз жөнөтүшүп, айына бир жолу телефон аркылуу сүйлөшүп турдук. Ал жакта 1 жыл иштегенден кийин Москвада театралдык окуу жай ачылганын угуп, сынактан өтөм деп келиптир. Толтура абитуриенттин арасынан 28 кыз-улан иргелип алынды. Арасында Дүйшөн да бар. "Окууга өттүм" деп сүйүнүп алган. "Мен сага үйлөнүп алып кетем, келгиче ала качып кетет" деп үйлөнүп алып, Москвага кетти. Күн алыс телефон менен сүйлөшүп жүрдүк. Жыл сайын каникулга келип, 2 ай жүрүп кайра кетет. 2-курста окуп жатканда тун уулубуз төрөлдү. 5-курста окуп жүргөндө атактуу кылган "Мен Тянь-Шань" тасмасына тартылды.

Дүйшөн: – Уулумду курсташ балдар менен аябай жуудук. Кызыганда баатыр болуп каласың да. "Дагы бир кыргыз төрөлдү" деп балдар кыйкырып-өкүрүп ызы-чуу болуп жатканда бир досум 3-кабаттан секирип кетсе болобу. Кудай жалгап бензовоздун тешигине түшүп кетип аман калган. Ал машина болбогондо аягы жаман бүтөт эле.

Кенже: – Улуу балабызды кайнежем багып алган. "Турмуштан ажырашып, балалуу болбой калдым, баланы мага берчи"деп сураганда мен жаш элем да, колу-бутум бошогонуна сүйүнүп берип койдум. Дүйшөн окуусун бүтүп келгиче 2-балабыз Даниярды төрөдүм. Азыр ал үй-бүлө күтүп, 5 балалуу болгон. Кичүү кызыбыз Жибек да белгилүү компаниялардын биринде иштейт.

"ЧЫНДАП СҮЙСӨҢ БААРЫНА ДАЯРСЫҢ"

Дүйшөн: – Москвадан окуумду бүтүп келгенден кийин Ошто драма театр ачылып, ошол жакка чакырылып көчүп кеттик. Спектаклдерде ойноп 100гө чукул образ жараттым. Көп учурда "Кыргызфильмге" жибербей коюшчу. Болбосо кинодо көп роль ойномокмун.
Кенже өнөктөштөрүмдөн кызганчу эмес. Бул байкуш тескерисинче, "ай, сен жакшы ойнобой жатасың, туура эмес сүйүп жатасың. Чын сүйүү мындай болбойт. Чындап сүйсөң баарына даяр болосуң, ал үчүн күйөсүң, кечиресиң" дечү. Анын сыңарындай өзү да кечирди.

Кенже: – Мен кызганып турсам кандай актёр болмок эле? Жүрөктүн түпкүрүндө кызгануу жашайт, бирок бул убактылуу экенин, тартылгандан кийин бүтөрүн искусстводо жүргөн адам катары чыгармачылыгын түшүнчүмүн. Гастролдоп кеткенде балдарымды астыма алып күн санап сагынып отурар элем. Казан-аяк кагышып, өйдө-ылдый учурлар болгон. Жаш кезде көр оокат деп чуркап жүрүп көп нерсеге көңүл бурбайсың. Улгайганда эгиз баладай болуп ээрчишип, бири-бириңди урматтап, сыйлап калат экенсиң.

"ЭЛ АРТИСТИ БОЛГОНУМДУ ЖУБАЙЫМДАН УККАМ"

Дүйшөн:
– 1998-жылы Алайда тасмага тартылып жүрүп үйгө келдим. Келсем буркурап эле ыйлап жатат. Аны көрүп айылда жамандык болгон го деп ойлодум. "Эмне болду?" десем, "сен Эл артисти болбодуңбу" деп ыйлап коёт. Мен мындан угуп оозум ачылып калды. Көрсө, эртең менен гезитке чыгыптыр. Ошондо Эл артисти болгонумду Кенжеден уккам. Ошонуңа рахмат, байбиче (күлүп). Жумушум менен таанымал болгондуктан элдин кызыкчылыгы үчүн өзүмдү арначумун. Ошондуктан жакшы кабыл алгандар көп болду. Кенже ошонун баарын туура түшүндү. Дайыма "сен элдикисиң, ошондуктан мен сени эл үчүн кечирдим" дечү. Бирок биздин режиссёрлор, чыгармачыл адамдардын көбү туура эмес түшүнгөнүнө капа болосуң. Калп искусствону колдоп турушат. Ошол мага катуу тиет.
Мен ооруп калганда колума кол, бутума бут болуп бардык "капризимди" көтөрүп жатканына ичим жылыйт. Жадакалса тиги жерде кашык турса "алып берчи кашыкты, эмнеге туура эмес турат?" деп эркелейм (күлүп). 50 жылдан бери мени жакшы көргөнүнө сүйүнөм. Кенжем, балдарымдын апасы, ишиме, адамдык касиетиме туура баа бергениңе мен сага эки дүйнөдө тең ыраазымын (ред. Бул сөздөрдү угуп Кенже эже көзүнө жаш алды).

Кенже: – Былтыр көптөн бери оору менен алышып келе жаткан тун уулубуздан ажырап, аза күтүп отуруп калдык. Мен кечке ыйлай берип мээмдин бир капталына доо кетип, унутчаак болуп калдым. Дүйшөн инсульт болуп ден соолугу начарлай түштү. Тагдыр экен, ага моюн сунуп кала бердик. Ал уулубуздун 1 кызы бар. Жалпысынан 6 небере, 1 чөбөрөнүн чоң ата-чоң апасыбыз. Ушуга Кудайга шүгүр!

"50 жыл жашап 2 уул, 1 кыздын ата-энеси, 6 небере, 1 чөбөрөнүн чоң ата-чоң энеси болдук".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Дүйшөн Байдөбөтов: "Эки дүйнөдө Кенжеме ыраазымын"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(9)
01.03.2017. 11:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
14-09-2018 23:23
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ии байкуш ооруп жургон экен да азыр барбы аза кутуп дейт го
01.03.2017. 23:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
350
Катталган:
06-03-2007
Соӊку аракети:
04-07-2018 02:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
gulnur.narmatova, толук окубай арасынан создорду эле окуйсунарбы?
01.03.2017. 17:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
31-10-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Таланттуу инсан, бар болушсун.
Super TV
02.03.2017. 01:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
19-10-2013
Соӊку аракети:
25-05-2018 03:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай улуу инсандар менен сыймыктанам, жубайыныз экоонуздорго Ден-соолук!!!
Медиа-портал
02.03.2017. 01:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
22-07-2016
Соӊку аракети:
15-09-2018 02:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Den sooluk sizge jana ui bulonuzgo. Kop jashanyz!
02.03.2017. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан-Москва
+4
Байбичениз менен чын ден-соолукта болуп,узак жашап,ар дайым бирге болунуз!"Акбаранын коз жашы" киносундагы аткарган ролунуз ар дайым коз алдымда!
05.03.2017. 00:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
26-09-2018 13:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+1
Уну озгочо актер. Тембри ото сонун чыгат. Бардык жагынан топ келишкен актер бар болунуз. Кудайым шыпаасын берсин. Ден соолук каалайм жубайынызга да
Медиа-портал
06.03.2017. 10:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
+1
Азыркы артисттердин дөө-шаасы, театр, кино өнөрүнө өлбөс-өчпөс из калтырган Дүйшөн Байкем, ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүңүз.
06.03.2017. 12:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 01:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуйшон байке сизди урматтайбыз,сыйлайбыз жана жаш кезинизде Ильяздын рольун эн мыкты аткаргансыз.
Коп жашаныз,чыг ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21232;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: