Учурда көпчүлүгүбүз смартфон колдонобуз. Аны менен бирге кээ бирибиз ар түрдүү себептерден улам жоготкон учурлар кездешет. Ошентсе да жоголгон телефонду табууга мүмкүн. Ал үчүн көпчүлүк биле бербеген, бирок керектүү программалар сизге жардамга келет.
ANDROIDAndroid платформасында иштеген смартфондор үчүн антивирустук программалардын алкагында түрдүү кошумча кызматтар каралган. Болгону сиз телефонуңузга антивирустук программаны жүктөп жатып анын "Уурулуктан коргонуу" (учурда дээрлик көпчүлүк программаларда кездешет) деген бөлүмүндөгү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурушуңуз керек. Анда сөзсүз түрдө төмөнкү тиркемелердин болушу шарт:
Бул кызматтарды колдонуп баштаардан мурун аны өзүнчө жандыруу зарыл. Ал үчүн сиз "Уурулуктан коргонуу" деген бөлүмгө кирип, ага электрондук дарегиңиз аркылуу катталасыз. Эми жогорудагы кызыктуу мүмкүнчүлүктөргө кененирээк токтолсок:
АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ БӨГӨТТӨӨ
Чөнтөкчүлөр уурдаган смартфондун SIM-картасын дароо чыгарып салышарын билебиз. Бирок ушул кызматтын жардамы менен телефонуңуздагы SIM-картаны алмаштыруу аракети көрүлсө, ал сыр сөзүн терүүнү талап кылат. Демек, башка SIM-карта салып смартфонуңузду иштетүү мүмкүн эмес. Бул телефондогу жеке маалыматтарыңызды да сактап калат.
КАМЕРА-КАПКАН
Антивирустук программаны смартфонуңузга жүктөп, аны ишке киргизген соң андагы эч ким байкабаган кызмат иштей баштайт. Мындан кийин телефонуңузду ачуу үчүн сиз орноткон сыр сөздү смартфонуңузду уурдап кеткен адамбы же кызыккандарбы, айтор, 3 ирет туура эмес терсе, аны камера байкатпастан сүрөткө тартып алат да, смартфонуңузга байланган сиздин электрондук дарегиңизге жөнөтөт. Дүйнө жүзүндө дал ушул кызматтын жардамы менен жоголгон уюлдук телефондорун тапкан адамдардын саны арбын.
АЛЫСКЫ АРАЛЫКТАН ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ ТЕЛЕФОНДУ БАШКАРУУ
Телефонуңузду жоготуп алган учурда башка смартфон же компьютер аркылуу антивирустук программанын расмий сайтына киресиз. Андагы телефонду картадан табуу кызматын таап, телефонуңузга жазылган электрондук дарегиңизди терип кирип, издөөнү баштайсыз. 4 мүнөт ичинде жоголгон смартфонуңуз кайсы шаарда, кайсы көчөдө экени картадан көрсөтүлөт. Бул учурда алыстан туруп телефонуңузду колдонуу мүмкүнчүлүгүнө чек коюп койсоңуз болот. Эгер аны кайтарып алууга көзүңүз жетпесе, жок дегенде ичиндеги сизге тиешелүү жеке маалыматтарды өчүрүп салуу мүмкүн.
АЙФОН
Айфондун колдонуучулары үчүн учурдагы мындай көйгөйлөрдү анын ойлоп табуучулары чечип коюшкан. Дегенибиз, "Apple" фирмасынын учурда колдонулуп жаткан смартфондорунун дээрлик бардыгында камера-капкан бар. Анан да айфонду жаңы сатып алган ар бир кардар аны ишке киргизүү үчүн телефондогу iCloud (айклауд) бөлүмүнө жеке маалыматтарды калтырышат. Айфон жоголгондо iCloud.com сайтына телефондо кайсы сыр сөз болсо, ошону терип, андагы "Айфонду табуу" кызматынын жардамы менен алыстан туруп смартфондорун башкара алчу мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.
WINDOWS PHONEАлгач смартфонуңуздагы алыстан башкаруу кызматын жандырып коюңуз. Андагы жөндөө бөлүмүнөн "Телефонду издөө" деген тиркемеге кирип, "Телефонго кызмат жана буйрутмаларды жиберүү максатында рush-кулактандырууларды колдонуу" сунушунун маңдайына галочка коюңуз.
ЖОГОЛГОН WINDOWS PHONE’ду ИЗДӨӨ
Жогорудагы эреже аткарылган болсо, смартфон жоголгондо дароо компьютер аркылуу windowsphone.com сайтын ачыңыз. Аталган сайтка биринчи жолу кирип жатсаңыз өзүңүз тууралуу маалымат калтырасыз. Кийинки кадамыңыз сайттын жогорку оң бурчунан "Менин телефонум" бөлүмүн таап, андагы "Телефонду издөө" тиркемесин басуу болмокчу. Жыйынтыгында картадан смартфонуңуз учурда кайсы жерде экендигин билдирген чекит пайда болушу керек.
ЖОГОЛГОН ТЕЛЕФОНГО ЧАЛУУ ЖЕ БӨГӨТТӨӨ
Смартфонуңуздун кайда экенин таппай жатсаңыз жогоруда айтылган сайтка кирип, кайра эле "Телефонду издөө" тиркемесиндеги "Чалуу" шилтемесин басыңыз. Саналуу секунддардан кийин телефонуңузга келген коңгуроонун үнүн угасыз.
Смартфонду жоготуп алган учурда аны бөгөттөп, ага билдирүү жазып жиберсеңиз болот. Ал үчүн "Телефонду издөө" тиркемесиндеги "Бөгөттөө" деген шилтемени басып, "Бөгөттөөдөн кийин телефонго чалуу" деген сунушту жандырып телефонуңузга билдирүү жазыңыз. Бөгөттөлгөн смартфонуңуздун коңгуроосу жаңырып, анын экранында сиз жазган билдирүү чыгып калат. Аны кайтарып алышыңызга көзүңүз жетпесе тиркемедеги "Өчүрүү" шилтемесин басып, смартфондогу маалыматтарды өчүрсөңүз болот.
Мындай мүмкүнчүлүктөрдүн артында бир гана шарт бар. Ал сиздин смартфонуңуз дайым интернетке кошулган болуусу керек. Болбосо бул артыкчылыктардын аракети жыйынтыксыз. Айта кетчү нерсе, бир нече кызматтар айрым антивирустук программалардын алкагында бар делгени менен, аларды сатып алуу зарыл.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg