
1-март күнү жол кырсыгына кабылып, ооруканага жеткирилген КТРКнын башкы директору
Илим Карыпбековго операция жасалып, ал өзүнө келди. Бирок көп кан жоготконуна байланыштуу кошумча кан керектиги жарыяланды.
Илим Карыпбеков 1-мартка караган түнү саат 3төр чамасында Range Rover үлгүсүндөгү унаасы менен кырсыкка учураган. "Тез жардам" кызматы аны ооруканага алып бара жатканда жүрөгү токтоп калып, жандандыруу аракети жасалган.
Бул кырсыктын келип чыгуусу боюнча интернетте түрдүү комментарийлер жазылууда.
Илим Карыпбеков айдап бара жаткан унаанын кырсыкка кабылган учуру тартылып калган видео да интернетке жүктөлгөн. Аны көргөн интернет колдонуучулар
Карыпбековдун өтө ылдам деле айдап бара жатпаганын айтышып,
"кырсык элди алаксытуу максатында уюштурулганбы?" деп суроо салгандар, атүгүл
"көпчүлүктүн наалатына калды эле" деп табалагандар да чыкты. Мындай пикир жазгандарды акыл-эске чакырып,
"кырсык каш-кабактын ортосунда, эч бир адам мындай кырсыктардан корголгон эмес, эртерээк айыгып кетсин" дегендер басымдуу болду. Версиялардын арасында
"кырсык Илим Карыпбековдун кызматына байланыштуу болду окшойт" деп окуяны
Медет Садыркуловдун окуясына салыштыргандар да аз эмес. Учурда кырсык себептери Бишкек ШИИББи тарабынан иликтенүүдө.