Статистикага таянсак, Жер шарындагы адамдардын 33 пайызы кумарга батуу учурунда ар кандай жаракаттарга кабылышат. Буга өнөктөштөрдүн өздөрүн көзөмөлдөй албагандыгы, туура эмес позаны тандашы, пирсинг, узун тырмактар себепчи болот. Жаракатка кабылганда эмне кылуу зарыл? Уролог-андролог Михаил Корякиндин кебине кулак төшөйлү.
1. КӨЗДҮН ЖАБЫРКАШЫКокусунан бел суу көзгө кирип кетсе ачыштырып, кызартышы мүмкүн. Эгер бел суунун хламидиоз оорусу менен жабыркаса, анда хламидиялык конъюнктивит оорусун чакырат.
•Эмне кылуу керек?
Офтальмологго кайрылыңыз.
2. ЖЫНЫС КЫНЫНЫН АЙРЫЛУУСУ
Буга сиздин даяр эместигиңиз, эркектин жыныс мүчөсүнүн өзгөчө чоң болушу, айрым учурда позанын туура эмес тандалышы себеп. Көбүнчө классикалык позада, тагыраагы, аял эки бутун эркектин ийинине асып алган учурда. Оорутуу, кан же кан аралаш суюктук агуу менен коштолот.
• Эмне кылуу керек?
"Тез жардам" чакырыңыз. Ал келгенче кан агууну токтотуу үчүн тампондорду колдонуңуз, ичиңиздин алды жагына муз басыңыз. Сөзсүз гинекологдун текшерүүсүнөн өтүү керек.
3. ЖЫНЫС КЫНЫНДАГЫ ЧЕЛ КАБЫКТЫН ЖАБЫРКАШЫ
Аял толук кандуу төшөк оюнуна даяр боло электе эркек өз ишин баштап жиберсе, жыныс кынынын ичи кургак болуп, чел кабыктын жабыркашы күтүлөт.
• Эмне кылуу керек?
Өнөктөшүңүзгө даяр боло электигиңизди ачык эле айтыңыз. Атайын майларды, гелдерди колдонуңуз. Кокусунан мындай жаракатка кабылсаңыз, анда 3-4 күн интимдик жашоодон алыстап, жараатыңызды айыктырыңыз. Айыкпаса гинекологго кайрылууга туура келет.
4. КЛИТОРДУН ЖАБЫРКАШЫ
Жаракаттын бул түрү кээде гана кездешкени менен, аябай жагымсыз. Кан уюу, кан агуу жана заара кылганда ачышуу менен коштолот. Катуу күүгө кирген эркек өзүн көзөмөлдөй албай, клиторду жабыркатышы мүмкүн. Өзгөчө өнөктөшүңүзгө тиштетип алуудан сак болуңуз. Анткени эмчектеги жана клитордогу жаракат кеч айыгат.
• Эмне кылуу керек?
Таза чүпүрөк коюп, ичтин төмөн жагына муз коюп, "Тез жардам" чакыруу керек.
5. ЖАТЫНДЫН БҮКТӨЛҮШҮ
Буга позаны дароо өзгөртүү жана эркектин жыныс мүчөсүнүн өтө чоң болушу себеп. Айым жатынындагы булчуң байламталары үзүлүп, ордунан козголуп, катуу оорутуу жана кан агуу жаралат. Айрымдар эс-учун жоготуп коюулары да мүмкүн. Жаракаттын бул түрү балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн азайтат, боюнда болгондо түйүлдүктүн түшүп калуусун шарттайт.
• Эмне кылуу керек?
Сөзсүз гинекологго кайрылуу зарыл.
1. "АЛИГИНИН" ЖАТПАЙ КАЛЫШЫ
Эркектер өтө катуу дүүлүккөндө "алигиси" туруп, катуу болуп калат. Кокус ошондой кезде жыныстык катнаш болбой калса, анда жыныстык органдарда чогулган кан тарабай, уюп калат. Мындай көрүнүштүн көп кайталанышы ооруга алып келет. Андыктан мастурбация жолу менен болсо да бел сууну түшүрүүгө аракет кылуу зарыл. Эгер чыңалып 2-3 күн жатпай калса, анда өмүргө коркунуч туулат.
• Эмне кылуу керек?
Тезинен урологго же сексопатологго кайрылуу кажет.
2. ЖЫНЫС МҮЧӨНҮН СЫНЫШЫ
Мырзалар мындай жаракатка көбүнчө айымдар үстүндө болгон позада кабылышат. Активдүү болуп чыга келген айым кумарга жетүү үчүн далбастап, олдоксон кыймылдан улам чыңалып турган мүчө жамбаш сөөгүнө катуу тийип, жаракатка кабылат. Жыныс мүчөдөн "кырс" деген үн чыгып, кан куюлуудан улам көгөрүп же карарып кетет. Мындай жаракатка кээде эркек өз кыймылын көзөмөлдөй албай калганда да кабылат.
• Эмне кылуу керек?
Уюган кан убакыттын өтүшү менен тарайт, бирок "аспабыңызды" сөзсүз тиктирүүгө туура келет. Андыктан урология, хирургия бөлүмүнө кайрылганыңыз туура болот.
3. ТАРАМЫШТЫН ҮЗҮЛҮШҮ
Жыныс мүчөнүн алдында аны кармап туруучу жүгөн сымал тарамыш (уздечка) бар. Айрымдардыкы узун, кээ бирөөлөрдүкү кыска болот. Бул жаракатка көбүнчө кыска тарамыштуулар кабылышат. Тарамыш жаракатка кабылганда анын ичинде жайгашкан артерия да үзүлүп, кан агат, эрекциянын бузулушуна алып келет.
• Эмне кылуу керек?
Жыныс мүчөнү стерилденген бинт менен таңып, ооруканага баруу зарыл.
4. КАНДЫН УЮШУ, ТЕРИНИН ТЫТЫЛУУСУ
Баарыбызга маалым болгондой, аялуу жерибиздин териси өтө назик жана жука. Төшөктө активдүү болгон айымдар кармалап жатып капысынан тытып алуулары мүмкүн.
• Эмне кылуу керек?
Өтө чоң эмес жараатты дарыгердин жардамысыз эле антисептик менен тазалап коюу жетиштүү. Эгер оору жаратса жана кан аралаш заара ушатсаңыз, дарыгерге кайрылыңыз.
5. ШАЙМАНДАРДАН ЖАПА ЧЕГҮҮ
Айрым мырзалар төшөк оюнунан толук канаат алуу үчүн ар кандай шакекчелерди, шайбаларды колдонуп, чыгара албай калышат. Мындай нерселер ырахат тартуулаганы менен, аны салып жатканда ар кандай инфекцияларды киргизип алууңуз мүмкүн.
• Эмне кылуу керек?
Узакка созбой хирургга кайрылып, алдыруу керек. Анткени ал кан айланууну бузуп, көп ооруларды чакырышы мүмкүн.
Мындан сырткары төшөк оюнунда өнөктөштөрдүн экөө тең денесин тыттырып, башынан жаракат алып, колу-буттарын кайрып, белин оорутуп, тарамыштарын чоюп, тердеген соң жел тургузуп алуулары да мүмкүн.
Астра Айдарова
erotika@super.kg