Кышкы Азия оюндары: КҮМҮШКӨ ТАТЫГАН ХОККЕЙЧИЛЕР26-февралда Япониянын Саппоро жана Обихиро шаарларында өткөн Кышкы Азия оюндары расмий түрдө жабылды.
VIII ирет уюштурулган мелдеште 11 спорт түрүнөн 64 комплект медаль ойнотулду. Кыргыз мамлекетинин атынан жалпы 33 спортчу катышып, алар хоккей, биатлон, муз үстүндө бийлөө жана лыжа тебүү спортторунан күчтөрүн сынашты. Азиада оюндарында хоккей боюнча мелдеште командаларды 3 дивизионго бөлүшкөн. Жогорку дивизиондо Азия континентинде мыкты делинген Казакстан, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу командалар болсо, калган өлкөлөр 1-2-дивизионго бөлүштүрүлгөн. Эске салсак, 2011-жылы Казакстанда өткөн Азиада оюндарында кыргыз хоккейчилери 2-дивизиондун жеңүүчүсү аталган эле. Жобо боюнча Кыргыз өлкөсү 1-дивизионго көтөрүлүшү керек болчу, бирок быйылкы оюндарда да кыргыз хоккейчилери 2-дивизиондо калды. Кыргыз өлкөсүнүн хоккейчилери өз тайпасында Кувейтти 5:0, Филиппинди 10:5 жана Катарды 7:2 эсебинде жеңип, финалга аттанды. 26-февралдагы финалдык оюнда Түркмөнстан менен кез келип, 7:3 эсебинде утулуп калышты. Жыйынтыгында кыргыз хоккейчилери күмүш медалдардын ээси болушту. Бул оюндар Муратбек Жакыповдун шакирттерине алдыга дагы өсүү керектигин, мыкты жана алсыз жактарын көрсөттү.
Ал эми лыжа жарыш, биатлон жана муз үстүндө бийлөө боюнча күч сынашкан спортчуларыбыздын эң алдыңкы көрсөткүчү тоо-лыжачы Евгений Тимофеевдин 8-оруну болду. Жалпы медалдар тизмесинде үй ээлери медалдар боюнча алдыга эч кимди салган жок. Япон спортчулары жалпы 74 медаль жеңип, алардын 27син алтын түздү. Бул оюндар Азия спортчулары үчүн "Пхенчхан-2018" Кышкы Олимпиадасына даярдык болду. Кийинки Кышкы Азия оюндары 2021-жылы Кытайда өтөт.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg