28-февраль күнү Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту "катуу сабалып, зордукталды" делген 2 жаштагы Ибрагимдин окуясы боюнча айыпталгандардын ишин карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, күнөөлүү деп табылгандардын бири өмүр бою, экинчиси 15 жылга эркинен ажыратылды.
ЭСКЕ САЛСАК...2015-жылы 10-январдан 11-январга караган түнү Бишкек шаарындагы
№3 балдар ооруканасына 2 жаштагы баланы оор жаракаттары менен эс-учун жоготкон абалда «тепкичтен кулап кетти» деп атасы алып келген. Текшерүүгө алган дарыгерлер баланын денесиндеги жаракаттардан улам катуу сабалып, атүгүл сексуалдык зомбулукка кабылган болушу да мүмкүн экендигин айтып, укук коргоо органдарына билдиришкен. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган.
Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын бир тууган агасы Жаныбек Түлебеков менен анын аялы Айзада Аккөзова кармалган. Бул экөөнүн ортосунда 5 бала бар. Андан соң Ибрагимдин атасы да камакка алынган. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Аламүдүн райондук соту 2015-жылдын 24-мартында 2 жылга жатак абакка кескен.
"ЭМИ БАЛАМДЫ ЭЧ КИМГЕ БЕРБЕЙМ"
Тергөөдө наристенин атасы дааватка кетип, уулун Аламүдүн районундагы Озерное айылында жашаган агасынын үйүнө убактылуу калтырып кеткени маалым болгон. Ошол убакта биз наристенин атасы менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берген:– Уулумдун ушул абалга кептелишине мен күнөөлүүмүн. Өзүмдү актагым келбейт, актанууга акым да жок. Аялым экөөбүз бири-бирибизди жакшы билбей эле баш кошуп алыптырбыз, никебиз көпкө узаган жок. Ажырашканыбызда анын 3 айлык боюнда бар экен. Уулум төрөлгөндө апасы аны 2 ай эмизип карап берди. Аялымдын мурунку турмушунан 3 баласы бар болчу. Уулумду өзүмө алып, экинчи жубайым экөөбүз карачубуз. Тагдыр экен, экинчиси менен да ажырашып кеттим. Курулушта иштегендиктен баламды жалгыз карап кыйналдым, анан агамдан жардам сурагам. Алар каршы болбой өткөн жылдын ноябрь айынан бери карап жатышкан.
Башында уулума күнүгө барып турчумун, бирок келип-кеткенде ал мени ээрчип ыйлап, куса болуп ооруй да баштаган. Анан агам «баланын жүрөгүн оорутуп көп келбей эле койчу. Андан көрө телефон аркылуу байланышып тур» деди. Ошондон кийин уулума кез-кезде эле барчу болуп калгам. Акыркы жолу аны бир жарым ай мурун көргөм. Телефон аркылуу акыбалын сурап турчумун. 10-январь күнү түнкү саат 11лер чамасында агам телефон чалып, "тезинен кел, балаң ооруп калды, денесин калтырак басып жатат" деди. Үйгө киргенимде уулумдун кебетесин көрүп жүрөгүм оозума тыгылды. Бети-башынын баары тытылып, канжалап, кырылдап араң дем алып жатыптыр. Сураштырсам «тепкичтен кулап кеткен» дешти. Шашкалактап ооруканага алып барайын деп кийинтип жатып анын денесиндеги жарааттарды көрүп нес болдум. Башы жарылганын да байкадым. Абалы аябай эле оор болчу. Уулумду ооруканага алып келдик. Мен үчүн учурда эң негизгиси – уулумдун сакайып кетиши. Ал менин жалгыз байлыгым, бакытым. Эми аны эч кимге бербейм, куса болуп мени күтүүсүнө да жол бербейм.
ИБРАГИМ АТАСЫНЫН КАРАМАГЫНДА
Наристенин мындай абалга келиши коомчулукта кызуу талкууга алынган. Анын тагдырына кайдигер карабаган көптөгөн мекендештерибиз наристеге кийим-кечек, оюнчук чогултуп, дарылануусуна акчалай жардам беришкен. Ал бир нече ай эсине келбей жатып, кийин өзүнө келген. Наристенин атасы уулун 2015-жылдын 1-майында ооруканадан чыгарып кеткен. Ибрагимди асыроого атасы жана өгөй энеси жоопкерчилик алышкан.
Бул иш боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 104 (ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү) жана 130-беренелери (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө аяктаганда сотко өткөрүп берген. 2017-жылдын 28-февралында бул ишти караган Аламүдүн райондук соту наристени кордогондорго карата өкүм чыгарды. Өкүмгө ылайык, Айзада Аккөзова күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн аялдар колониясында өтөмөкчү. Жаныбек Түлебеков болсо өмүр бою эркинен ажыратылып, жазасын өзгөчө режимдеги колонияда өтөй турган болду.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg