АЛЫСТЫ ЖАНА ЖАКЫНДЫ КӨРБӨЙ КАЛУУНУН БАШКЫ СЕБЕПКЕРИ – КӨЗДҮН КАБЫГЫНЫН ЖУКАРЫШЫБиздин көзүбүздүн чарасы (глазное яблоко) тоголок болот. Биз жакынды караганда көз чарабыз алдыны көздөй чоюлат. Алысты караганда ал кайра артка тартылып, көз чарасы өз формасына келет. Калыптагы көз ушинтип иштеп турат жана биз алыстагы же жакындагы эмнени болсо да карабайлы, анын элеси көз торчосунда дааналанат. Бирок кайсы бир себептерден улам көз чарасын тартып туруучу кабыкча (склера) начарлап, жукарып калганда көз чарасы кайра артка тартылбай, ордуна келбей калат. Мындайда адам алысты караганда заттардын элеси көз торчосунда эмес, анын алды жагында дааналанып баштайт. Бирок аягына чейин так дааналанбай, элес калкып турган сыяктуу (же тумандагандай) болуп калат. Бул алысты көрбөй калуучулук же миопия (близорукость).
Ал эми жакынды көрбөй калуу эмнеден болот? Мында заттардын элеси көз торчосунун артында дааналанып баштайт, бирок так дааналанбай калкып калган сымал болуп калат. Бул жакынды көрбөй калуучулук же гиперметропия (дальнозоркость).
АЛЫСТЫ КӨРБӨЙ КАЛУУ
СЕБЕПТЕРИ
НЕГИЗГИ ТҮРЛӨРҮ
ДАРАЖАЛАРЫ
КӨРҮҮНҮ КОРРЕКЦИЯЛОО
Склеротерапия. Көздүн жукарган чел кабыгынын үстүнө жасалма чел кабык жабыштырылат. Мындан көздүн кан тамырлары көбөйүп, көз кан жана керектүү азык-заттар менен жакшы жабдылып, көрүүнүн андан ары начарлашы токтойт.
Лазердик коррекция. Аппараттын арты менен көздүн сыртындагы тунук кабыкчанын бир катмары алып салынат. Жыйынтыгында жаңы катмар өсүп чыгып, көрүү жакшырат. Кээ бирлер көз айнексиз көрүп калат.
Дарылоо
ЖАКЫНДЫ КӨРБӨЙ КАЛУУ
КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ ТӨМӨНКҮЛӨР:
ДАРАЖАЛАРЫ
КӨРҮҮНҮ КОРРЕКЦИЯЛОО
Жакынды көрбөөчүлөр жакындан бир нерсени карап иштөөдө нервдерине күч келип, баштары ооруйт. Андыктан врачтын кеңешин күндөлүк жашоодо эске алып, пайдалануулары керек.
ДАРЫЛОО
Дарылоодо биологиялык активдүү кошулмалар, көздү машыктыруучу атайын көз айнектер, дары-дармектер, витаминдер жана башкалар колдонулат.
АЛЫСТЫ КӨРБӨЙ КАЛУУДА КӨРҮҮНҮ ОҢДОО ҮЧҮН КӨНҮГҮҮ
(Көнүгүүнү 1-күнү 3 ирет жасап, кийинки күндөн тартып санын көбөйтүп, акыры санын 7ге жеткирүү керек)
1. Солго, оңго тиктейбиз.
2. Көздү болушунча чоң ачып, жумабыз.
3. Өйдөгө, ылдыйга тиктейбиз.
4. Көздүн кыйыгы менен өйдөдөн төмөнгө, төмөндөн өйдөгө карайбыз.
5. Эки көзүбүздү оң, солго тегеретебиз.
6. Эки көздү мурун тушка алып келип, кайра калыпка келебиз (ар бир көнүгүү 2 сыйрадан жасалат).
ЖАКЫНДЫ КӨРБӨЙ КАЛУУДА КӨРҮҮНҮ ОҢДОО ҮЧҮН КӨНҮГҮҮ
(Көнүгүүнү 1-күнү 3 ирет жасап, кийинки күндөн тартып санын көбөйтүп, акыры санын 7ге жеткирүү керек)
1. Көздү бекем 2 секунд жумуп, кайра ачасыз.
2. Көздү ачар менен бат-бат 1 мүнөт ирмегилейсиз.
3. Өйдөнү, ылдыйды, оңду, солду карайбыз.
4. Көздү оңго, солго тегеретебиз.
5. Көздү жумуп 3 секунд турабыз.
6. Көздү ачып, көнүгүүлөрдү кайра баштайбыз.
КӨРҮҮНҮН БУЗУЛУШУНУН АЛДЫН АЛУУ
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg