ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (6-марттан 12-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жашоого жаңы нерселерди киргизүүгө ылайыктуу апта. Чыгармачылыкта, жеке жашоодо ийгиликтер коштойт. Жумуш ордунан көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү мурдагыдай эле жогору.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул жумада сүйлөшүүлөр, сапарлар, жолугушуулар сизге мыкты маанай тартуулайт. Апта соңунда үй-бүлөлүк маселелер алдыга чыгып, балдарга, туугандарга көңүл бөлөсүз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада чыгашаңыз көп болот. Билимиңизди тереңдетүүгө, тил үйрөнүүгө, тажрыйба алмашууга ылайыктуу апта, пайдаланып калыңыз. Ишембиде самаган буюмуңуз колуңузга тиет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада сабырдуу болуп, пикир келишпестикке жол бербеңиз. Шаршембиде акча тартыштыгы жаралып, карыз алууга мажбур болосуз. Апта аягында конок күтүүгө туура келет.


АРСТАН (23.07-23.08)
Сулуулук салондоруна баш багып, келбетиңизге кам көрүү үчүн шарт түзүлөт. Шаршембиде урмат-сыйга татыйсыз. Ишембиде жаңы иш баштоого сунуш түшүшү мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жаралган маселени өзүм чечем деп далбастабай, жакындарыңызды жардамга чакырыңыз.Ишембиде кумар оюндарынан алыс болуңуз, чыгаша болуу коркунучу бар.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада күнүмдүк түйшүк менен убара болбой, ден соолукка кам көрүңүз. Жылдыздар ооруп калуу мүмкүн экенин эскертишет. Жакындарыңыздан жардам суроого мажбур болосуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада бирөөлөрдүн жашоосуна кийлигишпеңиз, аброюңузга доо кетет. Жума күнү орун алган окуядан улам жашоодогу баалуулуктарга болгон көз карашыңыз өзгөрөт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта башында пландарыңыз менен алпурушасыз. Аракеттенсеңиз ийгилик жылмаят. Апта соңунда коомдук транспортто жүрүүдө абайлаңыз, буюм уурдатуу коркунучу бар.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аң-сезимиңизди өстүрүүгө ылайыктуу апта. Тобокелчиликке барасыз, жыйынтыгы сиз күткөндөн да жакшы болот. Апта аягында акча жаатында маселе жаралышы ыктымал.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада мүмкүнчүлүгүңүзгө карап иш пландабасаңыз, энергияңыз, убактыңыз текке кетип, маанайыңыз түшөт. Дем алышта тааныштардын кайсы бир иштерин бүтүрүп берип, сыйга татыйсыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Уят болбоюн десеңиз бирөөнү алдап пайда табууга аракет кылбаңыз. Чындык бат эле чыга келет. Апта соңунда имиджди өзгөртүп, гардеробду жаңыртасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан