КАРЛИК, ЖАРЫМ КАРЛИК БАК ТИГИП БАЙЫҢЫЗ

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бат тү­шүм берүүчү жапыз бойлуу жемиш бактарына кызыгуу артууда. Ушул тапта өлкөнүн түштүк жергесинен да, түндүк аймагынан да мындай жемиш бактарын кездештирүүгө болот. "Green Life Dan" компаниясынын жетекчиси Даныяр Эркинбаев жапыз бойлуу жемиш бактардын артыкчылыктары, аларга кандай кам көрүү тууралуу кенен айтып берди.

– Даныяр мырза, cиздердин компания Европа өлкөлөрүнөн, Сербиядан жапыз бойлуу бактардын көчөттөрүн алып келип, кыргыз багбандарын камсыздап жатыптыр. Буга эмне түрткү болду?
– Негизинен Кыргызстанда өстүрүлгөн мөмө-жемиштер өзгөчө баалуулуктары, көрүнүшү, сапаты жана даамы аркылуу таанылган. Акыркы жылдары сорттордун эскирүүсү жана технологиянын начарлашынан улам сапаттарын жоготуп жаткансыйт. Ошондуктан кыргыз продукциясынын дүйнөлүк рыноктон өз ордун табуу үчүн жаңы сортторду өстүрүп, заманбап технологияларды колдонуу керек.

– Европада өскөн мөмө бактары бул жакка келгенде сапатын өзгөртүшү мүмкүнбү?
– Ооба, өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, өлкөбүздө кеңири өстүрүлгөн алманын "превосходный" сорту 1960-жылдары Америкадан алып келинип өстүрүлө баштаган. Чыгарылганда ар бир сорттун өзүнө ылайык мүнөздөмөлөрү болот: канттуулугу, даамы жана мөмөнүн формасы. Аталган сорттун ушул көрсөткүчтөрү өлкөбүздүн климаты, күндүн тийиши, суу жана топурактын өзгөчөлүгү менен жакшы жакка өзгөрүп кеткен.

– Мөмө бактарынан сырткары дагы эмнелерди алып келип жатасыздар?
Алмурут, кокон гилас, бий алма, алча, өрүк, шабдалы, грек жаңгагы, бадам, кара өрүк, жүзүм, алманын бир нече сорттору, декоративдүү бадалдардын, роза гүлдөрүнүн түрлөрү бар. Мындан сырткары мол түшүм берген, мөмөсү чоң болгон кара карагат, кызыл карагаттын жана малинанын "полька", "поляна" сорттору бар. Малинанын бул эки сорту кар жааганга чейин мөмө берет. Орто эсеп менен бир түбүнөн 5 килограммга чейин түшүм алууга болот. Көчөттөрдүн баары атайын температурадагы муздаткычта сакталууда.

– Көчөттөрдү кайдан алууга болот?
– Көчөттөр өлкөнүн бардык багбандарына жетүүсүн эске алып, кеңсебизди Бишкекке жана түштүк жергесине, Ошко, ачтык, www.green-life.kg cайтыбыз иштеп жатат. Көрсөтүлгөн телефондор аркылуу байланышса, толук түшүндүрүп беребиз. Мындан сырткары 2 жыл багбандарга кам көрүү боюнча кеңештерди берип турабыз.

КАРЛИК БАГЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

  • Жер аянттарын үнөмдөйт жана мол түшүм берет. Орточо эсеп менен 1 гектардан 50-70 тонна алма түшүм алууга болот.
  • Көчөт отургузгандан кийин 2-3 жылда түшүм бере баштайт. Бирдей өлчөмдөгү, бирдей түстөгү жана даамдуу мөмөлөрдү алууга болот.
  • Орточо 10 күн эрте гүлдөйт жана бышат.
  • Суу жетишпеген мезгилдерде, бийик өскөн бактарга салыштырмалуу сууну үнөмдүү пайдалануусу илимий жактан тастыкталган.
  • Бак жапыз болгондуктан бутоо, дарылоо жана түшүмүн жыйноо жеңил.
  • Бирдей аянттагы карлик жана бийик өскөн бактын жалбырактарынын ээлеген аянттарын салыштырганда, карлик багыныкы 0,5 жана 1 эсеге көп аянтты ээлейт. Бул абага кычкылтекти бөлүп чыгаруусу да көп дегенди түшүндүрөт.

ЭМНЕ ҮЧҮН КАРЛИК?

Мөмөлүү дарактардын бою кыска, карлик болуп өстүрүлүшү – бул карлик тамырларынын өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу. Алма дарагынын бутагын же бүчүрүн тамырга улоо менен мөмө берүүчү көчөт пайда болот. Ар бир топтогу тамырлар өсүү күчүнө карата топторго бөлүнүшөт.



Тамырлардын биологиялык өзгөчөлүктөрү жана сарпталган азык-заттын бөлүнүшүнөн бийик өсүүчү жана начар өсүүчү дарактар келип чыгат. Бийик өсүүчү дарактар азык-заттын 60-70 пайызын өсүү үчүн, ал эми 30-40 пайызын мөмө пайда кылууга жумшайт. Карлик алмаларда бул катнаш тескерисинче, 30 пайыз өсүүгө, 70 пайыз мөмөгө жумшайт. Ушул өзгөчөлүгүнөн бою өспөйт, тез түшүмгө кирет жана 25-30 жыл жашайт.

АЯНТКА АР ТҮРДҮҮ ОТУРГУЗУУ СХЕМАСЫНА КАРАТА ДАРАКТАРДЫН САНЫ




Дареги: Бишкек шаары, Садырбаев (Баха) көчөсү 149
Байланыш телефондору: 0772 351 323, 0 777 72 79 17, 0 550 07 84 27
Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча Ош шаары, ХБК кичи району: 0553 090 630, 0778 420 744, 0773 881 280, 0553 18 60 90

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sveta23
2017-03-08 22:16:35
алып эгебиз буйруса
+2
jigit.paren
2017-03-12 10:42:25
Малинадан алып эгиш керек экен
+1
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан