– Саламатсызбы, Гүлзада айым? Чыгармачылыгыңыздагы акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз.
– Жылдын башында "Айкөл Манас" деген клибимдин бет ачарын кылдым. Бул эмгегиме аябай көп даярдандым эле. Жыйынтыгында ийгиликтүү болду.
– Сизди "ар бир чыгарманын үстүнөн толгонуп иштейт, атүгүл транска кирип, өзүнүн гана дүйнөсүндө жашап калат" дешет. Эргүү кандай учурда келет?
– Ооба, ошондой учурлар болот. Чыгармачыл адамдар аябай көп чөйрөдө болобуз, ар кандай кырдаалдарга тушугуп, ар кандай элдин катмары менен катнашта жүрөбүз. Айлана-чөйрөдөгү болуп жаткан нерселер, жан дүйнөмдөгү толгонуулар биригип өзгөчө чыгармачылык абалды пайда кылат. Кээде өзүмдүн дүйнөмө сүңгүп, бир образга кирип алып ырдап, жанымдагыларды байкабай калам. Алар менин ырдаганымды аябай угуп жатышкан болот (күлүп). Жаңы чыга баштаганда маршруттук таксилерде баратып кыялданып ырдап кирчү экем. Жанымдагылар таң калып мени карап калышса да сезчү эмесмин. Бир маалда чочуп кетип башкаларды карасам, баары мени карап турган болот. Анан "аябай жакшы ырдайт экенсиң" деп айтышчу.
– Аян аркылуу да кайрыктар келеби?
– "Толгонуу" деген чыгармам аян аркылуу жаралган. Түн бир оокумда уйкумдан чочуп ойгонсом, сырдуу бир кайрыктарды жан дүйнөмдө кайталап жатыптырмын. Кайрыктар көпкө чейин кайталана берди. Анан бир маалда сөздөрү келе баштаганынан тура калып калем, кагазды алып 5 куплет ырды токтоосуз жазып салдым. Эртеси карасам оңдой турган жери жок экен. Ошол учурда космос менен байланыш болсо керек да, ошентип чыгарма жаралган.
– Табият менен сырдашып, мазарларга барып турасызбы?
– Сырдашам. Мисалы, чымчыктардын сайраганы өзүнчө эле музыка. Ата-бабаларыбыз чымчыктын сайраганынан, суунун шаркыраган добушунан, шамалдын күүсүнөн, жамгырдын үнүнөн алып чыгармаларды жаратса керек. Бир жолу Япониядан коноктор келип калды. Аларды кызыктуу болсун деп Алайдын бир жайлоосуна алып бардык. Жамгыр токтобой нөшөрлөп жаап, чатырдан тамчылаганынан дагара коюп койдук. "Кечирип койгула, ушундай болуп калды" десек, алар "ой, бул өзүнчө эле симфония, табияттын үнүн уккан мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле келе бербейт" деп аябай жыргашты.
Кээде Кудайдын нуру түшкөн жерлерге барып жакшы тилектерди тиленем, жан дүйнөмдү сергитем. Кыргыздын ар бир баскан жери ыйык. Мисалы, Сулайман тоого барганда жүрөгүң тазаланып, жеңилдеп каласың.
– Алай демекчи, ал жакта сиздин руханий окутуучуңуз бар экенин уккам...
– Ооба, кеп-кеңешин айтып турат. Жакындарымдан угуп барып, таанышып калгам. Айылда эле жашайт, эл алдына чыгып көрүнүп, көкүрөк чапкылаганды жаман көрөт. Руханий кеңешчиң болсо бул жакшы. Ал мага кыргыздар тууралуу көп маалыматтарды айтып берди, жан дүйнөмдү ачты. Балким, мен өзүмдүн элимдин баалуулугун, улуулугун билбей, тааныбай өтүп кетишим мүмкүн эле. Ошондуктан улуу инсандарыбыздын таасири биздин жашообузда зор экен.
Элибиздин баалуулугун ырларым аркылуу элге жеткирейин дейм. Бирок жандуу байланыш жакшы окшойт. Ошондуктан алдыда кыдырып концерт берип, концерттен соң жаштардын суроолоруна жооп берип, баарлашкым келип жүрөт.
– Кыргыз баалуулуктарын сактап калсак болобу?
– Кыргыз дүйнөсү бул өзүнчө, бир сөз менен айтканда, адамга адамча жашоону үйрөткөн дүйнө. Тилекке каршы, элибиздин баалуулуктарынын сыры ачылбай келет. Биз азыр заманбап жашоодо жашап жатабыз. Албетте, жаңы технологияларды кабыл алышыбыз керек, бирок ошол эле убакта дөө-шаа өлкөлөрдүн алдында жоголуп кетпеш үчүн өзөгүбүздү кармана жүрүшүбүз зарыл. Албетте, дайыма боз үйдө жашабайбыз, дайыма улуттук кийимдерди кийип жүрө албайбыз. Ошентсе да алар тууралуу биле жүрсөк, биз күчтүү эл болмокпуз.
– Кыргыз каада-салтын жеригендерге кандай карайсыз?
– Биздин динди тутунган Түркияга барып жүрөм. Алар өздөрүнүн каада-салтын, үрп-адатын жакшынакай эле сактап жүрүшөт, улуттук баалуулуктарын сүйүшөт. Менин оюмча, бизге классикалык дин керек. Эгерде адам өзүн жакшы жолго сала албай жүрсө намазга жыгылып, руханий жолго түшсө эмнеси жаман? Эң коркунучтуусу, бизге кандай дин келип жатканын билбейбиз, себеби азыр диндин агымдары көбөйүүдө. Алар дин жолундагы багыттарды гана таңуулап, элибиздин баалуулуктарын тебелеп, жокко чыгарып салгандары өтө коркунуч туудурат.
– Чыгармачылыкка аз эмес каражат сарпталат. Бул жаатта демөөрчүлөрүңүз барбы?
– Чыгармачылыкка жаңы аралашканда демөөрчү таап, анан сахнага чыкса болот деп ойлогом. Бирок сени эч ким тааныбаса демөөрчү табылбайт экен. Керек болсо жакын туугандарың деле сенин талантыңа ишенбейт. Элге таанылгандан кийин өнөрүңдү баалаган инсандар чыгат экен. Ошондой жүрөгүндө патриоттук дух жашаган эр-азаматтар, досторум көп жардам беришти. Анан албетте, жолдошум дайыма менин жанымда. Буга чейин өзүнүн башка жумуштары бар эле, анын баарын таштап, менин чыгармачылыгым үчүн Бишкекке келип, колдоп жанымда жүрөт. Ошондуктан ага ыраазымын. Үйлөнөрдө эле мен Ошко бара албайм дегем. Себеби чыгармачылыгыма борбор ыңгайлуу.
– Мамлекеттик иш-чараларда көп ырдайсыз. Каражатты ал жактан табасызбы же тойлордонбу?
– Чынын айтсам, мамлекеттик иш-чараларда тойлордогудай төлөп беришпейт. Дайыма эле "бюджетте акча аз, колдоп койгула" деп суранышканынан көпчүлүгүндө бекер ырдап жүрөбүз. Ушул өлкөнүн атуулу болгондон кийин дайыма эле акча дебестен, бекер ырдап колдоп коюшубуз керек. Анан элибизге рахмат, жакшылыктарына үзбөй чакырып турушат.
– Турмушка чыккандан кийин жашооңузда эле эмес, жан дүйнөңүздө да өзгөрүүлөр болсо керек?
– Жашоомдо чоң өзгөрүүлөр, жакшы жаңылыктар болду. 3 уулдун энеси болуп, мурдагыга караганда жан дүйнөм тынчтанып калды. Анткени жанымда дайыма жолдошум бар, ал мага кеңешин берип турат. Балдарым каткырганда жан дүйнөм жаркып кетет. Кичүү уулдарымдын бирөөсү араң "апа" дегенге, бирөөсү жылмайганга эле жарайт. Ошентип мени кубантып жатышат. Аларды көрүп өзүңдү унутуп каласың. Жолдошум "бала деген ушундай экен, жүрөгүң жарылып кетейин дейт. Эгерде ушул сезимди төбөлдөргө берсе, ал сезим элге арналса..." деп калат. Сонун болот эле да, туурабы? Анда биздин жашообуз тез эле оңолуп кетсе керек.
Кыздуу болсом сонун болот эле. Жок дегенде өзүм үчүн сырдашканга кыздуу болгум келет. Кыз деген жароокер, боорукер, күйүмдүү болот. Кудай берсе, келечекте 3 кыздуу болгум келет.
– Бир кезде "Акылым жок" деп ырдап чыгып, аны сындагандар көп болду окшойт...
– Биз жашообузду ансыз да ар тарабынан чектей берет эмеспизби. Сындагандар көп болду. Жаңы чыкканда сындарды жүрөгүм менен кабыл алчумун. Азыр акыл менен кабыл алып, өзүмчө талдайм. Өзүмө бул ыр аябай жагат. Бул ырды концертимде жандуу аспаптардын коштоосунда ырдаганда башкача эйфория абалында болуп, өзүмдүн денеме канат бүтүп учуп кеткендей болдум. Аялдын табиятындагы назиктиги, эркелиги, кыялкечтиги, сезимталдыгы, мээримдүүлүгү, бардык сезимдер айкалышып кеткендей сезилет. Бул чыгарманын философиялык терең мааниси бар. Көбү эле "Гүлзаданын акылы жок экен" деп түшүнүшү мүмкүн. Мейли акылы жок деп ойлошсо (күлүп).
– Сүйүү тууралуу ырларыңыз жок...
– Сүйүүнү адамдар өзүбүз жаратабыз. Аны албууттантып, өзүңдү жоготуп өркүндөтүп жиберсең же жок кылып жиберсең болот. Таза сүйүү, менин оюмча, тынчтыкты жактырат. Мен аябай улуу сүйүү тууралуу ыр жазгым келип жүрөт, бирок кантип жаратарымды билбейм.
– Кыргыз кайрыктарын чет өлкөлүктөргө таанытуу үчүн эл аралык сынактарга катышуу оюңузда барбы?
– Мен өлкөбүздө өткөн 2-3 сынакка катышып, көпчүлүгү ийгиликсиз болуп көңүлүм калган. Калыстык жок деп айтайын десең, улуу адамдар отурса аларды сындагың келбейт. Жүрөгүм ооруп кайгырган учурлар болгон, бирок мүңкүрөп калган жокмун. Ошондогу жеңишке жеткен ырчылардын кээ бири азыр көрүнбөй деле кетишти. Элге тааныла электе гана Жеңижок атабыздын урматына уюштурулган сынакта баш байгени утуп жакшы сезимдерге чулгангам.
Асхат Субанбеков
Алишер Алиев
star@super.kg